Кайнозой заманы
Көрүнүш
Кайнозой заманы (тобу), кайнозой (грек тилинде kainos жаңы жанаzoe тиричилик, б. а. азыркы кездеги тиричилик) – Жер кыртышынын өсүп-өнүгүү тарыхындагы эң соңку, азыркы кездеги убактысы. Терминди илимге биринчи жолу англиялык геолог Ж. Филлипс 1861-ж. киргизген. 1960-ж. чейин үчүнчүлүк жана төртүнчүлүк мезгилдерине (системаларына) бөлүнгөн. Кийин палеоген, неоген, антропоген (төртүнчүлүк) мезгилдерине (системаларына) бөлүнгөн.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 3-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2011. 784 бет, илл. ISBN 978 9967-14-074-5