Мазмунга өтүү

Жүрөк-кан тамыр тутуму

Википедия дан
Жүрөк-кан тамыр системасы‎»‎ барагынан багытталды)

Жүрөк-кан тамыр тутуму жүрөктөн жана кан толгон кан тамырлардан турат. Ага лимфа системасы да кирет. Жүрөктүн иштешинин натыйжасында кан тынымсыз жылып турат (к. Жүрөк). Кан тамырлар Артериялар артерия, артериола, капилляр, венула жана веналарга бөлүнөт.Артериялар канды жүрөктөн ткандарга жеткирет, алар Организм органдарда ырааттуулук менен майда кан тамырларга бутактанып, акырында артериолаларды, алар болсо эң майда [[Кан-тамырлар кан тамырларды (капиллярларды) түзөт. Капиллярлардан эң майда веналар (венулалар) башталып, акырындык менен бир-бирине биригип, чоңураак веналарга айланат. Жүрөккө кан эң ири веналар менен келет. Органдан өтүүчү кандын өлчөмүн артериолалар жөнгө салат. Органдын керектөөсүнө жараша артериолалар ичкерип же кеңейип, орган ткандарды кан менен камсыз кылууну өзгөртүп турат (Артериялар, Веналар).

Жүрөк-кан тамыр системасы кан айланууну, ошону менен бирге ткандарга азык заттарды, кычкылтекти жеткирүү жана зат алмашуунун продуктуларын, көмүр кычкыл газын чыгарууну камсыз кылат. Андан тышкары кан гормондорду, ферменттерди жана башка заттарды ташып, организмдин химиялык (гумордук) жөнгө салуусуна катышат. Кан айлануу системасынын борбору — жүрөк, андан кан айлануунун чоң жана кичине тегереги башталат (Кан айлануу). Кан айлануунун кичине тегерегинин артерияларына өпкө сөңгөгү, веналык канды өпкөгө алып баруучу оң жана сол өпкө артериялары кирет. Кичине тегеректин веналарын артериялык канды өпкөдөн жүрөктүн сол дүлөйүнө жеткирүүчү эки оң жана эки сол өпкө венасы түзөт. Кан айлануунун чоң тегерегинин артерияларына жүрөктүн сол карынчасынан чыгуучу толто, анын догосу, андан тараган жалпы күрөө тамыры, сол жана оң күрөө тамырлары, акырек артериясы, толтонун жогорку бөлүгү (оң жана сол жүрөк артериясы), төмөнкү бөлүгү (көкүрөк толтосу) жана анын бутактары (жалпы жамбаш артериялары, алардын оң жана сол бөлүктөрү) кирет. Чоң тегеректин веналары дененин бардык жеринен канды кабыл алып, акырында эки ири жогорку жана төмөнкү көңдөй веналарга биригип, жүрөктүн оң дүлөйүнө кирет. Ага жүрөк капталынын веналары кирүүчү жүрөктүн синусу да кошулат. Боордун дарбаза венасынын системасы өзгөчөлөнүп бөлүнөт. Ал вена аркылуу ич көңдөйүнүн органдарынан келген канды чогултат. Көңдөй веналар менен дарбаза веналардын куймалары биригип кызыл өңгөчтүн ылдый жагында, көтөн чучукта веналык анастомозду түзөт. Алар чоң веналарда кан айланууга тоскоол болгондо (мисалы, дарбазалык вена өт жолдорунун таштары менен басылып калганда же боор циррозунда) кошумча жол катары чоң роль ойнойт. Веналар артериялардан көп, алар артерияларды коштоп жүрөт. Дени соо кишиде жүрөккө келген кандын көлөмү андан чыккан канга барабар.

