Тонга
Тонга Королдугу | |||||
| |||||
Урааны: «Ko e ʻOtua mo Tonga ko hoku tofiʻa (Кудай жана Тонга — менин мурасым)» | |||||
Гимн: «Ko e fasi ʻo e tuʻi ʻo e ʻOtu Tonga» — «Тонга аралдарынын падышасынын ыры» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 4-июнь 1970-жыл | ||||
Расмий тили | тонга тили, англис тили | ||||
Борбор шаары | Нукуалофа | ||||
Ири шаарлар | Нукуалофа, Неиафу | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Король Премьер-министр |
Тупоу VI Сиаоси Офакивахафолау Совалени | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
172-орун - дүйнөдө 748 км² 4 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы |
108,603 адам (199-орун) 139 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
655 млн $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
493 млн $ 4,888 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,739 (жогору) (98-орун) | ||||
Этнохороним | тонгалык, тонгалыктар | ||||
Акча бирдиги | Паанга (TOP, коду 776) | ||||
Домени | .to | ||||
ISO коду | TO | ||||
ЭОК коду | TGA | ||||
Телефон коду | +676 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +13:00 |
Тонга (англ. Tonga), расмий аталышы Тонга Падышачылыгы (тонга Puleʻanga Fakatuʻi ʻo Tonga, англ. Kingdom of Tonga) — Полинезиядагы мамлекет. Түндүгүнөн Самоа, чыгышынан Ниуэнин аймактык суулары, батышынан Фижинин суулары менен чектешет. Жээк тилкесинин узундугу 419 км. Тонга архипелагынын 177 аралында жайгашкан. Жалпы аянты — 748 км². Калкынын саны — 108,603 адам (2024)[1]. Борбору — Нукуалофа шаары.
Тонга аралдарын 1616-жылы голландиялык Виллем Схаутен жана Якоб Лемер саякатчылары ачышкан. 1900-жылы архипелаг Британиянын алдындагы мамлекетке айланган. Бирок, Тонга өзүн-өзү башкаруунун бардык укуктарын сактап калган. Аралдын, Улуу Британиядан көз карандысыздыгы 1970-жылы жарыяланган. Тонга Бириккен Улуттар Уюмунун[2], Түштүк Тынч океан комиссиясынын жана Тынч океан аралдары форумунун мүчөсү.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Полинезиянын көптөгөн тилдеринен которгондо Tonga cөзү «түштүк» дегенди маанини билдирет[3]. Архипелаг бул аталышты Полинезияны биринчи колониялаштыруу процесстери башталган Самоа аралдарынын түштүгүндө жайгашкандыктан алган деген божомолдор бар. Тонгалыктары өздөрү өлкөсүнүн атылышын «бакча» деп которушат[4][5].
Бул аралдарды, 1773-жылы англиялык саякатчы Жеймс Кук «Достук аралдары» (англ. Friendly Islands) деп атаган[3].
Тарыхы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Болжол менен X кылымда. биринчи мамлекеттик. түзүмү пайда болгон. 1643-жылы Тонга аралдарын голландиялык деңизчи А. Тасман ачкан. 1773-жылы капитан Д. Кук аралдарга келип, жергиликтүү калктын жылуу кабыл алуусун көрүп, аларды жакшы ниет аралдары деп атаган. 18-кылымдын аягы-19-кылымдын башы. миссионерлер келе баштады. 1845-жылы узакка созулган жарандык согуштан кийин аралдар бирдиктүү мамлекетке, көз карандысыз падышалыкка айланган. 1900-жылы т.ж. Англиянын протектораты орнотулган. Өлкө Англиянын консулунун көзөмөлүндө болгон. 1958-жылы Тонгдун автономиясы бир аз кеңейтилген. Тонга Өкмөтү башка өлкөлөр менен соода келишимдерин түзүүгө укуктуу болчу. Британиянын көзөмөлү 1968-жылдагы келишимде бир аз кыскарган. 1970-жылы Тонга Британ шериктештигинин курамында көз карандысыздыгын жарыялаган. Тонга-агрардык өлкө.
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Географиялык абалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Полинезияда жайгашкан Тонга мамлекети — Тынч океанынын түштүгүндө жайгашкан, жанар тоо жана кораллдардан турган аралдардын тобунан турат. Өлкөнүн борбору Нукуалофа шаары, Жаңы Зеландиянын эң чоң шаары болгон Оклендден түндүк-чыгышында 1770 чакырым алыстыкта жана Фижинин борбору Суванын түштүк-чыгышында 690 чакырым алыстыкта жайгашкан[6].
Тонганын жалпы аянты 748 км². Анын ичинен кургактыктар — 718 км², суу бети — 30 км²[7]. Өлкө 172 аралда жайгашкан, алардын 36 аралында гана эл жашайт (калк жашаган аралдардын аянты болжол менен 650 км²)[8]. Падышалыкты түзгөн эң ири арал топтору: Вавау аралдары, Тонгатапуаралдары жана Хаапай аралдары. Аянты жагынан орточо келген Ниуас аралдары — Ниуафоу, Тафахи жана Ниуатопутапу үч кичинекей аралдардан турат жана бул аралдар өлкөнүн эң түндүккү аралдары болуп саналат.
Тонга архипелагы түндүк-чыгыштан түштүк-чыгышка болжол менен 631 км, ал эми түштүк-чыгыштан түндүк-батышка болжол менен 209 км созулуп жатат[6].
Эң маанилүү аралдары болуп Тонгатапу (борбор шаары жайгашкан), Вавау, Ниуатопутапу, Ниуафоу, Тафахи, Хаапай жана Эуа аралдары саналат.
1033 метрге жеткен өлкөнүн эң бийик чекити Као аралында жайгашкан[7].
Тонга Падышалыгынын эң түндүккү аралы — Ниуафоу аралы, эң чыгышкы аралы — Тафахи аралы. Эң түштүккү жана ошол эле учурда эң батышкы аралы — Ата аралы.
1972-жылы 24-январда Тонга Падышалыгы түштүгүндө жайгашкан Минерва рифтерине өз дооматтарын коюп, ушул эле жылдын 15-июнда өз курамына кошуп алган (аннексия). Бул аннексиянын натыйжасында өлкөнүн аймактык сууларынын аянты кыйла кеңейген. Тонганын мындай кадамы Түштүк Тынч океан форуму тарабынан таанылган. Ошого карабастан, Минерва рифтери Фижи тарабынан азыркыга чейин талашууда.
Геология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга архипелагы Тынч океанынын жана Австралиянын литосфералык плиталарынын чек арасында, терең деңиз кобулунун батышында жайгашкан жана бири-бирине параллель жаткан суу астындагы эки кырка тоолордун чокуларында жайгашкан вулкандык, көтөрүлгөн кораллдык аралдарын жана рифтердин жыйындысы[9]. Эуа аралында табылган эң байыркы тоо тектеринин үлгүлөрү эоцен дооруна таандык. Бул аралдар көп жылдар бою суу астында болушкан. Тонга аралдарынын пайда болуушунун так убактысы белгисиз. Эуа сыяктуу байыркы аралдар болжол менен 5 миллион жыл мурун же андан аз убакыт мурун пайда болгон деген да окумуштуулардын божомолдору бар. Ошондой эле кээ бир аралдар кеч миоценде, атүгүл неогенде пайда болгон деп божомолдоого болот[10].
