Тынч океан

Википедия дан
Тынч океаны‎»‎ барагынан багытталды)
Тынч океан.

Тынч океан, Улуу океан - Жер шарындагы океандардын эң чоңу жана эң тереңи.

Батышынан Евразия жана Австралия, чыгышынан Түндүк жана Түштүк Америка, түштүгүнөн Антарктида материктери менен чектешет. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан. Түндүктөн түштүккө 15,8 миң кмте, чыгыштан батышка 19,5 мин кмте созулат. Аянты деңиздери менен 178,7 млн км2 (Дүйнөлүк океандын 49,5% и), орт. тереңдиги 3976 м, суунун көлөмү 710 млн км3 (Дүйнөлүк океандын 53% и). Эң терен жери 10 920 м (Мариана чуңкурдугунда, 2009-жылкы маалымат боюнча). Т. о. аркылуу 180-меридиан боюнча (бир аз четтөө менен) даталардын демаркация чеги өтөт. Деңиздери негизинен түндүкбатыш жана батыш четинде жайгашкан. Мында Беринг, Охота, Япон, Чыгыш Кытай, Сары жана Түштүк Кытай, Ички Япон (Сето-Найкай), Филиппин, Сулу, Сулавеси, Банда, Соломон, Ява, Фижи, Бали, Флорес, Саву, Серам, Хальмахера, Молукк, Жаңы Гвинея, Шурулуу, Тасман деңиздери, чыгышында Калифорния булуңу, Антарктиданын жээгинде Амундсен, Беллинсгаузен жана Росс деңиздери орун алган. Аралдар аралыгындагы деңиздер жалпысынан Австралия-Азия деңиздери деп аталат; четки деңиздерге Шурулуу жана Тасман деңиздери кирет.

Аралдары. Тынч океан аралдарынын саны (10 миңдей) жана алардын жалпы аянты (3,6 млн км2 чамасында) боюнча океандардын ичинен 1-орунда (к. Океания). Чет жакаларындагы архипелагдар жана аралдар - Алеут, Курил, Сахалин, Япон, Филиппин, Молукк, Зонд, Фижи, Тонга, Жаңы Зеландия ж. б. Океандын ачык бөлүгүнөн жанартоо (Маркиз, Коом, Гавайи, Самоа, Галапагос ж. б.), шуру (Маршалл, Гилберт, Токелау, Феникс, Лайн, Туамоту ж. б.) аралдары орун алган. Фьорд жана абразия жээктери басымдуу. Тропик кеңдиктеринин батышына негизинен шурулуу жээктер, айрым жерлерине тоскоол рифтери мүнөздүү. Таманынын рельефи жана геолог и я с ы. Океанды курчап жаткан материктердин суу астындагы чет жакалары Т. о-дын жалпы аянтынын 10% ин ээлейт. Шельфтердин жазылыгы ондогон к-иден (Түштүк жана Түндүк Американын жээктеринде) 700-800 кмге (Беринг, Чыгыш жана Түштүк Кытай деңиздеринде) жетип, тереңд. 150-500 м болот. Материктердин капталдары тик, тепкич сымал каньондор менен тилмеленген. Чыгыш бөлүгүнүн таманы салыштырмалуу тегиз, батыш жана борбордук бөлүгүндө дөңсөөлөр жана тереңдиги 5000 мте жеткен чункурдуктар суу астындагы кырка тоолор менен бөлүнгөн. Океандын түндүк жана батыш чет жакалары аркылуу Аляскадан Жаңы Зеландияга чейин чуңкурдуктардын, дого сымал созулуп жаткан аралдардын жана терең кобулдардын тилкеси өтүп, геосинклиналдык кырчоону түзөт. Деңиздердеги чуңкурдуктардын тереңдиги 3500-7500 м. Дого сымал аралдарга жанаша терең кобулдар созулуп жатат. Алеут кобулу (терендиги 7822 м), Курил-Камчатка (9717), Мариана (10 971), Филиппин (10 265), Тонга (10 882), Кермадек (10 047) ж. б. Океан менен материктик каптал аралыгындагы бул өтмө зонага рельефтин контрастуулугу, жанар тоо атылыштары, жер титирөө мүнөздүү. Таманында ири кырка тоолор менен бөлүнгөн кеңири чуңкурдуктар (Түндүк-Чыгыш, Түндүк-Батыш, Чыгыш Мариана, Батыш жана Чыгыш Каролина, Меланезия, Борбордук, Түштүк, Беллинсгаузен, Чили, Перу ж. б.) жайгашкан; алардын тереңдиги 4000-7000 ж. Т. о-дын таманынын жалпы аянтынын 11% ин океан ортолук кырка тоолордун дүйнөлүк системасына кирген ири көтөрүлүүлөр (Чыгыш Тынч океандык жана Түштүк Тынч океандык) ээлеп жатат. Алар жайык, азыраак тилмеленген платолорду элестетет. Океан бетинен бул кырка тоолордун кырына чейинки терендик 2000-3000 м. Мындан тышкары, 10 миңден ашык аракеттеги жана өчкөн жанартоолору (гайот) бар. Алардын кыры океан бетинен 1,5 миң м тереңдикте жатып, айрымдары суу үстүнө чыгып турат. Жердин «оттуу шакеги» деп аталган бул аймактарга суу катмарында цунами сыяктуу ири толкундарды пайда кылган кубаттуу жер титирөөлөр (эпидентри 700 км тереңде жатат) мүнөздүү. Аралдары негизинен жанартоо атылууларынан (Гавайи а-дары ж. б.) жана шуру рифтеринен пайда болгон. Кобулдар зонасы менен Чыгыш Тынч океан кырка тоолорунун чыгыш бөлүктөрү үстүнкү мантияга чейин жеткен терен жана ири тектон. жаракалар менен тилмеленген.