Жүрөк кан тамыр системасы: 1—таман вена догосу;2—шыйрак веналары; 3 — тизе венасы; 4—сан веналары; 5— жамбаш веналары; 6— алакан, манжа вена жана артериялары; 7— билек веналары; 8— ортолук дарбаза вена; 9— бөйрөк венасы; 10—ийин венасы; 11 — төмөнкү көңдөй вена; 12 — колтук венасы; 13— акырек венасы; 14—моюнтурук вена; 15— күрөө тамыр; 16- акырек артериясы; 17- толто догосу; 18— оң жана сол өпкө артериясы; 19— жүрөк; 20— ийин артериясы; 21—карын артериясы; 22— билек артериялары; 23— жамбаш артериялары; 24— колдун сырткы бетинин артериясы; 25 — сан артериялары; 26— тизе артериясы; 27— шыйрак артериялары; 28— бут кетменинин артериясы.

Жүрөк-кан тамыр системасын изилдөө

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөк-кан тамыр системасын изилдөө ыкмалары өтө көп жана ар түрдүү. Мисалы, жүрөк ишинин начарлашын оорулууну сурап билүү, ошондой эле аны кармалап, тыңшап көрүү, күндүзгү жана түнкү зааранын көлөмүн өлчөө, жүрөк менен өпкөнү рентгенде изилдөө менен аныктайт. Ошондой эле жүрөктүн жыйрылуу функциясынын кээ бир көрсөткүчтөрүн баалоо үчүн бир канча татаал ыкмалар да бар. Жүрөк булчуңдарын кан менен камсыз кылуунун начарлашын, миокарддын айрым бөлүктөрүнүн жабыркашын, ошондой эле жүрөк ритминин бузулушун аныктоодо электр кардиография маанилүү ролду ойнойт. Ооруларды диспансерлик кароодо, калкты массалык профилактикалык медициналык кароодон өткөрүүдө жана башка ал кеңири колдонулат. Бул ыкма жүрөктүн ишемия оорусун билүүдө маанилүү. Жүрөк кемтигин жана ири артериялардын өткөргүчтүгүн билүүдө тыңшоо; жүрөктүн жайгашуусун жана көлөмүн билүү үчүн каккылоо ыкмалары колдонулат.

Рентген диагностика

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөк жана ири кан тамырлардын рентген диагностикасы калкты (өзгөчө балдар менен өспүрүмдөрдү) диспансердик кароодон өткөрүүдө мааниси чоң. Жүрөккө же кан тамырларга операция жасоо керектигин (мисалы, балдардын тубаса жүрөк кемтигинде) жүрөк көңдөйүнө же кан тамырга контрасттуу заттарды киргизип билүүгө болот. Азыркы кездеги техниканын (радиоэлектроника, телемеханика жана башка) жетишкендиктерине негизделген изилдөө ыкмалары адистештирилген ооруканалар менен кардиологиялык борборлордо колдонулат.

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары негизинен жүрөктү (мисалы, ревматизм, миокардит жана башка), айрымдары артерияларды (атеросклероз) же веналарды (флебит), калгандары бүт бойдон Жүрөк-кан тамыр системасын жабыркатат (мисалы, гипертония оорусу). Бул оорулар өөрчүүнүн тубаса кемтигинен, травмадан, сезгенүүдөн, уулануудан, зат алмашуунун патологиялык өзгөрүүлөрүнөн жана башка келип чыгат.

Жүрөктүн тубаса кемтиги

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөктүн тубаса кемтигин врачтар бала эмчекте кезинде эле жүрөктүн согушунун дабышы жана өңүнүн көгөрүүсүнөн аныктайт. Мындай өзгөрүүлөрү байкалбаган тубаса кемтиктер да болот. Аларды адистер гана таап билет. Жүрөктүн жана кан тамырлардын тубаса кемтиктерин табууда жана операция жасап айыктырууда азыркы хирургиянын тажрыйбасы чоң. Бирок операция өз убактысында, башкача айтканда жүрөк кемтиги ички органдарда (өзгөчө өпкөнүн кан тамырларында) кайра калыбына келгис өзгөрүүлөрдү пайда кылганга чейин жасалса пайдалуу. Эгерде врач баланы адистештирилген кардиохирургиялык ооруканага изилдөөгө жиберсе, ата-энеси андан баш тартпоо керек.