Жанар тоолук аралдарга Хаапай арарлдар тобундагы Ата, Хунга-Хаапай, Хунга-Тонга, Хао жана Тофуа аралдары кирет; Вавау арарлдар тобундагы Латте жана Фонуалей аралдары кирет жана Ниуас тобундагы эки аралы дагы жанар тоонун активдүүлүгүнөн пайда болушкан. Алар түштүктөн түштүк-чыгышка жана түндүк-батышка созулган жанар тоо тоо кыркаларында пайда болгон. Бул тоо кыркалардын аймагында жанар тоолордун атылышынын натыйжасында, азыркы учурда активдүү геологиялык процесстер байкалууда[9].
2015-жылдын январында Хунга-Тонга-Хунга-Хаапай жанар тоосунун атылышынын натыйжасында жаңы жанар тоо аралын пайда болгон[11]. 2015-жылдын март айынын башына карата алынган маалыматтар боюнча, аралдын узундугу — 1,8 км, туурасы — 1,2 км түзгөн. Жаңы аралдын пайда болуу процессин геологдор, деңиз кызматтары жана жергиликтүү тургундар кемелерден, жеке кайыктардан жана космостон, спутниктердин жардамы менен байкап турушкан. Жаңы арал Хунга-Хаапай аралына кошулган[12].
Архипелагдын кээ бир аралдары, мисалы, Ниуас аралдары сыяктуу тосмо жана жээк рифтери менен курчалган. Вавау аралдар тобу негизинен бийик жанар тоолук аралдардан турат, ошондой эле рифтер менен курчалган. Хаапай тобундагы аралдардарда негизинен бийик жанар тоолук же жапыз акиташ тоо тектеринен турган аралдар кездешет. Тонгатапу жана Эуа аралдары акиташ тоо тектүү[9].
Тонгатапу аралына тегиз рельеф мүнөздүү, аралдары адырлар жана дөңсөлөр болжол менен 30 м бийиктикке жетет. Аралдын кораллдар турган негизин 3 м тереңдикке чейин жанар тоо күлү менен капталган[13].
Акыркы эки жүз жылдын ичинде аралдарда 35тен ашык жанар тоо атылышы катталган[14]. Бийиктиги 515 метр болгон Тонгадагы ири жанар тоолордун бири Тофуа аралында жайгашкан, ал суу астындагы стратовулканын чокусу болуп саналат. Жанар тоонун кальдирасынын туурасы 5 км, ошондой эле кальдирада тузсуз көл орун алган[15]. Акыркы катталган жанар тоо атылуусу 1960-жылы болгон. Өлкөнүн эң бийик жанар тоосу Хао аралында жайгашкан, ал деңиз деңгээлинен 1030 метр бийиктикке чейин жетет[16]. Башка ири жанар тоолор Фонуалеи, Лате, Ниуафооу аралдарында кездешет. аймактагы жанар тоолук активдүүлүктүн уланышы көбүнчө кичинекей эфемердик аралдардын пайда болушу менен коштолот. Мисалы, 2006-жылы жанар тоо атылгандан кийин кичинекей арал жана Метис рифи пайда болгон. 1995-жылы жанар тоо атылгандан кийин диаметри 280 метр жана бийиктиги 43 метр болгон арал пайда болгон[17].
Тонга аралдарында ири минералдык жана тоо кендери жок. Кум жана акиташ теги аз көлөмдө казылып алынат[18]. Бирок 2008-жылы өлкөнүн аймактык сууларынан цинк, жез, күмүш жана алтындын ири кендери табылган[19].
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын климаты ысык, тропикалык жана түштүк-чыгыштан соккон пассаттардын таасири астында.
Топурак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга аралдарындагы топурактардын көбү негизинен жанар тоо тектеринен туруп, түшүмдүү келет. Курамында коралл жана башка тектердин бөлүктөрүн камтыйт[18]. Бул топурактар эң жагымдуу физикалык касиеттерге ээ: алар майда, жакшы структураланган, сууну сиңирүүсү жакшы. Топурактын түрлөрү кычкылдан щелочтукка чейин, курамында кальций менен магнийдин көрсөткүчтөрү жогору, катион алмашуу сыйымдуулугу жогору жана негиздер менен каныккан.
Тонга аралынын топурактары түшүмдүүлүгү жогору болгондуктан, эгин өстүрүүгө да, жайыттарды уюштурууга да ылайыктуу. Айрым жээк аймактарындагы топурактар туздуу (шор) келет[13].
Суу ресурстары (гидрология)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Арарлдарда таза суунун чектелген гана туруктуу булактары бар. Суу топуракта көпкө сакталбагандыктан жана бат эле жерге сиңип кетишинен, жашоочулар негизинен чатырдан бетон цистерналарга топтолгон жамгыр суусун же кичинекей кудуктардагы сууну колдонушат. Жер астындагы суу катмарлары, кичинекей көлдөр жана сайлар жанар тоолук аралдарда жайгашкан[18].
Көлдөрдү Вавау, Ниуафооу, Номука аралдарынанан, ал эми кичинекей дарыяларды Эуа жана Ниуатопутапу аралдарынын кездештирсе болот[20].
Флора жана фауна
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга коралл аралдарынынын бетин калофилл өсүмдүктөрү басымдуулук кылган тропикалык токойлору ээлейт. Токойлорунун кыйла бөлүгү айыл чарба муктаждыктары үчүн тазаланган, ошондуктан азыркы учурда бул аймактардын бир бөлүгүндө лантан жана псидиум бадалдары, ошондой эле сорго жана таруу чөптөрү басымдуулук кылат. Аралдардын жээк аймактарында баррингтония жана сцеволдор өсөт. Жанар тоолордун кратерлеринин аймагында чөптүү өсүмдүктөр басымдуулук кылат, ал эми Хао жана Тафахи жанар тоолорунун чокуларында тумандуу тропикалык токойлор же нефелогилеялар орун алган[21]. Кең тропикалык токойлор туруктуу калк жашабаган жана жанар тоо аралдарында гана сакталып калган[22].
Жалпысынан Тонгада тамырлуу өсүмдүктөрдүн 770ке жакын түрү катталган. Аралдарда өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгү айырмаланат. Мисалы, Тонгатапу аралында өсүмдүктөрдүн 340ка жакын түрү, ал эми Вавауда 107 түрү бар[22].
Өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсү өтө аз түрлүү жана негизинен интродукцияланган түрлөрдөн турат. Архипелагда сойлоп жүрүүчүлөрдүн 12 түрү (бир түрү эндемикалык) жана жарганаттардын 2 түрү байырлашат, алар аралдардын жалгыз жергиликтүү сүт эмүүчүлөрү болуп саналат. Тонганын сууларында деңиз таш бакаларын, моллюскаларды, балыктардын түрлөрүн кездештирүүгө болот[21].
Архипелагда көптөгөн канаттуулар уялайт. Аралдар полинезиялыктар отурукташканга чейин, кыйла ар түрдүү болгон. Адамдардын келиши менен Тонгада канаттуулардын кеминде 23 түрү жок болгон[22]. Архипелагда жалпысынан канаттуулардын 73 түрү катталган, алардын эки түрү эндемикалык канаттуулар. Кээ бир аралдарда деңиз канаттуулары уялаган «канаттуулар базарлары» жайгашкан.
Тонга аймагында эки улуттук парк (Эуа аралында жана Вавау аралынынын Талау тоосунда) жана алты корук жайгашкан[23].
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аймактык жактан Тонга Падышалыгы беш административдик округдарга бөлүнөт: Вавау, Ниуас, Тонгатапу, Хаапай жана Эуа[24][25].
