Камчатка крайы

Википедия дан
Камчатка крайы.

Камчатка крайыРоссия Федерациясынын субъектиси. Россиянын Азия бөлүгүнүн эң четки чыгышында, Камчатка жарым аралында жайгашкан. Батышынан Охота, чыгышынан Беринг деңиздери жана түштүк-чыгышынан Тынч океан менен чулганат. Крайдын аймагына Командор жана Карагие аралы да кирет. Ыраакы Чыгыш федерация округуна карайт. Край 2007-жылы 7-июлда Камчатка обл. менен Коряк автономия округунун биригишинен түзүлгөн. Аянты 464,3 миң км2 (а. и. округдуку 292,6 миң км2). Калкы 347 миң (2007; округда 23,0 миң). Административдик борбору — Петропавловск-Камчатский. Административдик-айм. жактан 11 районго (округда 4), 3 шаарга, 6 шаарчага (2) бөлүнөт. Камчатка крайынын аткаруу органынын мамлекеттик бийлигинин структурасы РФтин жана К. кнын мыйзамынын негизинде губернатор тарабынан аныкталат. Калкынын негизин орустар (80,9%) түзөт, о. эле коряктар (2%), ительмендер (0,6), камчадалдар (0,5), эвенктер (0,5), чукчалар (0,4), алеуттар (0,1), украиндер (5,8), беларустар (1), татарлар (1), корейлер (0,5), чуваштар (0,4), азерилер (0,4), армяндар, башкырлар, молдавандар, немистер жашайт. Калкынын Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 0,7 киши. Шаар калкы 79,6%.

Ири шаарлары: Петропавловск-Камчатский, Елизово, Вилючинск. Край Азиянын эң четки түндүк-чыгышында, негизинен Камчатка жарым аралы (1/ бөлүгүнөн көбүрөөгү) менен Коряк бөксө тоосунун чегинде жайгашкан. Деңиз жээктери — дүйнөдөгү балыкка бай райондордун бири. Экологиялык абалы боюнча Россиядагы эң жагымдуу край. Крайдын табигый ландшафты — эң кооз. Рекреациялык ресурстары ар түрдүү. Ошондуктан аймагынын 7%и бальнеология жана туризм үчүн бөлүнгөн. Атм-рага абаны булгоочу заттардын бөлүнүп чыгуусу анча көп эмес. Жалпы коргоого алынган табигый аймагы 5,6 млн га, деңиз акватория коругу 3,8 млн га. Кроноцкий, Командор, Коряк коруктары, Түштүк-Камчатка заказниги, 5 табият паркы, 140тан ашык табият эстеликтери бар. Крайдын коргоого алынган 5 табигый аймагы «Камчатка жанар тоолору» деген ат менен Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген. Камчатка крайынан табылган археол. эстеликтер соңку палеолит дооруна таандык. Край Ыраакы Чыгыш экономикалык районуна кирет. Өнөр жай продукциясынын көлөмү айыл чарба продуктусунун көлөмүнөн 5,8 эсе жогору. Деңиз биоресурстарына (балыктын промыселдик түрлөрү, камчатка крабы) бай экендиги менен башка крайлардан айырмаланат. Россияда баалуу металлдарды (алтын, платина) казып алуунун көлөмү боюнча да алдыңкы орундардын бирин ээлейт. Экономикалык активдүү калкы 205 миң (а. и. 13 миңи округда;2006). Анын 90%и экономика жаатында эмгектенет. Өнөр жайынын көлөмү 23,6 млрд рубль, анын 51,5%ин (округда 28,8) өндүрүш, электр энергиясын бөлүштүрүү, газ менен суу түзсө, 36,5%ин (23,2%) кайра иштетүүчү ишканалар, 11,2%ин (48,0%) кен байлыктарды казып алуу түзөт. Энергетика — крайда эң негизги тармактардын бири. ЖЭБдер (Петропавловск-Камчатскинин кубаттуулугу 395 МВт), кичи гЭс каскаддары иштейт. Геотермиялык энергетика өнүктүрүү долбоору даярдалууда. Елизово районунда жылуулук менен камсыз кылууда термиялык суулары пайдаланылат. Түстүү металлургия (алтын, күмүш), машина куруу (негизинен кеме курууга жана ремонттоого адистешкен), токой, жыгаччылык (негизинен жыгач беленделет; о. эле чоң форматтагы жана жылмаланган фанералар) өнөр жай ишканалары иштейт. Балык кармалып беленделет (2006ж. 350 миң T треска, 115 миң T лосось жана башка). Ири ишканалары: «Океанрыбфлот», «Камчатрыбпром», «Акрос» (баары Петропавловск-Камчатскийде). Ири балык з-ддору иштейт. Сырткы соода жүгүртүүсү 201,2 млн АКШ долларын (2006;) түзөт; анын 144,0 млну экспорттон түшөт. Негизинен балык продуктусу, кара металл экспорттолот. Машина куруу, металл иштетүү, хим. өнөр жай үчүн продукциялар импорттолот. Негизги соода шериктери: Корея Республикасы, Япония, АКШ, Кытай. Табигый-климаттык шартынын өзгөчөлүгүнө байланыштуу айыл чарба жакшы өнүккөн эмес. Айыл чарба продукциясынын көлөмү 4097 млн рубль. Крайдын жеринин 0,2%и гана айыл чарбага жарактуу. Анын 50%ин айдоо аянты (округда 0,1%тен аз) ээлейт. Жылыткычтарда жашылча өстүрүү өнүккөн. Картөшкө да айдалат. Бодо мал, чочко асыралат. Үй куштары багылат. Капаста кармалган айбанаттар, бугучулук өнүккөн. Аймактын рекреациялык ресурстары (өчкөн жана аракеттеги жанар тоолор, ысык жана муздак минералдуу суулар, гейзерлер) туризмдин өнүгүүсүнө түрткү болууда. Автомобиль жолунун уз. 1694 км (а. и. округда 130 км). Деңиз жолдору да өнүккөн. Негизги соода порттору: Петропавловск-Камчатский, УстьКамчатск жана башка Крайда 120дан ашык орто мектеп, 10 коллеж жана лицей, китепканалар, музейлер (а. и. этногр., саясий география, край таануу жана башка), Айыл чарба ИИИ, гидрофизика, космофизика изилдөө институттары, эл аралык аэропорту бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]