Командор аралдары

Википедия дан
Командор аралдары.
Беринг арал.

Командор аралдарыТынч океан менен Беринг деңизинин чегинде. Камчатка крайында. Аянты 1,8 миң км2. Бийиктиги 755 мге чейин. Төрт аралдан турат: Беринг, Медный, Топорков жана Арий Камень аскасы. Кристаллдык тоо тектерден түзүлгөн. Рельефине жапыз кырка тоолор жана массивдер мүнөздүү; алардын капталдары тик келип, дарыя, агын суулардын капчыгайлары менен өтө тилмеленген. Жер титирөө болуп турат. Климаты субарктикалык океандык. Кышы жылуу, нымдуу, кар арбын түшөт, жайы салкын, бүркөк, катуу шамал болот. Августтун орточо температурасы 10°С, февралдыкы –4°С. Жылдык жаан-чачыны 1500 ммдей. Океан шалбаасы жана тоо тундрасы басымдуу; айрым өрөөндөрүндө жапалак тал, четин, таш кайың өсөт. Тыбыттуу ит балыктын, ышкырыктуу суу жолборстун жатагы; жээктери канаттуулардын түнөгү. Деңиз промысели, аңчылык чарбасы бар. Калктуу пункту – Никольский (Беринг аралында). 1741-ж. Командор аралында алгачкы жолу болгон капитан-командор В. Берингдин экспедициясынын урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]