Округдар өз кезегинде райондорго жана айылдарга бөлүнөт[26]:
- Вавау округунун курамына Неиафу, Леиматуа, Хахаке, Пангаимоту, Хихифо жана Моту атылышындагы 6 район кирет[27].
- Ниуас округунун курамына Ниуатопутапу и Ниуафооу атылышындагы 2 район кирет[28].
- Тонгатапу округунун курамына Колофооу, Коломотуа, Ваини, Татакамотонга, Лапаха, Нукунуку жана Коловаи атылышындагы 7 район кирет[29].
- Хаапай округунун курамына Лифука, Фоа, Уиха, Лулунга, Кауваи-Хаано жана Муомуа атылышындагы 7 район кирет[30].
- Эуа округунун курамына Эуа-Мотуа жана Эуа-Фооу атылышындагы 2 район кирет[31].
№ | Округ | Англисче аталышы | Административдик борбору | Жалпы аянты,
км² |
Калк жашаган аралдардын аянты,
км² |
Калкы,[32]
адам (2016) |
Жыштыгы,
адам/км² |
---|---|---|---|---|---|---|---|
1 | Вавау | Vava’u | Неиафу | 194 | 119 | 13 738 | 114 |
2 | Ниуас | Niuas | Хихифо | 75 | 72 | 1232 | 17 |
3 | Тонгатапу | Tongatapu | Нукуалофа | 266 | 261 | 74 611 | 286 |
4 | Хаапай | Ha’apai | Пангаи | 126 | 110 | 6125 | 56 |
5 | Эуа | 'Eua | Охонуа | 87 | 87 | 4945 | 57 |
Жалпы | 748 | 649 | 100 651 | 155 |
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга — тупоу династиясынын өкүлдөрүнүн арасында, бийлик атадан балага өтүүчү конституциялык монархия жана Океанияда орун алган жалгыз падышалык.
Өлкөнүн азыркы Конституциясын 1875-жылы 4-ноябрда падыша Жорж Тупоу I тарабынан сунушталган жана кабыл алынган. Конституциянын кабыл алынышы бул Падышалыктын мамлекеттик өнүгүүсүн, коомунуну модернизациялоосун, өлкөнүн ички туруктуулугун жана биримдигин камсыз кылууда маанилүү орунду ээлеген. Ушул Конституциянын негизинде, XIX кылым баю Тонга Падышалыгы көз карандысыздыгын сактап келген деп айтса да болот[33].
Тонганын Конституциясы 3 бөлүмдөн, 115 беренеден турат жана «катаал» конституциялардын катарына кирет, башкача айтканда, аны өзгөртүү үчүн бир катар мыйзамдык шарттарды сактоон талап кылынат. Өлкөнүн негизги мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү укугу Мыйзам чыгаруу Ассамблеясына берилген. Түзөтүүлөр ассамблеядагы үч окуудан өтүп, андан кийин падышага тапшырылышы керек. Эгерде Тонганын Жашыруун Кеңеши жана Министрлер кабинети конституциялык түзөтүүнү бир добуштан колдосо, анда ал падыша тарабынан бекитилиши керек. Падыша кол койгондон кийин, түзөтүү күчүнө кирет[34].
Учурда Тонгада этап-этабы менен саясий реформа жүрүп жатат. Ушул максатта 2008-жылы 5 адамдан турган конституциялык жана шайлоо комиссиясы түзүлгөн[35], анын негизги максаты Конституциянын беренелерин аткаруу, шайлоо органдарынын жана алардын ортосундагы өз ара мамилелердин принциптерин, ошондой эле Тонга шайлоо мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу болгон[36]. 2010-жылдын апрелинде комиссиянын сунуштарынын негизинде өлкөнүн парламенти шайлоо системасына өзгөртүүлөрдү киргизген. Мыйзам чыгаруу органында эл тарабынан шайланган өкүлдөрдүн саны көбөйгө (9дан 17ге чейин). Натыйжада Тонганын тарыхында биринчи жолу эл өкүлдөрүнүн саны пэр депутаттарынын санын ашкан[37], айрым шайлоо округдарынан шайланган депутаттардын саны да көбөйгөн: Тонгатапудан — он (мурун үч орун) жана Ваваудан — үч (мурун эки орун). Жаңы система боюнча биринчи парламенттик шайлоо 2010-жылдын ноябрында өткөн.
Падыша
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Падыша мамлекет башчысы болуп саналат. Мураскерлик принциптери учурдагы Конституциянын 32-беренесинде бекитилген. Мураскер мыйзамдуу никеде төрөлүшү керек. Так (бийлик) падышанын тун уулуна өтөт, ал эми тун уулу каза болгон учурда анын мураскерлерине берилет. Эгерде падышанын тун уулунун балдары жок болсо, анда так (бийлик) экинчи уулуна же анын мураскерлерине өтөт. Бийлик ата тарабынан гана эркек уулдарына берилет. Эгерде падышалык тукумда эркектер жок болсо, так падышанын тун кызы жана анын мураскерлерине берилет. Эгерде падышанын мураскерлери калбаса, анда так Уильям Тунгинин урпактарына жана мыйзамдуу мураскерине өтөт.
Эгерде падышанын мыйзамдуу мураскорлору жок болсо, анда падыша өз алдынча (пэр депутаттарынын палатасынын макулдугу менен) өзүнүн мураскорун тирүү кезинде дайындай алат. Эгерде мындай чечимдер падыша тарабынан кабыл алынгабаган болсо, анда премьер-министр же министрлер кабинети, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын чакырууга милдеттүү жана пэрлер палатасынын жыйынында добуш берүү аркылуу уруу башчыларынын бирин падыша кылып тандап, жаңы падышалык династияны түзүшү керек[38].
Конституцияга ылайык, падышанын инсандыгы ыйык жана ал бардык уруу башчылардын жана бүткүл Тонга элинин башчысы. Ал өлкөнү башкарат, бирок жоопкерчиликти министрлер тартышат. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы аркылуу өткөн бардык мыйзам долбоорлоруна күчүнө киргенге чейин падыша кол коюшу керек[39]. Падыша Тонганын кургактык жана аскер-деңиз күчтөрүнүн жогорку башчысы. Ал бардык офицерлерди дайындайт, аскердик даярдыкты жана көзөмөлдү жөнгө салат, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын макулдугу менен согуш жарыялоо укугуна ээ[40]. Падыша ырайым берүү укугуна ээ, Мыйзам чыгаруу Ассамблеясынын өз чечими боюнча чакыра жана тарката алат[41], чет мамлекеттер менен келишимдерге кол коёт, башка мамлекеттердеги Тонга дипломатиялык өкүлдөрүн дайындайт[42], ардак наамдар менен сыйлайт[43]. Падыша мыйзам чыгаруу жыйынынын макулдугусуз бажы алымдарынынын наркын өзгөртө албайт[42].
Мыйзам чыгаруу бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Пэрлер өкүлдөрү менен эл өкүлдөрү бир палатада отурушу керек. Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы Жашыруун Кеңештин жана министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, пэрлер палатасынын өкүлдөрүнөн жана өлкөдөгү эл өкүлдөрүнөн турат. Пэрлердин өкүлдөрү (Ассамблеядагы жалпы саны 9 адам) падышалык пэрлер тарабынан үч жылда бир шайланат. Эл өкүлдөрүн (жалпы саны 17 адам) калк үч жылда бир шайлайт. Шайлоо укугуна ээ болгон активдүү жарандар талапкер боло алышат. Ассамблеянын төрөгасын падыша дайындайт[44].