Сезгенүүдөн болгон оорулар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сезгенүү процессинин натыйжасында келип чыккан жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары да кездешет. Чанда бул сезгенүүнү бактериялар пайда кылат. Аларга перикардит, эндокардит кирет. Бул ооруларды дарылоодо антибиотиктер көп убакыт бою жана чоң өлчөмдө колдонулат. Жүрөк булчуңунун кээ бир сезгенүү процесстери иммунитет системасынын айрым функциясынын бузулушунан келип чыгат. Бул бузулууларга жүрөктүн өзүнө тиешеси болбогон ангина, грипп себеп болот. Иммунитет системасында өзгөрүлгөн реакциялардын (аллергиялык) пайда болуу механизми татаал. Алардын негизинде жүрөк ревматизми, миокардит, эндокардит жана башка оорулар пайда болот. Кээде башка органдар сезгенүүгө учураганда бактериялардын токсиндери канга өтүп, аны менен жүрөккө жетип, жүрөк булчуңун жабыркатат; ошондой эле гормондордун өлчөмүнүн өзгөрүшү (мисалы, калкан сымал бездин ооруларында, климактерий мезгилинин патологиялык өтүшүндө) миокардга таасир этет. Жүрөк булчуңу аракечтикте абдан бузулуп (Аракечтик), миокарддын дистрофиясына алып келет. Жүрөк булчуңунун бул жабыркоосу ичкиликти ичпей, уулануу токтогондо эле өзүнөн-өзү оңоло баштайт.

Кан тамырлар травмага учураганда кан кетип, жашоого коркунуч туудурат жана анда хирургиялык тез жардам болгончо токтоосуз кан токтотууга чара көрүүнү талап кылат. Ошондуктан кан агууда врачка чейин жардам көрсөтүүнү бардык кишилер, өзгөчө транспорт айдоочулар, ошондой эле ооруканалардан алыс жерде иштегендер (геолог, турист жана башка) билүүсү зарыл. Көкүрөк бир нерсеге урунганда (травмада) жүрөк жабыркап, миокардга, перикардга кан куюлуп, перикардитке өтүп кетиши мүмкүн.

Варикоздук кеңейиш

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кан тамырлардын ооруларынын көбүн веналардын варикоздук кеңейиши түзөт. Ал көбүнчө буттун тери астындагы веналарында, көтөн чучуктун былжыр челинин астындагы веналарда (Геморрой) болуп, веналардын тубаса өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу. Веналардын флебит, тромбофлебит сыяктуу сезгенүүсү да көп учурап, врачтын көрсөтмөсүн аткарбагандарда процесс түпкү ири веналарга тарап, алар тромбозго учурап, бут ооруп, киши көпкө баса албай калат. Өз убагында дарылатпай кабылдатып жиберсе тромбдун үзүлүп кетүү коркунучу туулат жана ал кан менен жүрүп өпкө артериясынын бир бутагын бүтөп, өпкө эмболиясына алып келиши мүмкүн.

Гипертония оорусу жана атеросклкроз

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экономикасы өнүккөн өлкөлөрдө гипертония оорусу менен атеросклероз көп таралган. Азыр гипертония оорусун дарылоо ыкмалары абдан натыйжалуу жана артерия кан басымынын туруктуу төмөндөшүн камсыз кылат.

