Охота деңизи
Охота деңизи – Тынч океанындагы жартылай туюк деңиз. Азиянын чыгыш жээгинде. Россия жана Жапониянын (Хокайдо а.) жээктерин чулгап жатат. Океандан Камчатка жарым аралы, Курил жана Хоккайдо аралдары менен бөлүнөт. Татар жана Лаперуз кысыктары аркылуу Жапон деңизи, Курил кысыктары аркылуу Тынч океан менен туташат. Аянты 1603 миң км2. Орточо тереңдиги – 821 м, эң терең жери – 3521 м (Курил ойдуңу). Жээктери негизинен бийик, аскалуу, начар тилмеленген. Сахалин аралынын түндүгүндөгү жана Хокайдо аралынын түндүк-чыгышы көбүнчө түзөң. Жээк сызыгынын Узундугу 10460 км. Түндүк-чыгышында Шелихов булуңу, Пенжина жана Гижига колтуктары менен, түштүгүндө Анива, Терпения (Сахалин аралында), Сахалин булуңдары жайгашкан. Ири аралы – Шантар. Амур д. куят. Суунун температурасы жайында 1,5°Стан 15°Ска чейин, кышында – 1,8...– 2°С. Туздуулугу 32,8–33,8‰. Деңизинин суу балансында агым, жаан-чачын, буулануу анча мааниге ээ эмес, бирок Лаперуза кысыгы аркылуу Тынч океандан жана Япон деңизинен келген суунун мааниси чоң. Октябрдан июлга чейин муз каптайт. Суткасына бир жолу ташкындайт (12,9 мге чейин). Деңиздеги тирүү организмдер ар түрдүү келип, арктикалык мүнөзгө ээ. Түштүк жана Түштүк-чыгыш бөлүгүндө жылуу океан сууларынын таасиринен фитопланктондор жана зоопланктондор тез өсөт. Охота деңизи омурткасыздарга жана балыкка бай. Балык (сом, сельд, минтай, навага, мойва ж. б.), краб (Охота деңизи промыселдик краб өндүрүү боюнча дүйнөдө 1-орунда) кармалат. Негизги порттору: материкте – Магадан, Охотск; Сахалин аралында – Корсаков, Курил аралында – Северо-Курильск.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7