Петропавловск-Камчатский

Википедия дан
Петропавловск-Камчатский (2005).

Петропавловск-КамчатскийРоссия Федерациясындагы шаар (1812-жылдан). Камчатка крайынын административдик борбору. Камчатка жарым аралынын чыгыш жээгинде жайгашкан. Калкы 179,2 миң (2011). Тынч океандын Авача булуңундагы порт. Балык уулоочу флоттун (« Океанрыбфлот » ААК) базасы. Кеме ремонтоочу («Петропавловская судоверфь» ААК), электр энергетика («Камчатскэнерго» ААК, «Геотерм» жана «Камгэк» ЖАКтары), машина куруу, металл иштетүү, курулуш материалдар өнөр-жай ишканалары, кеме верфи жана балык-консерва заводу иштейт. Россия Илимдер Академиясынын Ыраакы Чыгыш илимий борбору, 2 университет, китепканалар (анын ичиндеазиздер үчүн), 2 театр (анын ичинде куурчак), филармония, край таануу музейи бар. 1740-ж. негизделген. 1822–1924-жылдары Петропавловский порту аталган. Туризм өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]