Тонганын Конституциясына ылайык, падыша жана Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы мыйзамдарды кабыл алуу укугуна ээ[45].
Аткаруу бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгада премьер-министр, тышкы иштер министри, жерди пайдалануу министри, тартип коргоо министри жана башка министрлерден турган Министрлер кабинети аткаруу бийлиги болуп саналат. Министирлер кабинентинин мүчөлөрүн падыша дайындайт.
Падыша Министрлер Кабинетинин макулдугу менен Хаапай жана Вавау округдарынын губернаторлорун дайындайт[46].
Падышанын астында Жашыруун Кеңеш иш алып барат жана монрахка анын бир катар функцияларын аткарууга көмөктөшөт. Ал министрлер кабинетинин мүчөлөрүнөн, губернаторлордон жана падыша дайындаган башка адамдардан турат. Падышанын жана Жашыруун Кеңештин буйруктарынын бири да буйрук үчүн жооптуу болгон тиешелүү министрлердин кол тамгасысыз күчүнө кирбейт[47].
Сот бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын сот системасы өз курамына Жашыруун Кеңешти (англ. Privy Council), апелляциялык сотту (Court of Appeal), Жогорку сотту (Supreme Court), магистрат сотторун (magistrates court) жана жер маселелери боюнча сотту (Land court) камтыйт[48].
Шайлоо округдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мыйзам чыгаруу Ассамблеясына талапкерлерди шайлоо үчүн өлкө 5 шайлоо округуна бөлүнөт[49]:
- Тонгатапу
- Хаапай
- Вавау
- Эуа
- Ниуафооу-Ниуатопутапу
Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу системасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгадагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасы мыйзамдуу түрдө бекитилген эмес. Өлкөдө айылдарды башкарган айылдык кеңештер жок[50]. Бардык бийлик борбордук өкмөттүн колунда, анда жалпы коомду, айрыкча шаарларды жана айылдарды жөнгө салуу маселелери боюнча ар кандай эрежелер жана регламенттер иштелип чыгат. Башкарууну жүзөгө ашыруу үчүн өлкө округдарга жана шаарларга бөлүнөт[51].
Саясий партиялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгада катталган саясий партиялар жок, бирок айрым саясий топтор жана бирикмелер «партия» деген сөздү колдонушат[52].
Куралдуу күчтөр
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын коргонуу күчтөрү (англ. Tonga Defence Services) деп аталган туруктуу куралдуу күчтөр бар. Алардын негизги функциялары болуп Падышалыкты коргоо, жарандык бийликти колдоо, ага тартипти сактоого жардам берүү жана падыша тарабынан жүктөлгөн башка функциялар жана милдеттерди аткаруу болуп саналат[53].
Куралдуу күчтөр регулярдык армиядан (англ. Regular Force), аймактык армиядан (англ. Territorial Force) жана резервдик армиядан (англ. Reserve) турат[53].
Укук коргоо органдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгада полиция күчтөрү бар (англ. Tonga Police Force). 2000-жылга карата полиция кызматкерлеринин саны 420 адамды түзгөн. Штаб-квартирасы Нукуалофада жайгашкан жана курамында төмөнкү бөлүмдөр бар:
- аймактык 4 полиция бөлүмү
- окуу борбору
- атайын топ
Полициянын негизги милдети мыйзамды жана тартипти сактоо, тынчтыкты сактоо, өмүрдү жана мүлктү коргоо, кылмыштардын алдын алуу жана аныктоо жана мыйзамдарда каралган башка функциялар[54].
Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстан менен Тонга Падышачылыгынын ортосунда дипломатиялык мамилелер 2022-жылдын 7-декабрында орнотулган[55].
Тонга Королдугу — БУУнун, Дүйнөлүк Соода Уюмунун, Тынч океан коомчулугунун катчылыгынын, Тынч океан аралдары форумунун, Африка мамлекеттеринин, Кариб деңизинин жана Тынч океанынын улуттар шериктештигинин жана башка эл аралык уюмдардын мүчөсү.
Калкы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1960 | 1961 | 1962 | 1963 | 1964 | 1965 | 1966 | 1967 | 1968 | 1969 | 1970 | 1971 |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
61 600 | ▲63 740 | ▲66 255 | ▲69 000 | ▲71 757 | ▲74 363 | ▲76 787 | ▲79 048 | ▲81 096 | ▲82 879 | ▲84 370 | ▲85 520 |
1972 | 1973 | 1974 | 1975 | 1976 | 1977 | 1978 | 1979 | 1980 | 1981 | 1982 | 1983 |
▲86 349 | ▲86 985 | ▲87 609 | ▲88 347 | ▲89 258 | ▲90 296 | ▲91 361 | ▲92 300 | ▲93 007 | ▲93 451 | ▲93 682 | ▲93 774 |
1984 | 1985 | 1986 | 1987 | 1988 | 1989 | 1990 | 1991 | 1992 | 1993 | 1994 | 1995 |
▲93 838 | ▲93 953 | ▲94 149 | ▲94 403 | ▲94 687 | ▲94 952 | ▲95 165 | ▲95 321 | ▲95 443 | ▲95 560 | ▲95 712 | ▲95 928 |
1996 | 1997 | 1998 | 1999 | 2000 | 2001 | 2002 | 2003 | 2004 | 2005 | 2006 | 2007 |
▲96 218 | ▲96 574 | ▲96 991 | ▲97 457 | ▲97 962 | ▲98 504 | ▲99 083 | ▲99 691 | ▲100319 | ▲100960 | ▲101617 | ▲102289 |
2008 | 2009 | 2010 | 2011 | 2012 | 2013 | 2017 | 2020 | ||||
▲102 947 | ▲103 557 | ▲104 098 | ▲104 554 | ▲104 941 | ▲105 323 | ▲108020 | ▼105697 |
Тонганын калкы | |
---|---|
Калктын структурасы | |
Калктын саны | 103 252 адам (2011) |
Калктын жыштыгы | 138,04 адам/км² (2011) |
Орточо курагы | жалпы: 21 (2011) эркектер: 20 (2011) аялдар: 22 (2011) |
Курак структурасы | 0—14: 37,3 % (2011) 15—59: 8,3 % (2009) 59 жогору: 8,3 % (2009) |
Шаардык калктын үлүшү | 23,47 % (2011) |
Төрөлүүнүн деңгээли | |
Фертилдүүлүктүн жалпы коэффициенти | 2,5 ‰ (2008) |
Төрөттүн жалпы коэффициенти | 1,236 ‰ (2011) |
Өлүмдүн деңгээли | |
Ымыркайлардын өлүмү
(1 жашка чейинки 1000 төрөлгөндөргө) |
жалпы: 11,88 ‰ (2008)
эркек балдар: 13,07 ‰ (2008) кыз балдар: 10,63 ‰ (2008) |
Адамдардын өлүмү
(1000 адамга) |
жалпы: 5,12 ‰ (2008) |
Улуттук эл каттоо Тонгада 1921-жылдан бери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келет. Бирок, расмий эл каттоо башталган жылдан да мурунку жылдардан алынган статистика маалыматтары бар. 1956-жылдан бери эл каттоо он жылда бир өткөрүлүп келет[56].
Этникалык курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын калкы бир тектүү: 2011-жылдагы эл каттоого ылайык, калктын 96,5% жергиликтүү полинезиялыктар тонгалар,1,04% тонганлыктар жана башка улуттардын ортосундагы никеден төрөлгөндөр.
