Мазмунга өтүү

Кунашир

Википедия дан
Кунашир (Тятя жанар тоосу).

КунаширКурил аралынын курамындагы арал. Аянты 1,5 миң км2дей. Бийиктиги 1891 м. Аракеттеги жанар тоолор (Тятя, Менделеев, Головнин) жана көптөгөн минералдуу ысык булактар (Ысык-Пляж, Жагымдуу-Булак ж. б.) бар. Карагай, көк карагай, ошондой эле аралаш жана жазы жалбырактуу токой, курил бамбугу өсөт. Кунаширде Южно-Курильск шаарчасы жайгашкан.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]