Атеросклероз

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Атеросклероздо артериялар ичкерип, органдарды кан менен жабдуу начарлайт. Көп учурда атеросклероз таажы сымал артерияларды жабыркатып, жүрөктүн ишемия оорусун пайда кылат. Анын негизги белгиси — стенокардия. Ишемия оорусу кабылдап миокарддын инфарктына алып келиши мүмкүн. Жүрөктүн ишемия оорусунда көкүрөктүн тушу ачышып ооруп, киши өзүн начар сезет. Оорулуу врачка өз убагында кайрылса, дарылануу натыйжалуу болот. Бул оору белгилүү убакта, кара жумуш аткарганда, тез басканда приступ менен кармап, аны пайда кылган себептер жоголгондон кийин оору басылат. Бирок ага карабастан өз убактысында врачка кайрылуунун мааниси чоң.

Стенокардиянын пристубу кармар замат жүрөккө күч келтирүүнү азайтып, нитроглицерин ичүү керек.

Миокарддын инфаркты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Миокарддын инфаркты — жүрөктүн ишемия оорусунун өтө күчөгөн кабылдоосу. Өз убактысында берилген жардам, дарылоо бул оорунун өтүшүн жеңилдетет. Ошондуктан тынч жатып, нитроглицерин ичкенден кийин деле көкүрөктүн тушу басылбай ооруса, же басылып кайра ооруса тез жардамды чакыруу зарыл.
Миокарддын инфарктын ооруканада гана дарылайт. Жүрөктүн иштеши жүрөк булчуңунда кошумча кан айлануунун жана инфарктка чалдыкпаган жүрөк булчуңдардын кубаттуулугунун акырындап жогорулашы менен жакшыра баштайт. Бул көп убакытты жана врачтын сунуштарын чыдамдуулук менен аткарууну талап кылат. Ошондой эле атеросклероздун өөрчүшүн да алдын алууга аракеттенүү зарыл. Кээ бир оорулуулар көкүрөгүнүн тушу ооруганына чыдап, нитроглицеринди ичпей коёт. Стенокардиянын ар бир пристубунда, эгерде врач сунуш кылса нитроглицеринди кабыл алуу зарыл. Жүрөктүн ишемия оорусун дарылоо көп убакытка созулат жана комплекстүү түрдө врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Жогоруда айтылган кеңештер жүрөктүн ишемия оорусунун күчөп кетишин, ошондой эле кардиосклерозду алдын алууда өтө маанилүү. Кардиосклероз билинбей жүрүп, электр-кардиограммадагы өзгөрүүлөр боюнча гана аныкталат. Кээде кардиосклероздун белгилери жүрөк ритминин бузулушу (аритмиялар) жана жүрөк ишинин начарлашы болот. Аритмия термини жүрөктүн кагуу (жыйрылуу) ритминин нормадан чыгуусун түшүндүрөт. Аритмия көп учурда борбордук жана вегетатив нерв системаларынын оорусунда, эндокрин ооруларында болот. Аритмиянын көп түрү жүрөктүн функциясына жана кишинин жашоосуна коркунуч туудурбайт. Бирок анын алгачкы белгилери пайда болор замат врачка кайрылуу керек, врач электр-кардиограмманын жардамы менен туура диагноз коюп дарылайт. Аритмия нерв системага, психикалык жана эмоциялык абалдарга байланыштуу дени соо кишилерде да пайда болот. ошондой эле башка органдар жабыркаганда рефлекстик түрдө жүрөктүн кагуу калыбы бузулат. Аритмия көбүнчө синус түйүнүнүн жана жүрөктүн өткөргүч системасынын жабыркоосунан келип чыгат.

Синус аритмиясы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Синус аритмиясында жүрөктүн синус түйүнүнүн активдүүлүгү өзгөрүп турат, кээ бир жүрөк ооруларында кездешет. Нормалдуу ритмдин тездеши (синус тахикардиясы) жана сейректеши (синус брадикардиясы) дени соо кишилерде көп жылдар бою боло берет.

Пароксизмалуу тахикардия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Пароксизмалуу тахикардияда капысынан кескин түрдө жүрөк тез (минутасына 200 жолу) согот. Ал приступтар борбордук нерв системасынын, калкан сымал бездин ооруларында байкалат.