Чет элдиктердин (европалыктар, Тынч океанынын башка аралдарынан келгендер жана азиялыктар) үлүшү минималдуу. 1996-жылга карата маалыматтарды кытайлыктардын, индиялыктардын, ошондой эле фижиликтердин санынын өсүшү белгиленген[57].
Тили
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Англис тилинен тышкары, өлкөнүн расмий тили болуп тонга тили саналат.
Гавай тили, маори тили, самоа тили, таити тили сыяктуу, тонга тили полинезиялык тилдеринин тобунун көптөгөн тилдеринин бири. Ниуэ тили менен бирге тонга тили полинезия тилдер тобунун тонга уячасын түзөт. Тилдин жазуусу XIX кылымдын биринчи жарымында европалык миссионерлер тарабынан түзүлгөн. 1998-жылы тонга тилинде сүйлөгөндөрдүн жалпы саны 96 334 адамды түзгөн[58].
Тонга тилинин жазуусунуда латын алфавитин колдонулат. Ал болгону 16 тамгадан турат: 5 үндүү жана 11 үнсүз. Оозеки тилде үндүү тыбыштардын созулганы чоң маанини ойнойт, ошондуктан созуулган үндөрдөн сөздүн мааниси өзгөрүшү мүмкүн.
Өлкөдө 1981-жылы Тынч океан тилдеринин бири болгон ниуафооу тилинде сүйлөгөн 690 адам болгон[59].
XIX кылымга чейин Ниуатопутапу аралында өзүнүн жергиликтүү тили болгон, бирок 1862-жылы июнда Жордж Тупоу I тарабынан бул арал аннексиялангандан кийин, бул тил толугу менен тонга тилине алмаштырылган[60].
1998-жылдагы статистикалык маалыматтар боюнча, өлкөнүн калкынын 98,9% тонга же англис тилдеринде окуп жана жаза алган[7].
Диний курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга аралдарында үстөмдүк кылган дин христиан дини болуп саналат.
Христиан миссионерлери аралдардагы биринчи иш-аракеттерин биринчи аракетин 1797-жылы Лондон миссионердик коомунун миссионерлери тарабынан жасалган. Бирок ийгиликсиз болгон. Биринчи туруктуу христиан миссиясы Тонга аралдарында 1826-жылы гана негизделген[61].
Өлкөнүн конституциясы ар бир жаранга дин тутуу эркиндигин кепилдейт[62].
Экономикасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгадагы экономикалык кырдаалды аныктоочу мүнөздөмөлөр Океаниянын башка өлкөлөрүнөн эч айырмаланбайт: эбегейсиз өзгөчө экономикалык аймак, чектелген жаратылыш байлыгы, негизги дүйнөлүк рыноктордон алыстыгы, жогорку квалификациялуу адистердин тартыштыгы. Аралдардагы экономикалык туруктуулукка зыян келтире турган негизги факторлордын бири болуп табигый кырсыктар саналат[63].
Тонга экспортунун негизин табигый процесстерге өтө сезгич товарлар (цуккини, ваниль, балык, кава) түзөт[63]. Негизги сатуу рынокторунан алыстыгы транспорттук чыгымдардын жогору болушуна гана алып келбестен, өндүрүш факторлорунун эл аралык мобилдүүлүгүнө тоскоолдук кылат, ошондой эле өлкөгө ар кандай коммерциялык жана техникалык технологиялардын киришине жолтоо болот[63].
Айыл чарба
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын экономикасынын маанилүү тармактарынын бири-айыл чарбасы. Ошого карабастан, акыркы жылдары өлкөнүн ИДӨ бул сектордун үлүшүнүн төмөндөшү байкалууда. Мисалы, 1994-1995 жж. айыл чарбасынын ИДӨ үлүшү 34% түзсө, 2005-2006 жж. бул көрсөткүч 25% чейин төмөндөгөн. Бул жергиликтүү экономиканын диверсификациясы менен шартталган жана акыркы жылдары кызмат көрсөтүү секторунун ролу кыйла жогорулашы байкалууда. Бул процесстин негизги максаты — келечектеги тышкы таасирлер болгон учурда экономиканы чыңдоо максатында Тонга экономикалык базасын кеңейтүү болуп саналат.
Айыл чарбасы өлкөнү азык-түлүк, жумуш орундары, курулуш жана кол өнөрчүлүк үчүн материалдар менен камсыз кылат, чет мамлекеттик валюталардын Тонгага болгон агымын стимулдаштырат.
Негизги айыл чарба өсүмдүктөрү болуп кокос пальмасы (бул өсүмдүктүн жаңгактарынын майлуу эндосперминен копра өндүрүлөт), банан, ванилин, цуккини, какао, кофе, имбирь, кара мурч эсептелет.
Балык улоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Балык — Тонганын улуттук байлыктарынын бири, ал өлкөнүн экономикасында жана турмушунда өтө маанилүү ролду ойнойт. Ички колдонуу үчүн балыктар негизинен рифтерде жана лагуналарда кармалып, жергиликтүү калк үчүн белоктордун негизги булагы болуп кызмат кылат[64].
Өлкө ири өзгөчө экономикалык аймакка ээ, анын аянты болжол менен 700 миң км². Мамлекеттик бюджетти толтуруу ошондой эле чет өлкөлүк кемелерге ушул экономикалык аймакта балык уулоо укугуна лицензия берүүнүн эсебинен жүргүзүлөт, мында лицензиялоодон түшкөн киреше көбүнчө аба ырайынын шарттарына жараша болот[64].
Транспорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкөдө жол тармагын өнүктүрүү үчүн тоскоолдуктардын бири болуп жер ресурстарынын тартыштыгы, ошондой эле жерди пайдалануунун учурдагы режими саналат. Тонгадагы жолдордун көбү чет мамлекеттерден түшкөн каражатка курулган[8]. 2000-жылы Тонгадагы жолдордун узундугу болгону 680 чакырымды түзгөн, анын 184 чакырымы асфальтталган жолдор болгон[7].
Өлкөдө темир жол транспорту жок, бирок мурун Тонгатапу аралында Нукуалофанын борбору аркылуу портко өткөн жана копраны алып чыгууга кызмат кылган тар темир жол болгон.
Тонга аралдарынын ортосунда авиа каттамдарды 2013-жылы негизделген REAL tonga жеке менчик авиакомпаниясы жүргүзөт[65][66]. Учурда өлкөгө каттамдарды аткарып турган негизги эл аралык авиакомпаниялар «Air Pacific», «Air New Zealand», «Pacific Blue» болуп саналышат[67].
Көпчүлүк аралдарда коомдук транспорт жана таксилер иштешет[68].
Өлкөнүн эң ири порту — Нукуалофа порту[7].
МКК жана байланыш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын басма ММК үч, жумасына бир жолу чыгып турган гезиттерден турат:
- Tonga Chronicle гезити өлкөнүн өкмөтүнө таандык жана жума сайын эки тилде (танга жини англис тилдеринде) басылып чыгат[69].
- Times of Tonga жеке менчик гезит, жумасына эки жолу Тонга аралдары үчүн атайын чыгарылышы басылып чыгып турат[70].
- «Matangi Tonga» жеке менчик журналы дагы мезгил-мезгили менен жарык көрүп турат[70].
Аралдарда бир AM-станция («Radio Tonga 1») жана төрт FM-станция («Kool 90FM», «Radio 2000», «Radio Nuku’alofa» жана «93FM») уктурууларын радио аркылуу берип турат[70].
2004-жылы Тонгада үч компания телекөрсөтүү кызматтарын көрсөткөн[70]:
- Тонга телерадиоберүү комиссиясы («Television Tonga» жана «TV Tonga 2» телеканалдары).
