Атай (Тогуз-Торо району)
Көрүнүш
Отурукташкан жай
Атай
|
Атай (кыштак) – Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районундагы кыштак. Атай айыл өкмөтүнө караштуу Карл Маркс айылы бар. Атай суусунун жээгинде, деңиз деңгээлинен 1358 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыштагынан 25 км түштүк-батыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 435 км. 1909-ж. отурукташкан. Айылдын аталышы «Курманбек» эпосундагы Атай аттуу кейипкердин эрдиги, анын сөөгүнүн ошол жерде коюлушуна байланыштуу.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Калкы - 1 640 киши.[1], негизинен мал ж-а аары чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар. Азыркы учурда 2016-2021-жж Атай айыл аймагын Бакдөөлөт Бобукеев башкарып келет. Айылда 2 орто билим берүүчү мектеп бар. Саймалуу-Таш жана Барктабас мектептери. Калып:Kyrgyzstan-stub
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1
Атай айыл айыл аймагы | Атай • Карл Маркс | |
---|---|---|
Көк-Ирим айыл аймагы | Арал • Бирдик | |
Каргалык айыл аймагы | Казарман • Кызыл-Жылдыз • Макмал • Чет-Булак | |
Сары-Булуң айыл аймагы | Кара-Суу • Табылгыты | |
Тогуз-Торо айыл аймагы | Дөдөмөл • Кош-Булак • Ленин • Өрнөк |