Экстрасистолия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Экстрасистолияда жүрөк булчуңунда кошумча козголуу очоктору пайда болушунан жүрөк ритми бузулат. Киши ал учурда жүрөгү иретсиз каккандай же токтоп калгандай сезет.

Жүрөк блокадасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жүрөк блокадасында анын дүлөйчөсүнөн карынчаларына же карынчасынын ичинде импульстардын өтүүсү бузулуп, ритм көп учурларда туура болот. Жүрөк блокадасы миокардитте, жүрөктүн ишемия оорусунда пайда болушу мүмкүн. Дүлөйчө-карынчалардын толук эмес блокадасында импульстар дүлөйчөдөн карынчаларга жай өтүп, кээ бири жетпей калат. Толук блокадасында синус түйүнүндө пайда болгон импульстар дүлөйчөлөрдү гана жыйрылтат. Ошондуктан бул оорулуулардын пульсу өтө сейрек болот. Мында мээнин кан менен камсызданышы начарлап, эстен танышы мүмкүн, эмгекке жарамдуулугу азаят. Жүрөктүн блокадасы электр-кардиограмманын жардамы менен гана билинет.

Диртилдеме аритмия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Диртилдеме аритмияда жүрөк дүлөйчөлөрү толук эмес, карынчалары болсо өз алдынча иретсиз жыйрылат. Ал жүрөк кемтигинин кээ бир түрүндө, жүрөк ишемиясында, диффузиялык ууландыруучу богокто кездешет. Аритмияны түрдүү ыкмалар менен врач дарылайт. Нерв системасынын бузулушуна байланыштуу аритмияларда сеп алдыруучу дарылар берилет.

Электр-импульстук терапия

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кардиологиялык борборлордо электр-импульстук терапиянын жардамы жана жүрөктү жасалма электрстимулдоо менен жүрөктүн бузулган ритмин оңдоо мүмкүн. Жүрөк ишинин начарлашы — жалгыз гана жүрөктүн оорусу эмес, ал жүрөк өзүнүн функциясын толук аткарууга күчү жетпегендигин далилдеген белгилердин (көгөрүү, дем кыстыгуу, буттун шишиши жана башка) жыйындысы. Көп учурда жүрөк ишинин начарлашынын өнөкөт түрү байкалат. Ал акырындык менен билинбей башталып, оорулуу демейде врачка кеч кайрылат, бул болсо дарылоо процессин кыйындатат жана узартат. Оорунун алгачкы мезгилинде жүрөктүн ишин жана кан айланууну калыбына келтирүү оңоюраак болот. Күйүгүү жүрөк ишинин начарлашынын белгиси болуп эсептелет. Жүрөк начар иштегендиктен кан ткань менен органдарда жай жүрүп, ал жерде суюктук топтолот; оорулуунун салмагы көбөйөт, андан кийин бут же дене шишийт, ар кайсы жери көгөрөт.

