Семирүү

Википедия дан

Семирүү — организм ткандарында майдын ашыкча топтолушу. Ал зат алмашуу бузулуп, майдын пайда болушу анын ажыроосунан тез жүргөндө болот. Семирүү көп учурда баш аламан ашыкча тамактанып, тамак-аштын кубаттуулугу организмдин энергия сарптоосунан ашып кеткенде байкалат. Мында керектөөчү тамак-аштын өлчөмү жана кубаттуулугу эмес, организмдин энергияга жана тамак-ашка болгон талабынын шайкеш келбегендиги өтө маанилүү.

Семирүүнүн негизги фактору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ошондуктан, кыймыл-аракеттин аздыгы Семирүүнүн негизги фактору болуп эсептелет, ошондой эле тамакты өз убагында ичпей, оңой сиңүүчү, углеводдорго бай, айрыкча канттуу кондитердик тамак-аш, таттууну жана мал майын, ак май, майлуу эт көп жегенден да болот. Алкоголь ичкиликти ичүү Семирүүгө түрткү берет, анткени ичкиликтер кубаттуу келет, анын үстүнө ичкилик ичкен адам тамакты көп жейт.

Семирүүдө организмдин тукум куума өзгөчөлүгү да белгилүү роль ойнойт. Көп учурда «семиз үй-бүлө» тамакты ашыкча жегенден болот. Мындай үй-бүлөдө баланы кичине кезинен эле ашыкча тамактандыруудан анын зат алмашуусу бузулуп, семирип кетет. Бул бузулуу барган сайын өсө берет: май тканы организмдин бардык ткандары сыяктуу эле азык талап кылат, ошондуктан тамакты көп жеп, семирүү күчөйт. Кээде Семирүү ички секреция органдарынын оорулары менен байланыштуу.

Семирүүнүн даражасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Семиргенде кишинин салмагы өтө чоңоёт. Семирүү 4 даражага бөлүнөт: 1-де дененин салмагы нормасынан 30%ке,
2-де 50%ке чейин,
3-дө 100%ке чейин,
4-дө 100%тен ашат.
Семирүүнүн биринчи жана экинчи даражасында эмгекке жарамдуулук жана жашоо активдүүлүгү анча бузулбайт, бирок ал акырындык менен билинбей кийинкисине өтүп кетиши мүмкүн экенин унутпоо зарыл. Зат алмашуунун бузулушу жана сөөктөр менен муундарга күч келүү таяныч-кыймыл аппаратынын өзгөрүшүнө алып келет. Өтө Семирүүдөн дем алуу, жүрөк-кан тамыр системасы бузулуп, өпкө жана жүрөк оорулары пайда болот. Семирүү кант диабетине, гипертония оорусуна, стенокардияга жана миокарддын инфарктына, өт жолдорунун таш оорусуна жана башкалар дуушарлантышы мүмкүн.

Семирбөө үчүн эмне кылыш керек?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Семирбөө үчүн тамакты чактап ичүү жана көп кыймылдоо өтө маанилүү. Ошондой болсо да өтө семирип кеткендер врачка кайрылып, тамактануунун мүнөзү жана айыктыруучу физкультура жөнүндө кеңеш алуусу оң. Семирүү эндокриндик бузулууларга да байланыштуу болот. Мындай учурда тамактын кубаттуулугун төмөндөтүү, оңой сиңүүчү углеводдорду жана мал майын колдонбоо туура эмес. Врач менен кеңешпей туруп, ден соолук үчүн зыяндуу чараларга: ачка жүрүүгө, табитти начарлатуучу дарыларды ичүүгө болбойт. Врач гана организмдин өзгөчөлүгүн эске алуу менен диетаны жана кыймыл активдүүлүгүн, күн тартибин белгилейт.

Семирүүнү алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Семирүүнү алдын алуу чараларын бала кезден баштоо керек. Баланы ашыкча тамактандырууга болбойт, тамакты түрдүүлөп ченеми менен жешке, кыймыл-аракетке, эртең менен гимнастика жасап, физкультура жана спорт менен машыгууга көндүрүү керек. Балдар бой тарткандан баштап, өз салмагына көз салып жүрүүгө тийиш. Эгер салмагы көбөйө баштаса, тамак-аштын өлчөмү жана кубаты организмдин энергияны сарптоосунан ашып жаткандыгын далилдейт.

Анда тамак-аш рационунан жеңил сиңүүчү углеводдорду жана малдын майын азайтуу зарыл. Дайыма таразага тартылып, салмак көбөйө баштаса тамак-ашка, айрыкча кубаттуу тамак-ашка чек коюп, врачтын көзөмөлү менен кара күч кызматын көбөйтүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8