Экосистема

Википедия дан
Экосистема.

Экосистема экологиянын негизги функционалдык бирдиги болуп саналат.

Терминди 1935-ж. англиялык окумуштуу А.Тенсли сунуштаган. Бул термин менен белгилүү биотопто жашаган организмдер топтомун белгилеген.

Экосистема – организмдердин жана чөйрө шарттарынын өз ара аракеттенүүсүнүн жыйындысы.

Экосистеманын жандуу организмдери бир бири менен зат жана энергия алмашуу менен өз ара аракеттенишип турушат. Тамактануу жана энергияны топтоо жолу боюнча организмдер автотрофтор, гетеротрофтор жана миксотрофтор деп ажыратылышат.

Ар бир экосистеманын жандуу компонентинин ичинен азыктануу түрү боюнча организмдердин 3 тобун ажыратса болот: продуценттер, консументтер, редуценттер.

Экосистеманын негизги типтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кургактыктагы биомдор;
  • Таза суу экосистемалары;
  • Дениз экосистемалары.

Таза суу экосистемасындагы организмдердин формалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Таза суу экосистемасында жашоочу организмдер 5 формада берилген:

  1. бентос – суунун түбүндө жашоочулар;
  2. планктон – суу катмарында пассивдүү жашоо өткөрүүчүлөр;
  3. нектон - суу катмарында активдүү жашоо өткөрүүчүлөр (балыктар, сүт эмүүчүлөр);
  4. нейстон – суунун салыштырмалуу каршылыгынан кичине каршылыкка ээ болгон организмдер (водомерки, жуки- плавунцы);
  5. перифитон – курашып өсүүчү организмдер.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • EKOLOJİ ÇEV-150. 3. Hafta: Kırgızistan-Türkiye Manas Üniversitesi / Dr. Nurzat Totubayeva