Тереңдик жана бийиктик шкаласы, метр менен Азиядан жана Түндүк Америкадан дарыялар океанга жылына 2 млн т шиленди агызып келет. Алар булуңдарга топтолот. Кумдук, алеврит, чопо чөкмөлөрү деңиз чуңкурдуктарында жана терең кобулдарда, органогендик чөкмөлөрү океан таманынын 4-4,5 км тереңине чейинки кеңири аянтта кездешет. Океан таманынын калган бөлүгүндө кызыл чопо, глобигерин, диатом жана шуру чөкмөлөрү тараган. Таманында марганед конкрециялары кеңири аймакты ээлеп жатат. Тайыз жерлеринде шуру рифтери көп.

Тынч океандын таманы оор металлдарга бай. Кен байлыктары: нефть, сейрек металлдардын кенташтары, калай, темирлүү жана титан-темирлүү кум, алтын, темир-марганец конкрециялары ж. б. Климаты. Тынч океандын көп бөлүгү экватор, тропик, жана субтропик, түштүгү антарктика климаттык алкактарында жатат. Атм. басымдын 4 борбору бар: Алеут минимуму, Антарктика, Түндүк жана Түштүк Тынч океан максимумдары. Басымдардын мындайча бөлүнүшү тропик кеңдиктеринде туруктуу түндүк-чыгыш (түндүктө) жана түштүк-чыгыш (түштүктө) пассат шамалдарынын жана мелүүн кеңдиктеринде батыш катуу шамалдарынын үстөмдүк кылышына шарт түзөт. Тропик зонасынын батышында июндан декабрга чейин тропиктик бороондор - тайфундар болуп турат. Тынч океандын түндүк-батыш бөлүгү үчүн муссондук циркуляция мүнөздүү. Февралда абанын орт. температурасы экватордо 26-27°С, Беринг кысыгында -20°С, Антарктида жээгинде -10°С. Августта абанын орт. температурасы экватордо 26-28°С, Беринг кысыгында 6-8°Сга жана Антарктида жээктеринде -25°С. Жылдык жаан-чачыны экватордо 3000 мм, мелүүн алкактын батышында 1000 мм, чыгышында 2000-3000 мм. Субтропик алкагынын чыгыш четинде атм. басым жогору болгондуктан жаан-чачын эң аз жаайт (100200 мм); мелүүн кендикте, өзгөчө Курил а-нда көпчүлүк убакта туман каптап турат. Гидрологиялык режими. Тынч океанда үстөмдүк кылган атм-лык циркуляциянын таасиринен суу үстүндөгү агым субтропик жана тропик кеңдиктерде антициклондук, түндүк мелүүн жана түштүк жогорку кеңдиктерде циклондук айланууларды пайда кылат. Океандын түндүк бөлүгүндөгү циркуляциялык айлампа Түндүк пассат, Куросио, Түндүк Тынч океан жылуу агымдарынан жана Калифорния муздак агымынан пайда болот. Түндүк мелүүн алкактын батышында Курил муздак агымы, чыгышында Аляска жылуу агымы бар. Океандын түштүк бөлүгүндөгү суунун антициклондук айлампасы Түштүк пассат, Чыгыш Австралия, Түштүк Тынч океандык жылуу агымдарынан жана Перу муздак агымынан келип чыгат. Экватордон түндүгүрөөк, 2-4° жана 8-12° түндүк кеңдиктердин аралыгында Пассат аралык (Экватордук) каршы агымдар болуп турат (к. Тынч океандын картасын). Февралда суунун орт. темпрасы 26-28°Сдан (экватордо) -0,5...