- «Tonfon» — акы төлөнүүчү кабелдик телекөрсөтүү.
- «Friendly Island Broadcasting Network» — Ваваудагы телеберүү багытындагы кызматтарды көрсөткөн жеке менчик компания.
Аралдарда телекоммуникациялык кызматтардын ар кандай түрлөрү бар, анын ичинде телефония жана интернет. 2007-жылы өлкөдө 21 миңден ашык үйлөрдө стационардык телефондор орнотулган, 46 500 уюлдук телефондор колдонуда болгон жана 8400 адам интернет менен колдонгон[7].
Туризм
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Узак убакыт бою Тонга экономикасынын туризм сектору салыштырмалуу начар өнүккөн тармактардын бири болгон. 1966-жылы гана Тонганын Өкмөтү тарабынан архипелагда туризмди өнүктүрүү жолунда биринчи ири кадам жасалып өлкөдөгү эң ири «International Dateline Hotel» мейманканасы курулган[71].
Азыркы учурда туризм Тонга экономикасында маанилүү ролду ойнойт, жана чет өлкөлүк валютанын агымынын негизги булактарынын бири болуп саналат[72].
Тышкы экономикалык байланыштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын негизги экспортоолучу товарлар: жашылчалар, балык, мөмө-жемиштер, жаңгактар, маниок, коон, жыгачтын түрлөрү. Негизги импорттолучу товарлар: азык-түлүк (негизинен эт жана сүт товарлары), машиналар, жабдуулар, транспорт каражаттары жана химиялык продукция болуп саналат[73].
Негизги өнөктөштөрү — АКШ, Түштүк Корея, Жаңы Зеландия, Австралия, Жапония, КЭР[73].
Акча жана каржы тутуму
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонганын паанга аталышындагы улуттук акча бирдиги 1967-жылы 3-апрелде жүгүртүүгө киргизилген (мурун тонга фунту колдонулган). Бул өз алдынча конвертирленүүчү валюта эмес жана анын курсу австралия долларынан, жаңы зеландия долларынан, АКШ долларынан жана жапон иенасынан турган валюталардын курсуна байланган.
1, 2, 5, 10, 20, 50, 100 сенити номиналындагы монеталара, 1, 2, 5, 10, 20, 50 жана 100 паанга номиналындагы банкноттор жүгүртүүдө[74].
Тонганын ички банк тутуму үч чет өлкөлүк банктардан (Westpac Bank of Tonga, ANZ Bank, Malaysian Banking finance) жана бир жергиликтүү банктан (Tonga Development Bank) турат. Бул банктарга көзөмөлдү өлкөнүн борбордук банкы болгон Тонга Улуттук резервдик банкы жүргүзөт[75].
Маданияты
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Азыркы тонганын коому, салттуу коомдор сыяктуу эле, калктын жогорку стратификациясы жана иерархиясы менен мүнөздөлөт. Ошого карабастан, бир нече кылымдар бою коомдун рангдарга бөлүнүшүндө олуттуу өзгөрүүлөр болуп, коомдо ар кандай социалдык топтордун өкүлдөрүнүн ортосундагы айырмачылыктар негизинен жоголуп барууда[76]. Тонганын коомунда үч негизги социалдык топ бар: падышалык үй-бүлөнүн өкүлдөрү же ха’а ту’и, уруу башчылары же хоу’эи жана карапайым эл же кау ту’а[77]. Бардык наамдар жана даржалар эркектерге тукумдан тукумга өтүп турат[77].
Ашканасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы тонгалыктардын тамагынын негизин таро, ямс, банан, кокос сыяктуу айыл чарба өсүмдүктөрү түзгөн. Жер астында жайгаштырылган мештерде атайын жалбырактарда бышырылган балыктар тамак-аш катары көп желген. Чүйгүн тамак катары чийки желген түрдүү моллюскалар эсептелген. Кокос сүтүнөн жасалган суусундуктар кеңири ичилген. Арарлдардын байыркы тургундары чочколорду да багышкан, бирок чочколор чоң же өзгөчө майрамдар учурунда гана союлган.
XIX-XX кылымдарда европалыктар аралдарга көптөгөн азыктардын жана өсүмдүктөрдүн түрлөрүн алып келишкен жана жергиликтүү калктын тамак-аш рационунда жаңы азыктар пайда болгон. Мисалы, пияз, капуста, сабиз, помидор, апельсин, лимон жана маниок ж.б. Бул аралдарга салттуу ямска караганда алып келинген өсүмдүктөрдү өстүрүү оңой болгон.
Дарбыздар тонганын аралдарында чоң популярдуулукка ээ болгон, алардан алкоголсуз муздак 'отаи деп аталган суусундук жасай башташкан[78].
Тонганын салттуу тамактарынын кээ бир түрлөрү[78]:
- Лу-пулу (lu pulu) — пияз жана кокос сүтү кошулуп таро жалбырактарында бышырылган туздалган уй эти.
- Лу-сипи (lu sipi) — пияз жана кокос сүтү кошулуп таро жалбырактарында бышырылган туздалган кой эти.
- Ваи-сиаине (vai siaine) — банандан жана кокостон жасалган шорпо сымал тамак.
Полинезияда кеңири таралган алкоголду кава суусундугу тонгалыктардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт, ал Piper methysticum өсүмдүгүнүн тамырынан жасалат. Кава суусундугун баш оору, диарея, безгек, кургак учук, лепра, рак, астма, ашказан жана уйкусуздукка каршы дары катары дагы колдонушат[78].
Музыка
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдарда европалыктар келгенге чейинки колдонулган тонганын музыкасы жана музыкалык аспаптары жөнүндө маалыматтар дээрлик сакталып калган эмес. Аралдарга алгачкылардан болуп келген европалык саякатчылардын бири Жеймс Кук жана Уильям Маринер тонга элдик аспаптарынын арасында идиофондор, хордофондор, аэрофондор колдонулат деп бергилешкен[79].
Бий
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мурда кеңири таралган жана азыркы убакта сакталып калган расмий салтанаттуу бийи — бул эркектер билеген меэтуупаки бийи[80]. Азыркы учурда бул бий туи-тонга уруусунун урпактары жашаган айылдарда аткарылып келет[80]. Эркектердин бийлери адатта күндүзү гана бийленет. Эркектердин бийлеринен айырмаланып, аялдардын бийлери азыраак формалдуулукка ээ жана күнү-түнү аткарылышы мүмкүн. Аялдардын эң белгилүү бийлери — отуруп алып бийлеген отухака жана туруп алып бийлеген ула.
2003-жылы ЮНЕСКО тарабынан «адамзаттын оозеки жана материалдык эмес мурастарынын шедеврлери» деп жарыяланган дагы бир белгилүү тонгалыйтардын бийи лакалака деп аталат[81].
Маулуулу ( māʻuluʻulu), ула жана лакалака бийлериндеги кыймылдарды колдонгон, отуруп алып бийлөөчү эркектер жана аялдар үчүн бий. Бул бий Тонга аралдарына Самоадан XIX кылымдын аягында келген деген божомолдор бар[82].
Салттуу оюндары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгада да популярдуу болгон дүйнө жүзү боюнча кеңири таралган оюндардан тышкары, өлкөдө көптөгөн салттуу оюндар бар . Алардын эң көрүнүктүүлөрү пани (pani), хико (hico) жана Ланита (lanita)[83].
