Континент

Википедия дан
Континент.

Континент, материкжер кыртышынын эң ири массиви; анын көпчүлүк бөлүгү Дүйнөлүк океандын деңгээлинен жогору, чет-жакалары андан төмөн жатат. Континентке калыңдыгы 35–70 км келген жер кыртышынын континенттик түзүлүшү жана анда гранит-метаморфизм тоо тек катмарынын болушу мүнөздүү. Азыркы геологиялык доордо 6 континент бар. Алар: Евразия (аянты 53,4 млн км2), Түндүк Америка (24,2 млн км2), Түштүк Америка (18,2млн км2), Африка (30,3 млн км2), Австралия (7,7 млн к2) жана Антарктида (14,0 млн км2).

Континенттин үлүшүнө кургактыктын 94%и жана жер бетинин 29%и туура келет. Континент аралдан ээлеген аянты боюнча айырмаланат. Эң кичи Австралия материги дүйнөдөгү эң чоң Гренландия аралынан (2-Жаңы Гвинеядан) 10 эсе чоң. Континентке калың жер кыртышы мүнөздүү (орточо калыңдыгы 35–40 км жана литосферасы 200–300 кмден ашык). Анын курамы өзгөчө үстүнкү бетиндеги тектер ашыкча кремнеземдуу гранит, гнейстен турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]