-1°Сга (58° түндүк кеңдиктен түндүктө) чейин. Августта экватордо 25-29°С, Беринг кысыгында 5-8°С, түштүк кеңдиктин 60-62°нан түштүгүрөөк -0,5... -1°С. Эң чон туздуулук түндүк жана түштүк субтропик кеңдиктеринде - 35,5%о жана 36,5%о; экватордо 34,5%оге, түндүк жана түштүк мелүүн кеңдиктерде 3233%оге чейин төмөндөйт. Тынч океандын түндүк бөлүгүндө суткада 2 жолу беймаал (бийикт. Аляска булуңунда 5,4 мте чейин) жана маалы менен (Пенжа булуңунда 12,9 мге чейин) ташкындайт. Соломон а-нда жана Жаңы Гвинеянын жээгинде суткасына 1 жолу бийикт. 2,5 мге жеткен толкундар болот. Тынч океанга суу астындагы жер титирөөдөн пайда болгон - цунами толкундары мүнөздүү. Муз түндүк-батышындагы деңиздерде (Беринг, Охота, Япон, Сары), Аляска булуңунун түндүгүндө жана Антарктиданын жээктеринде тоңот. Калкыма муздар түштүк жана түндүк кеңдиктин 6470°на, айсбергдери жайдын аягында 46-48° түштүк кеңдикке чейин жетет. Өсүмдүктөр жана жаныбарлар д ү й н ө с ү өтө бай жана ар түрдүү. Жалпысынан Т. о-дын фаунасы 100 миндей түрдү камтыйт. Фитопланктонунда 380дей түр белгилүү. Шельф зонасында ар түрдүү күрөң, фукус, ламинар балырлар жана моллюскалар, курттар, рак сымалдар, ийне терилүүлөр ж. б. организмдер бар. Тропик кендиктериндеги тайыз зоналарында шуру рифтери, ал эми жээгинде мангр бадалдары кеңири тараган. Балыкка өтө бай. Тропик кеңдиктеринде анын 2000 түрү, 800дөйү мелүүн кеңдиктин деңиздеринде кездешет. Түндүк мелүүн жана түштүк жогорку кеңдиктерде көп сандаган сүт эмүүчүлөр - кашалот, жаян, киттердин бир нече түрү, деңиз мышыгы; суу жолборс жана ышкырыктуу суу жолборс (түндүктө), ошондой эле краб, креветка, устрица, баш буттуу рак сымалдар ж. б. бар. Т. о-дын фаунасында эндемиктер арбын. Түштүк тропиктик алкакта, Австралия материгинин жээгинде, суу астындагы уникалдуу табигый комплекс - Чоң Тоскоол рифи жайгашкан. Өлчөмү жагынан Урал тоосуна дал келген бул «кырка тоодо» шурулардын (кораллдардын) колониялары бадал, дарак мунара формасында өөрчүп, түсү ар түрдүү. Алардын арасында көптөгөн балыктар, моллюскалар, ийне терилүүлөр, рак сымалдар ж. б. байырлашат.

