Литосфера плиталары
Литосфера плиталары – Жердин литосферасы бөлүнгөн салыштырмалуу монолиттүү плиталар. Учурда 7 ири (туурасы 1000 кмден жогору) плита бар: Түндүк Америка, Евразия, Түштүк Америка, Африка, Инди-Австралия, Антарктика жана Тынч океан. Бардык ири литосфера плиталары (Тынч океан плитасынан башкасы) континенттик жана океандык бөлүктөрдү камтыйт. Ошондой эле 7 кичи плитага (туурасы 1000 кмден аз) да бөлүшөт: Кокос, Наска, Скоша (Скотия), Кариб, Араб, Филиппин, Каролин. Мындан тышкары түндүктө Түндүк Америка менен Евразия, түштүктө Түштүк Америка, Африка жана Инди-Австралия плиталарынын ортосундагы алкакта жайгашкан майда плиталар да бар. Литосфера плиталарынын магмалык жана сейсмдик активдүү зоналар менен белгиленген чеги вертикалдык же субвертикалдык бөлүнүү зоналары менен берилген. Литосфера плиталары бири-бирине салыштырмалуу горизонталдык (айрым учурда вертикалдык) багытта бир нече миңдеген кмге чейинки аралыкка (жылына бир нече смден 10 смге чейинки ылдамдыкта) жылып турат. Плиталар кыймылга келгенде четтери бузулат. Литосфера плиталарынын ички бөлүктөрүндө бул учурда плиталардын четтеринде топтолгон чыңалуунун жана ички плиталык магматизм таасиринен ички плиталык деформациялар жүрөт. Литосфера плиталарынын жылышуу механизми Жердин мантиясынын конвекциясы менен байланыштуу. Литосфера плиталарынын жылышына кошумча күч катары литосфера плиталарынын спрединг зоналарында (түпкүрдөн магма порциялар менен келгендиктен) ары-бери жылышы жана субдукция зонасында океандык литосфера плиталарынын (тереңдикке байланыштуу оордук күчүнүн таасири астында океан литосферасынын тыгыздыгынын өсүшүнөн) тартылышы болот.
Дагы караңыз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 5-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2014. ISBN 978—9967—14-111-7