Беринг кысыгы

Википедия дан

Беринг кысыгы - Түндүк Муз океанын (Чукча деңизи) Тынч океаны (Беринг деңизи аркылуу) менен туташтырып, Азия менен Түндүк Америка материктерин бөлүп турган кысык.

Туурасы 35-86 км, тереңдиги 42 м. Октябрь - августта жылып жүрүүчү муздар каптап калат. Кысыктын ортосунан Диомид аралдары аркылуу Россия менен АКШнын мамлекеттик чек арасы өтөт. Кысыкты изилдеген жана биринчилерден болуп өткөн саякатчы Витус Берингдин ысымынан коюлган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.