Пусан

Википедия дан
Пусан.

ПусанКорея Республикасындагы шаар жана ири порт (жылына 30 млн гдан ашык жүк ташылат). Өлкөнүн түштүк-чыгышында, Корей кысыгынын жээгинде жайгашкан. Шаар провинция укугуна ээ. Калкы 3,5 млн (2009); калкынын саны боюнча Сеулдан кийинки 2-шаар. Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Пусанда Түштүк Кореядагы эң узун көпүрө, ири «Синсеге Сентум Сити» дүр-дүйнө дүкөнү жайгашкан. Азиядагы заманбап шаарлардын бири. Көптөгөн асман тиреген архитектура курулуштары менен даңкталат. Ошондой эле көптөгөн мега курулуштар (анын ичинде «Лотте Супер Тауэр», 110 кабаттуу, бийиктиги 510 м) курулууда. Болжолдуу биздин замандын алгачкы кылымдарында Кая (Карак) деген ат менен пайда болгон. Машина куруу, металлургия, химиялык , текстиль, тамак-аш өнөр жай ишканалары иштейт. Университеттер (анын ичинде улуттук, деңиз, маалыматтык технология, католик ж. б.), китепкана, музей, театр бар. Балык кармалып, беленделет. Шаардын аймагында АЭС курулган. Деңиз курорту уюштурулган. Пусанда 2002-жылы Азия оюндары жана футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өткөрүлгөн. Шаарда Пусан эл аралык кино фестивалы болуп турат. Туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]