Мантия
Көрүнүш
Сөздүн же жамдаш сөздүн маанилеринин тизмеси. Эгер сиз бул жакка Википедиянын башка макаласынан багытталсаңыз, сураныч, артка кайтып, шилтемени тийиштүү макаланы көрсөтө тургандай кылып оңдоңуз. |
Мантия (грекче mantion – жапкыч, плащ)
- укукта мамлекеттик сот иштерине байланыштуу, көбүнчө сот, кээ бир учурда прокурор, адвокаттар кие турган атайы кийим. Расмий түрдө өз милдетин аткарып жаткан мезгилде (сот отурумунда) кийилет. Мантия мамлекеттик бийликтин бир символу катары сот адилеттүүлүгүн иш жүзүнө ашырып жаткан соттун өзгөчө статусун белгилейт. Мантиянын кара түстө болушу сот бийлигинин абройлуулугунун, сот калыстыгынын, эч кимге жан тартпай, адилеттүү өкүм чыгарыла тургандыгынын белгиси болуп эсептелет;
- биологияда – моллюскалардын, айрым рак сымалдардын денесин каптап турган сырткы тери бүктөөсү. Мантиянын атайын без клеткалары сырткы скелетти (раковина) пайда кылат. Омурткалуулардын мантиясы мээ кыртышы деп аталат;
- геологияда – Жердин ядросу менен жер кыртышынын ортосунда жайгашкан «катуу» Жер катмары. Жердин көлөмүнүн (атмосферасыз) 83%ин, массасынын 67%ин түзөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7