Камчатка

Википедия дан
Камчатка.

Камчатка — Азиянын түндүк-чыгышындагы жарым арал. Россиядагы аянты боюнча Таймырдан кийинки 2-жарым арал. Батышынан Охота деңизи, чыгышынан Тынч океан жана Беринг деңизи менен чулганат. Түндүк, Түндүкчыгыштан Түштүкбатышты карай 1200 км аралыкта созулуп жатат. Туурасы 450 кмге чейин. Аянты 370 миң км2. Кууш (100 кмге чейин) Параполь мойногу аркылуу материк менен туташат. Чыгыш жээги булуң-буйткалуу (ири булуңдары: Кроноцкий, Камчатка, Корфа жана башка), батышы тегизирээк. Жарым аралдын Борбордук бөлүгүндө жарыш жаткан кырка тоолор (Ортолук жана Чыгыш) созулуп жатат. Алардын аралыгында Борбордук Камчатка ойдуңу жайгашкан. Ойдуң аркылуу Камчатка дарыясы агат.

Ключи жанар тоосу.

Камчаткада 160тан ашык жанар тоо бар, алардын аракеттегиси 29; анын ичинен Евразиядагы эң бийик жанар тоо — Ключи сопкасы (бийиктиги 4750 м). «Камчатканын жанар тоолору» Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Ысык булактар көп, 100дөн ашык гейзер бар (эң ирилери Гейзерлер өрөөнүндө). Камчатка тектоникалык жактан альп бүктөлүшүнө кирет. Палеозой, мезозой жана кайнозой замандарынын геосинклиналдык комплекстери таралган. Көмүр, алтын, күмүш, сымап, полиметалл жана башка кендери бар. Минералдык (көмүр кычкылдуу, азоттуу жана башка), термиялык (суусунун температурасы 100˚Сге жеткен) суу булактарына (гейзерге, кайнар көлдөргө, баткактуу жанартоолорго жана башка) бай, алар негизинен Чыгыш кырка тоосунда жайгашкан. Климаты түштүгүндө деңиздик, борборунда жана түндүгүндө мелүүн континенттик. Февралдын Орточо температурасы батышында —15˚С, чыгышында 11˚С, борбордук бөлүгүндө 16˚С; августтуку ошол эле тартипте 12˚С, 12,5 жана 16 ˚С. Жылдык жаан-чачыны 600дөн 1100 ммге чейин. Мөңгүлөрүнүн жалпы аянты 866 км2. Ири дарыялары: Камчатка, Авача, Чоң дарыя, Ича жана башка Көлдөрү көп, алардын айрымдары кратерлерде (Хангар жана башка) жана жанартоо кальдераларында (Кроноцкий, Курил жана башка) пайда болгон. Көп бөлүгүн чымдак-күл топурактуу кайың жана ийне жалбырактуу токой ээлейт; тоо капталдарына жапалак кедр, оёңдоруна шалбаа, түндүгүнө мамык чөптүү тундра мүнөздүү. Кроноцкий коругу бар. Жарым арал — Россиянын балык өнөр жайынын негизги борборлорунун бири. Батыш жээги — краб кармалуучу негизги район. Камчатка дарыясы аркылуу кеме каттайт. Негизги порттору: Петропавловск-Камчатский, Усть-Камчатск. Елизово шаарында эл аралык аэропорт бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]