Кийими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгандыктардын салттуу кийими — «тупену» саронгу, расмий учурларда кийилүүчү өрүлгөн пандандан «таовала», белди курчаган «кафа». Аялдары киэкиэ деп аталган юбка кийишкен. XXI кылымдан тартып тонганын калкы азыркы заманбап кийимдерди эле кийишет[84].
Археологиялык эстеликтер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга аралдары археология жагынан начар изилденгенине карабастан, бир катар аралдарда лапита маданиятына таандык баалуу археологиялык эстеликтер сакталып калган. Саймон Фрейзер атындагы Канада университеттин профессору Дэвид Бурглинин изилдөөлөрүнө ылайык, Тонгатапунун чыгышында жайгашкан Нукулека айылында тонгалыктардын жана полинезиялыктардын эң байыркы конушу сакталып калган[85]. Тарых жана археология жагынан Муа шаары окумуштууларга өзгөчө кызыгууну жаратат[86].
Спорт
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Регби — Тонга аралдарындагы улуттук спорту жана улуттук регби командасы эл аралык аренада абдан ийгиликтүү оюндарды өткөрүп турат.
Өлкөнүн Улуттук олимпиада комитети 1963-жылы түзүлүп, 1984-жылы ЭОК тарабынан расмий таанылган[87]. Тонганын улуттук курама командасы биринчи жолу 1984-жылы Жайкы Олимпиада оюндарына катышкан. Бирок, биринчи жана азырынча жалгыз күмүш медалды 1996-жылы Тонганын боксёру Паэа Вольфграмм Атлантада өткөн оюндара жеңип алган.
Майрамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик майрамдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дата | Аталышы | Англисче аталышы[88]. |
---|---|---|
1-январь | Жаңы жыл | New Year’s Day |
— | Тонганы башкаруучу монархтын туулган күнү | Birthday of the reigning Sovereign of Tonga; |
— | Тонганын тактысынын мураскорунун туулган күнү | Birthday of the Heir to the Crown of Tonga; |
25-апрель | АНЗАК күнү | Anzac Day |
пятница перед Пасхой | Улуу жума | Good Friday |
варьируется | Жаркын дүйшөмбү | Easter Monday |
4-июнь | Эмансипация күнү | Emancipation Day |
— | Тонганы башкаруучу монархтын такка отурган мааракеси | the Anniversary of the Coronation Day of the reigning Sovereign of Tonga |
4-ноябрь | Конституция күнү | Constitution Day |
4-декабрь | Улуу даражалуу Жордж Тупоу I такка отурган мааракеси | the Anniversary of the Coronation of H.M. King George Tubou I |
25-декабрь—26-декабрь | Рождество жана Рождестводон кийинки күн | Christmas Day and the day immediately succeeding Christmas Day |
Башка майрамдар жана фестивалдар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 1-7 январь — Уике Лот жумалыгы. Сыйынуу жумалыгы, чиркөө кызматтары өткөрүлөт[89].
- 2-9 февраль — Вавауда «Pacific Blue Airlines» фестивалы. Вавау аралдарында авиакомпания тарабынан жыл сайын өткөрүлүүчү «Pacific Blue Airlines» фестивалы көптөгөн мелдештер жана жарманкелер менен коштолот[90].
- Март — Нукуалофадагы триатлон боюнча мелдеш жана музыка фестивалы.
- Июнь айынын башы — Хаапай аралдарында майрам жана эгемендүүлүк күнү.
- Июнь айынын аягы — Эуа паркынын майрамы жана Мисс Эуа сынагы.
- Июль — Калиа яхта клубунун мелдеши жана Хейлал гольф турнири.
- 4-июль — Хеилала фестивалы жана Тупоу IV падышанын туулган күнү.
- Августтан октябрга чейин — айыл чарба жарманкелери.
- Сентябрдын аягы — эл аралык балыкчылар турнири жана «Miss Galaxy Pageant» мелдеши[91].
Социалдык тармагы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Саламаттык сактоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонгада Океаниянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу жетиштүү деңгээлде өнүккөн саламаттык сактоо тутуму бар[92]. Өлкөдө салттуу медицинанын позициясы дагы деле күчтүү байдан калууда, бирок тонгалык көпчүлүгү квалификациялуу медициналык жардамдан баш тартышпайт жана саламаттыкты сактоо мекемелеринен кызматтарды алышат. Мамлекеттик саламаттыкты сактоо мекемелеринде медициналык жардам мыйзам тарабынан акысыз деп көрсөтүлгөн, бирок тургундар көбүнчө медициналык жардамдын түрлөрү үчүн акы төлөшү керек[93]. Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндөгү жеке сектор дээрлик өнүккөн эмес жана негизги жумушунан кийин иштеген дарыгерлер жана өкмөттүк дарыгерлер тарабынан көрсөтүлөт. Тонгада медициналык камсыздандыруу тутуму бар, бирок ал мамлекеттик кызматкерлерди гана камтыйт[93].
Саламаттыкты сактоо тутумун жакшыртуу багытында жана калкка сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү максатында Тонга Падышалыгы төрт медициналык райондорго бөлүнөт[92]. Нукуалофада жайгашкан 199 орундуу бир жалпы типтеги оорукана бар жана ар кандай түрдөгү оорулар менен ооругандарды дарылоону камсыз кылат. Эуа, Хаапай жана Вавау аралдарында 16, 28 жана 61 орундуу үч округдук борбордук ооруканалар бар[93]. Мындан тышкары, өлкөдө 14 баштапкы медициналык жардам берүү борборлору, 34 эненин жана баланын ден соолугун коргоо борборлору ишин алып барышат[94]. 2003-жылы Тонгада 32 терапевт, 23 стоматолог, 342 медайым, 21 акушер катталган[94].
Тонгада жайылган оорулардын негизги түрлөрү болуп курч респиратордук инфекциялар, сасык тумоо, пневмония, диарея саналат[8]. Акыркы он жылда Тонгада кант диабети, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары сыяктуу жугуштуу эмес оорулардын жана жыныстык жол менен жугуучу оорулардын кеңири жайылуусуу өзгөчө коркунуч жаратууда[95].
Тамеки тартуу дагы калктын арасында кеңири таралган: 2006-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык, Тонганын калкынын 6 жаштан жогору болжол менен 21% (эркектер 33% жана аялдар 9%) күнүгө тамеки тартышат[96].
Билим берүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тонга аралдарындагы билим берүү системасы протестанттык миссионерлердин аралдарда диний иштерин башталышы менен негизделген. Башка христиан дининин агымдарынын өкүлдөрү билим берүү системасына чоң таасирин тийгизген. 1876-жылы эле Тонга аралдарында жалпы башталгыч билим берүү киргизилген[97]. 1882-жылы билим берүү системасы Өкмөттүн көзөмөлүнө өткөн, бирок 1906-жылы көптөгөн диний агымдарга өз мектептерин ачууга кайрдан уруксат берилген[98].
Тонгада билим берүү 6 жаштан 14 жашка чейинки балдар үчүн милдеттүү жана акысыз. Өлкөнүн билим берүү системасы бир нече этаптарды камтыйт: алты жылдык башталгыч билим берүү, жети жылдык орто билим берүү жана жогорку билим берүү (алты айдан үч жылга чейин)[99].
Көптөгөн мамлекеттер, айрыкча Австралия, Жаңы Зеландия жана Жапония, өлкөнүн ар кандай билим берүү долбоорлорун каржылап, Тонганын билим берүү системасына олуттуу жардам көрсөтүп келишет[99].
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ Тонганын калкынын саны.
- ↑ БУУ мүчө мамлекеттер. Тонга.