Деңиз промысели. Дүйнөлүк балык кармоонун дээрлик 50% и Т. о-га туура келет. Промыселдик негизги балыктары (лосось, сельдь, треска, окунь жана камбаланын түрлөрү) жана түрдүү рак сымалдар (краб, креветка ж. б.) океандын түндүк-батыш жана борбордук бөлүгүнөн кармалат. Деңиз капустасы чогултулат. Чектелген өлчөмдө түлөнгө, суу жолборско жана тыбыттуу ит балыкка аңчылык кылынат. Японияда суу түбүндө балырлар жана моллюскалар өстүрүлөт. Азия, Австралия жана Түндүк Американын жээктериндеги шельфтерден нефть жана газ казылып алынат; ошондой эле рутил, ильменит, монадит (Австралия), калай (Малайзия) жана кайнатма туз (Кытай) кендери бар. Кемечилик кеңири пайдаланылат. Тынч океан аркылуу, анын алабындагы өлкөлөрдүн ортосундагы маанилүү деңиз жана аба коммуникациялары жана Атлантика, Инди океандарынын алабындагы өлкөлөр аралык транзиттик суу жолдору өтөт.

Ири порттору: Владивосток, Находка, Ванино (Россия), Пусан (Корея Республикасы), Кобе-Осака, Токио-Йокогама, Нагоя (Япония), Тяньцзинь, Циндао, Нинбо, Шанхай, Сянган, Шэньчжень, Гуанчжоу (Кытай), Хошимин (Вьетнам), Сингапур (Сингапур), Сидней, Мельбурн (Австралия), Веллингтон (Жаңы Зеландия), Ванкувер (Канада), Сан-Франциско, Лос-Анжелес, Лонг-Бич (АКШ), Уаско (Чили).

Экологиялык абалы. Антропогендик иш-чаралардын натыйжасында Тынч океанда Дүйнөлүк океандын башка бөлүктөрүндөй эле экол. проблемалар (суунун булганышы, тирүү организмдеринин азайышы) жаралган. 18-20-кылымда аң уулоонун натыйжасында Тынч океандагы деңиз ую, мышыгы, киттер жок болуп кетүү коркунучуна учурап, учурда аларды жана бир катар эндемик жаныбарларды кармоого чектөөлөр коюлган. Океан суусу нефть продукциялары, оор металлдар жана атом өндүрүшүнүн калдыктары менен булганууда. Бул уулуу заттар деңиздин жээктен алыс жерлеринде байырлаган тирүү жандыктардын организминен да табылып келет. Океандын түндүгүндө, Түндүк Тынч океан агымынын алабында пластик ж. б. өндүрүш калдыктарынан турган Тынч океандык чоң таштанды аймагы пайда болгон. 2001-ж. бул таштандынын салмагы 3,5 млн г(океандагы жалпы зоопланктондун салмагынан 6 эсе жогору), аянты 1 млн кмгди түзсө, учурда анын аянты 15 млн км2 жеткени маалымдалат. Ал эми түштүк бөлүгү жарактан чыккан коемостук кемелердин «таштандысы» катары пайдаланылат.

Булардан тышкары, Тынч океандагы ээн атоллдордо АКШ, Франция, Улуу Британия мамлекеттери ядролук сыноолорду жүргүзүп келет. Т. о-дын жээгинде 50гө жакын мамлекеттер жана ээликтер орун алган. Анда АКШ, Япония жана Түштүк Кореянын ири өнөр жай борборлору жайгашкан; Австралия менен Жады Зеландиянын экономикасынын негизин түзүүчү маанилүү булак болуп саналат. Туризм өнүккөн. Бул океанды «Тынч океан» деп 1520-ж., Оттуу Жер а-нан Филиппин а-на чейин (3 ай 20 күндө), аба ырайы тынч болуп турган маалда сүзүп өткөн Ф. Магеллан атаган. 18-кылымдын орто ченинде француз географы Бюаша «Улуу океан» деп атоону сунуштап, бирок ал көпчүлүктүн колдоосуна ээ болгон тынч океанда аркандай алтындар табылган жана Уран менен Орхиэпия деген алтын табылган

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4