Жапон деңизи
| Жапон деңизи | |
| жап. 日本海 , орус. Японское море, кор. 동해 | |
| Жапон деңизинин жээги | |
| Координаттар: 39°34′55″ с. ш. 134°34′11″ в. д.HGЯO | |
|---|---|
| Мүнөздөмөлөрү | |
| Аянты |
1 062 000 км² |
| Көлөмү |
1 630 000 км³ |
| Жээгинин узундугу |
7 600 км |
| Эң терең жери |
3742 м |
| Орточо тереңдиги |
1536 м |
| Туздуулугу |
33,7–34,8 ‰ |
| Куйган дарыялар | |
| Максималдуу температурасы |
20–25 °С |
| Минималдуу температурасы |
0–5 °С |
| Өлкө | |
| Океан | |
Жапон деңизи | |

Жапон деңизи - Тынч океанындагы жарым жартылай туюк деңиз.
Евразия менен Корей ж. а., Жапония жана Сахалин а-нын ортосунда. Орусия, КЭДР, Корея Республикалык жана Жапониянын жээктерин чулгайт. Охота деңизи менен Татар, Невелской жана Лаперуз кысыктары; Тынч океан менен Цугару (Сангар) кысыгы; Чыгыш Кытай жана Сары деңиздери менен Корей кысыгы аркылуу туташат. Аянты 1062 км2. Эң терең жери 3720 м. Ири булуңдары: Чыгыш Корей, Улуу Петр. Климаты мелүүн, муссондук. Суусунун үстүнкү катмарынын температурасы түндүктө 0° ... - 1,3°Сдан түштүгүндө 12°Сга чейин, жайында 17°Сдан 26°Сга чейин өзгөрөт. Түндүгү кышкысын тоңот. Туздуулугу 27,5-34,8%оге чейин. Беймаал ташкындайт (0,5 мте чейин). Татар кысыгында суткасына эки жолу ташкындайт. Балык кармалат, краб, трепанг, балык промыселдери ж. б. бар.
Башкы порттору: Владивосток, Находка (РФ), Ниигата, Цуруга, Майдзуру (Жапония), Пусан, Ульсан (Корея Республикалык), Вонсан, Хыннам (КЭДР).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4