Лос-Анжелес

Отурукташкан жай
Лос Анджелес
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө АКШ
Статус Шаар
Штат Калифорния
Облус Лос Анджелес
Координаттар 34°02′ с. ш. 118°16′ з. д.HGЯO
Мэр Антонио Виллараигоса
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 1781
Аянты 1301,97[1] км²
Убакыт аралыгы UTC-8, жайында UTC-7
Калкы
Калкы 3 792 621[2] адам (2010)
Жыштыгы 2913,0 адам/км²
Агломерация 17 775 322
Сандык идентификаторлор
Телефон коду 213, 310, 323, 424, 661, 818
Почта индекстери 90001–90068, 90070–90084, 90086–90089,
90091, 90093–90097, 90099, 90101–90103,
90174, 90185, 90189
Расмий сайты http://www.lacity.org/  (англ.)
Лос-Анжелес (АКШ)
Лос-Анжелес.

Лос-Анжелес шаарыАКШнын түштүгүндөгү ири порт шаар (жылына 25 млн т жүк ташылат). Тынч океандын жээгинде жайгашкан. Калифорния штатында. Калкы 3,9 млн (2010; Чоң Анжелестики шаар айланасы менен 13 млн). Шаар түндүктөн түштүктү карай 80 кмге созулуп жатат. Эл аралык аэропорту бар. АКШнын батышындагы башкы экономикалык борбор. Авиа-космос, радиоэлектроника, машина куруу, аскер, химия, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Шаардын аймагынан нефть казылып алынат. Кино өнөр жайынын жана видео бизнестин (Голливуд) башкы жана илимий-изилдөөнүн ири борбору. Үч университет (анын ичинде Түштүк Калифорния), музейлер (анын ичинде Лос-Анжелес графтыгынын табигый тарыхы жана искусствосу жана башка) бар. Шаарды суу менен камсыз кылуу үчүн Оуэн көлүнөн жана Колорадо дарыясынан суу алынат. Лос-Анжелесте X, XXIII олимпиа оюндары (1932, 1984) өткөрүлгөн. Шаардын четинде деңиздик климаттык курорт жайгашкан. 1781-ж. испандар тарабынан негизделген. 1848-ж. чейин Мексиканын курамында болгон. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7
  1. Gazetteer. U.S. Census Bureau. Текшерилген күнү 28 -сентябрь (аяк оона) 2011.
  2. [1](жеткиликсиз шилтеме)