Курил аралдары

Википедия дан

Курил аралдарыКамчатка жарым аралынан Хоккайдо аралына чейин созулуп жаткан жанар тоолуу аралдар архипелагы. Сахалин облусунда. Охот деңизин Тынч океандан бөлүп турат. 30дан ашык ири (Итуруп, Кунашир, Парамушир, Уруп ж. б.) жана көптөгөн майда аралдардан, аскалардан турат.

Курил аралдары.

Негизги маалымат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жалпы аянты 15,6 миң км2дей, Узундугу 1200 км чамасында. Курил кысыктары менен бөлүнөт. Чоң жана Кичи Курил жалчаларынан турат. Аралдарынын көбү тоолуу, басымдуу бийиктиги 500—1000 м (эң бийик жери 2339 м, Алаид чокусу).

Курил аралдары, Орусия, Жапон.

160тай жанар тоо бар, анын 40тайы аракеттеги жанар тоо; катуу жер титирөөлөр болуп турат. Негизинен палеоген, неоген жана антропогендин жанар тоо тектеринен (туф, брекчия, лава, жанар тоо кумдары) турат. Көлү көп (анын ичинде кратер жана лагуна көлдөрү да бар). Түндүк тарабына жана ортоңку аралдардын айрым бөлүктөрүнө ийри-буйру өскөн токой, жапалак арча жана океан шалбаасы, түштүк-батыш бөлүгүнө карагай, көк карагай жана жазы жалбырактуу токой мүнөздүү. Жээк сууларында лосось сымалдар, ит балык, суу жолборс, кундуз бар. Балык кармалат. Ири шаарлары: Курильск, СевероКурильск.

Курил аралдары жөнүндөгү алгачкы даректи 1697-жылы орус жер кезүүчүсү В. В. Атласов билдирген. 1855-жылы Россия Курил аралынын бир бөлүгүн (Уруп аралынан түштүктү карай) Японияга берүүгө аргасыз болгон. 1875жылдагы келишим боюнча Япония Сахалинге умтулуусунан расмий баш тартып, ордуна Курил аралын бүт алган. Крым конференциясынын (1945) чечимине ылайык Курил аралы СССРге өтүп, 1945-жылы август—сентябрь айларында советтик аскерлер аралдарды бүт бошоткон. Сан-Франциско тынчтык келишими боюнча (1951) Япония Курил аралына карата талаш-тартышынан толук баш тарткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]