Жүрөк ишинин начарлашын врач гана дарылайт. Ага оорулуу өзү көмөктөш болуп, тиешелүү режимди сактоосу зарыл. Бул эч бир дары менен алмаштыргыс натыйжаларды берет. Аны дарылоодо жүрөккө күч келтирүү жана тамак-аш менен берилген кайнатма туздун өлчөмү азайтылат; заара айдама каражаттар, керектүү туздар (мисалы, калий туздары) берилет. Көп учурда ар бир оорулууга врач тиешелүү дарынын белгилүү өлчөмүн ичүүнү сунуш кылат. Эгерде жүрөк ишинин начарлашы өнөкөт жүрөк оорусунан келип чыкса, кан айлануу калыбына келсе да дарыланууну токтотпой врачтын сунушу боюнча дарыны аз өлчөмдө алып туруу керек.
Катуу кармаган жүрөк ишинин начарлашы коркунучтуу, бирок сейрек кездешет. Анда кокусунан көбүнчө түнкүсүн муунтуп, жүрөк астмасынын пристубу кармайт. Ал учурда шашылыш медициналык жардам келгенге чейин оорулууну ыңгайлуу отургузуп, аркасын жөлөп, нитроглицерин, корвалол, валокордин берүү зарыл. 20-кылымда өндүрүштүн техникалык жабдылышы, турак жай шартынын оңолушу, транспорттун көптүгү кишинин (өзгөчө шаардыктар) азыраак кыймылдашына алып келди. Көп жыл бою аз кыймылдоо ден соолукка терс таасирин тийгизет (Гиподипамия). Өөрчүбөгөн булчуңдар кишини алсыздандыруу менен бирге, түрдүү вирустук жана бактериялык ооруларга туруктуулугун төмөндөтүп, жүрөктүн сезгенүү ооруларынын пайда болуу мүмкүндүгүн көбөйтөт. Аз кыймылдаган кишилер бул учурда өтө семирет. Өтө семирүү атеросклероздун пайда болуу коркунучун туудурат. Дайыма аз кыймылдаган кишилер демейдеги кыймылды талап кылган жумушту кыйынчылык менен аткарат, айрым учурда ооруга окшоп кетет. Мындай учурда атеросклероз, гипертония оорусунун пайда болушуна шарт түзүлөт.

Жаман адаттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кээ бир кишилер өзүнө күч-кубат алыш үчүн түрдүү зыяндуу адаттарга (мисалы, тамеки тартуу) кабылат. Тамеки тартуу — Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын пайда кылууда негизги факторлордун бири. Жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын алдын алууда жашка жана ден соолуктун абалына ылайык дайыма кыймыларакетте болуу өтө маанилүү. Дайыма кыймылда болуу, машыгуу бардык ооруларга «дары» болбосо да, көп оорулардан сактайт. Ашкере өз алдынча машыгуу, контролсуз кыймыл-аракет ден соолукка зыян келтирип, жүрөк кан тамыр оорусун күчөтүп, кабылдоого алып келет.

Кардиологиялык борборлор

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айрым ири шаарларда консультация берүүчү кардиологиялык борборлор уюштурулган. Аларда электр-кардиограммаларды дистанциялык каттоо мүмкүнчүлүгү болот, ал миокарддын инфарктына тез диагноз коюуга жана оорулууну эрте ооруканага жаткырууга мүмкүндүк берет.

Дарылоонун өзгөчө түрү — реабилитация, башкача айтканда кайра калыбына келтирүүчү дарылоо. Ал жүрөк же кан тамыр оорусунан сакайып, али алы-күчүнө келе элек оорулуунун ишке жарамдуулугун калыбына келтирүүгө багытталган. Ал кабылдабаган миокарддын инфарктын дарылоодо, ошондой эле жүрөкө же ири кан тамырларга операция жасагандан кийин да колдонулат. Калыбына келтирүү кардиологиялык санаторийлерде, кээде амбулаториялык шартта врачтардын көзөмөлүндө жүргүзүлөт.

Азыркы хирургиянын жетишкендиктери мурда айыкпас ооруларды айыктырууга жол ачты. Хирургиялык операция менен тубаса же кийин пайда болгон жүрөк же ири кан тамырлардын кемтигин оңдоого мүмкүнчүлүк болду. Бардык медициналык жардамдай эле, хирургиялык операция өз убактысында жасалса натыйжалуу болот. Бардык республикаларда адистештирилген кардиохирургиялык бөлүмдөр уюштурулган. Биздин республикада 1977-ж. кардиология илим изилдөө институту уюшулуп, анын составында илимий тармактар клиникасы, консультациялык поликлиникасы бар. Ал жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларын кеңири изилдеп, Методикалык иштерди жүргүзүп, кардиолог адистерди даярдайт.

Байланыштуу макалалар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]