Мазмунга өтүү

Казарман

Википедия — ачык энциклопедия
Айыл
Казарман
Казарман (2018)
ӨлкөКыргызстан
ОблусЖалал-Абад облусу
РайонТогуз-Торо району
Айыл аймагыКаргалык
Координаттар41°24′ с. ш. 74°03′ в. д.HGЯO
Тарыхы жана Географиясы
Убакыт аралыгыUTC+6
Калкы
Калкы9 486 адам (2009)
Сандык идентификаторлор
Казарман (Кыргызстан)

КазарманКыргызстандын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы айыл, райондун административдик борбору. Нарын дарыясынын боюнда, деңиз деңгээлинен 1260 м бийикте жайгашкан.

Манас шаарынан - 145 км. Багыш темир жол бекетинен - 106 км. 1916-жылга чейин Ак-Чий, Коён-Токой деп аталган. Калкы 9,1 миң (2009).

Төрт орто мектеп, китепкана, кесиптик-техникалык окуу жайы, искусство мектеби, өспүрүмдөр үйү, кинотеатр, маданият үйү, оорукана, парк, базар, сауна бар. Асфальт-бетон, бетон даярдоочу, нан, сүт заводдору, механикалаштырылган көчмө колонна, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.

Кышкысын кар калың убактарда коңшу аймактардан дээрлик кесилип турат.

Саймалуу-Таштын петроглифтерине, б.а. базальтту чоң таш кесектерде чегилген аска сүрөттөр эң көп үйүлгөн жерге, экспедиция үчүн зыярат кылынуучу жер[1][2].

Кыштакта 20-кылымдын башында орус падышалыгынын 60тай аскери жайгашып, алар өздөрү турган жерди «Казарма» деп аташкан. Кийинчерээк жергиликтүү калк ал жерди Казарман деп атап калган.

Калкы — 9 486 киши.[3]

Инфраструктура

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2025-жылдын 6-июнунда Пекинде Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча келишимге расмий түрдө кол коюлду. Долбоор боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылга созулду. Кытайдан башталып, Европага багытталган темир жол Борбордук Азия өлкөлөрүн аралап өтөт. Кыргызстандагы бул жол Торугарт-Кош-Дөбө-Казарман-Жалал-Абад каттамы боюнча өтөт деп пландаштырылууда.[4]

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]