Беринг деңизи

Википедия дан
Беринг деңизи.
Беринг деңизи.

Беринг деңизи - Тынч океандын түндүк бөлүгүндөгү деңиз.

Батышынан Азия (Орусия), чыгышынан Түндүк Америка (АКШ), түштүгүнөн Алеут (АКШ) жана Командор (Орусия) аралдары курчап жатат. Түндүктө Беринг кысыгы аркылуу Чукот деңизи менен туташат. Аянты 2304 миң км2, орточо тереңдиги 1598 мт терең жери 4191 м). Суусунун орточо көлөмү 3683 миң км3. Түндүктөн түштүккө 1632 км, батыштан чыгышка 2608 км созулуп жатат.

Жээктери бийик, аскалуу келип, өтө тилмеленген. Эң чоң булуңдары: Анадырь, Олютор, Нортон жана Бристоль; ири аралдары: Ыйык Лаврентий, Ка-рагинск, Нунивак ж. б.

Деңизге куюучу дарыялардын эң ирилери: Анадырь, Юкон, Кускоквим, Апука. Климаты түндүгүндө субарктикалык, түштүгүндө мелүүн, февралдын орточо температурасы түндүк жээктеринде -23°С, түштүгүндө 0°, -4°С, августта түндүгүндө 5°, түштүгүндө 10°С.

Кышында суунун үстүңкү бетинин температурасы түштүгүндө 2 С, калган бөлүктөрүндө - 1°Сден төмөн, жайында түндүктө 5°-6СС, түштүктө 9С-10°Сгө көтөрүлөт. Тузд. түштүгүндө 33% о, түндүгүндө 32°/оо- Беринг деңизинин түндүк бөлүгү сентябрдан тоңо баштайт, февраль - мартта муз каптайт, деңиздин түштүгүндө балыктын 240 (камбала, пантус, горбушка, кета ж. б. ), түндүгүндө 60 түрү бар. Беринг деңизинде деңиз мышыгы, кадан, түлөн, лахтак, ларга, сивуч, боз кит, горбач, кашалот ж. б. жаныбарлар бар. Беринг деңизинин трансп. мааниси чоң. Порттору: Провидения (Орусия), Ном (АКШ).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.