Беринг Витус Ионассен

Википедия дан

Беринг Витус Ионассен (1681-8. 12. 1741) - деңиз саякатчысы, орус флотунун офицери, капитан-командор. Даниялык.

1703-ж. орус флотуна кызматка чакырылган. 1724-жылга чейин Балтика жана Азов флотторунда кызмат кылган. 1725-ж. Азия жана Американын аралыгында мойнок же кысык бар экенин далилдөө максатында уюшулган 1-Камчатка экспедициясынын башчылыгына дайындалган. Экспедиция Камчатка жана Чукотканы жээктей сүзүп, кысыктан өтөт да (кийин Беринг ысымы менен аталган), бирок тумандан жер көрүнбөгөндүктөн, кысыктын бар же жок экенин аныктай алган эмес.

1733-ж. Беринг 2-Камчатка экспедициясьш башкарып, Камчаткадан Түндүк Америка жэрине жеткен (1741-ж. 17-июль). Алеут аралдарынын кээ бирлерин ачкан. Кайта келе жатып кыштаган аралда (кийин анын ысымы менен аталган) каза болгон. Берингдин аты менен Тынч океанындагы деңиз, Түштүк Аляскадагы мөңгү ж. б. аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор А. Табалдиев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1976. Том 1. А - Бюулук -608 б.