Мазмунга өтүү

Коралл деңизи

Википедия — ачык энциклопедия
Коралл деңизи
англ. Coral Sea

Коралл деңизинин картасы
Координаттар: 17° ю. ш. 155° в. д.HGЯO
Мүнөздөмөлөрү
Аянты

4 791 000 км²

Көлөмү

11 470 000 км³

Эң терең жери

9140 м

Орточо тереңдиги

2394 м

Туздуулугу

34-35 ‰

Куйган дарыялар

Флай, Бёрдекин, Норманби

Максималдуу температурасы

24-28 °С

Минималдуу температурасы

19-23 °С

Өлкө

 Австралия
 Папуа — Жаңы Гвинея
 Вануату
 Соломон аралдары

Океан

Тынч океан

Коралл деңизи (Тынч океан)
Коралл деңизи
Коралл деңизи Викиказынада
Коралл деңизи.

Коралл деңизи (Coral Sea) – Тынч океандагы жартылай туюк деңиз. Австралиянын, Жаңы Гвинеянын, Жаңы Коледониянын жээктерин чулгайт. Торрес кысыгы аркылуу Инди океаны менен туташат. Аянты 4068 миң км2. Эң терең жери 9174 м. Коралл (Шуру) аралдары жана рифтери (анын ичинде Чоң Тоскоол рифи) көп. Суусунун температурасы түштүктө 19°Сден (август) 24°Сге чейин (февраль), түндүгүндө 28°Сге чейин. Туздуулугу 35,5%о. Суткасына эки жолу ташкындайт (бийиктиги 7,2 м чейин). Башкы порттору: Кэрнс (Австралия), Порт-Морсби (Жаңы Гвинея аралы), Нумеа (Жаңы Коледония аралы).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]