Харбин

Википедия дан

Харбин - Кытайдын түндүк-чыгышындагы шаар.

Хэйлунцзян провинциясынын адм. борбору. Сунгари дарыянын боюндагы порточо Калкы 3,4 млн (2010; агломерациясы менен 5 млн). Ири жол тоому жана темир жол түйүнү. Аэропорту бар. Метрополитен курулууда. Түндүк-Чыгыш Кытайдын негизги соода, өнөр жай, илимий жана маданий борбору. Жогорку технология боюнча илимий-изилдөө иштери жүргүзүлүп турат. Машина куруу (электр энергетика жабдуулары, вертолёт, жеңил самолёт, автомобиль, электроника ж. б.), металлургия, химиялык, нефтьхимиялык, жыгаччылык, текстиль (негизинен кендир кездемелер токулат), тамак-аш ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. ЖОЖдор (Харбин политехникалык университети ж. б.), музейлер (Илимий-техникалык, Хэйлунцзян), театрлар (а. и. опера, драма), эс алуу парктары ж. б. бар. Кытайдагы саркеч кийимдеринин башкы борбору. 1898-ж. Россия – Чыгыш Кытай т. ж-нун курулушуна байланыштуу салынган. Темир жолдун карамагындагы жол бойлогон тилке жерде жарандык башкармалык жана сакчылар штабы жайгашкан. Улуу Октябрь революциясынан кийин орус эмигранттарынын борборлорунун бири болгон. 1932-45-ж. япондор басып алган. Харбинди Кызыл Армия 1945-ж. августта бошотуп, Кытайга кайтарган. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4