- ↑ 3.0 3.1 US Department of State. Тонга.
- ↑ Тонга падышалыгы.
- ↑ Тонганы зыянкеч флорадан жана фаунандан сактоо.
- ↑ 6.0 6.1 Тонганын жайгашкан жери жана аянты.
- ↑ 7.0 7.1 7.2 7.3 7.4 7.5 CIA. The World Fact Book. Тонга
- ↑ 8.0 8.1 8.2 Ms Lu’isa Tupou Veihola Tu’i’afitu. National Circumstances // The Kingdom of Tonga’s Initial National Communication. In response to its commitments under the United Nations Framework Convention on Climate Change.
- ↑ 9.0 9.1 9.2 Edward R. Lovell, Asipeli Palaki. Introduction // National coral reef status report Tonga.
- ↑ David W. Steadman. Extinction & Biogeography of Tropical Pacific Birds. — University of Chicago Press, 2006. — С. 21. — 594 с. — ISBN 0226771423.
- ↑ Lenta.ru. Тынч океанында жаңы арал пайда болду.
- ↑ Окумуштуулар: Тынч океанындагы жанар тоо атылып, жаңы арал пайда болду.
- ↑ 13.0 13.1 Жайыт жана тоют ресурстары боюнча малыматтар. Тонга.
- ↑ Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Tofua.
- ↑ U.S. Geological Survey. Tonga Volcanoes and Volcanics.
- ↑ Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Kao.
- ↑ Smithsonian National Museum of Natural History. Global Volcanism Program. Metis Shoal.
- ↑ 18.0 18.1 18.2 Robert Thistlethwaite, David Sheppard, Netatua Prescott. 2.1.6 Mineral resources // The Kingdom of Tonga: action strategy for managing the environment.
- ↑ Teck Cominco Discovers Four High-grade Copper-Gold-Zinc SMS Systems in Tonga.
- ↑ Калктардын энциклопедиясы. Тонга. Топография.
- ↑ 21.0 21.1 Тонга. RAMSAR Program.
- ↑ 22.0 22.1 22.2 Tongan tropical moist forests (OC0114). World Wildlife Fund.
- ↑ Tonga — Parks & Marine Reserves. Jasons Travel Media.
- ↑ Тонганын аймактык бирдиктери.
- ↑ Тонгадагы жергиликтүү бийликтер.
- ↑ Populationfor distribution by division, district, village by population change, Tonga: 1996 & 2006
- ↑ Вавау округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
- ↑ Ниуас округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
- ↑ Тонгатапу округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
- ↑ Хаапай округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
- ↑ Эуа округунун административдик-аймактык жактан бөлүнүшү.
- ↑ Census of Population and Housing (2016).
- ↑ Sione Latukefu. The History of the Tongan Constitution.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 79-берене.
- ↑ Тонга Өкмөтүнүн расмий сайты. Parliament Approves Constitution & Electoral Commission Bills.
- ↑ Тонга Өкмөтүнүн расмий сайты. Commission to consider political reform.
- ↑ Radio New Zealand International. Tonga Parliament enacts political reforms.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 32-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 41-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 36-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 38-берене.
- ↑ 42.0 42.1 Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 39-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 44-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 56-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 55-берене.
- ↑ Тонганын Конституциясы. 2-бөлүм, 50-берене.
- ↑ University of the South Pacific. Tonga Courts System Information.
- ↑ Мыйзам чыгаруу Ассамблеясы жөнүндө мыйзам.
- ↑ Kerry James, Taniela Tufui. National Integrity Systems Transparency International Country Study Report. Tonga 2004
- ↑ Округдук жана шаардык чиновниктер жөнүндө мыйзам.
- ↑ Tonga in a new political order – Analysing the 2014 general election results.
- ↑ 53.0 53.1 Тонганын коргонуу күчтөрү жөнүндөгү мыйзам.
- ↑ Полиция жөнүндө мыйзам.
- ↑ Кыргызстан менен Тонга дипломатиялык мамилелерди түздү.
- ↑ Tonga Department of Statistics. Population Census
- ↑ Tonga 2011. Census of population and housing
- ↑ Ethnologue. Tongan
- ↑ Ethnologue. Niuafo’ou
- ↑ Ethnologue. Niuatoputapu
- ↑ Free Wesleyan Church of Tonga
- ↑ Bureau of Democracy, Human Rights, and Labor. U.S. State Department. Tonga
- ↑ 63.0 63.1 63.2 National Assessment Report. Tonga
- ↑ 64.0 64.1 Fisheries Resources Profiles Kingdom of Tonga
- ↑ REAL tonga
- ↑ Flight schedules
- ↑ Tonga Airports Limited. International
- ↑ Lonely Planet Publications. Getting there & around
- ↑ Press Reference. Tonga
- ↑ 70.0 70.1 70.2 70.3 BBC. Tonga country profile
- ↑ Tourism Development in the Kingdom of Tonga
- ↑ Visitors by Country of Residence
- ↑ 73.0 73.1 Тонганын тышкы экономикалык байланыштары броюнча статистикалык маалыматтар
- ↑ National Reserve Bank of Tonga. Circulation Coins Set
- ↑ National Reserve Bank of Tonga. BANKS IN TONGA
- ↑ Helen Morton, Helen Morton Lee. Becoming Tongan: an ethnography of childhood. — University of Hawaii Press, 1996. — С. 23. — 343 с. — ISBN 0824817958
- ↑ 77.0 77.1 Culture of Tonga
- ↑ 78.0 78.1 78.2 Tonga: Houses & Village Life
- ↑ Tongan Musical Instruments
- ↑ 80.0 80.1 Elizabeth May, Mantle Hood. Musics of many cultures
- ↑ Proclamation 2003: The Lakalaka, Dances and Sung Speeches of Tonga
- ↑ Mervyn McLean. Weavers of Song: Polynesian Music and Dance. — Auckland University Press, 1999. — С. 136. — 556 с. — ISBN 186940212X
- ↑ The Tongan People. Текшерилген күнү 12 -август (баш оона) 2024. Түп булактан архивделген күнү 20 -ноябрь (жетинин айы) 2023.
- ↑ On the Edge of the Global: Modern Anxieties in a Pacific Island Nation
- ↑ Lapita Pottery Archaeological Sites (A National Serial Site for consideration as the Kingdom of Tonga’s contribution to a transnational serial site listing)
- ↑ The Ancient Capitals of the Kingdom of Tonga
- ↑ Olympic Solidarity Commission
- ↑ Public Holydays Act (англ.). Legislation of Tonga. Текшерилген күнү 12 -август (баш оона) 2024. Түп булактан архивделген күнү 16 -ноябрь (жетинин айы) 2011.
- ↑ Annual events in Tonga. Uike Lotu (Prayer Week)
- ↑ Pacific Blue Airlines Vava’u Festival
- ↑ Status Report of LGBT in Tonga
- ↑ 92.0 92.1 Tonga. A Situation Analysis of Children, Women and Youth
- ↑ 93.0 93.1 93.2 World Health Organization. Tonga. Health system
- ↑ 94.0 94.1 Country Health Information Profile
- ↑ World Health Organization. Tonga. Health situation and trend
- ↑ Secretariat of the Pacific Community. Tonga 2006 Census of Population and Housing, Volume 2: Analytical report
- ↑ Education Encyclopedia. Tonga
- ↑ Encyclopedia of the Nations. Tonga - Education
- ↑ 99.0 99.1 The EFA 2000 Assessment. Tonga. — UNESCO
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |