Атеросклероз

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Атеросклероз.

Атеросклероз— ( греч. ἀθέρος[1], «топон, суюк ботко» жана σκληρός, «катуу, бекем») өнөкөт жүрөк-кан тамыр оорусу.

Атерия[оңдоо | булагын оңдоо]

Артерия кан тамырларынын капталдарында бириктиргич ткандын өсүшүнөн калыңданып, кан тамыр тарыйт, натыйжада органдарды, ткандарды кан менен камсыз кылуу начарлайт. Артерия кан тамырларынын капталдарынын өзгөрүшү (бузулушу), анда холестериндин топтолушу атеросклеросго алып келет.

Атеросклероз пайда болушу[оңдоо | булагын оңдоо]

Атеросклероздун пайда болушунда липид майынын алмашуусунун бузулушу чечүүчү мааниге ээ. Артерия кан басымынын көтөрүлүшү, ички секреция бездеринин, кандын уюшунун бузулушу (мисалы, кант диабети), ошондой эле социалдык-коомдук факторлор, илим менен техниканын өөрчүшү, кайгыруу, стресс абалдары атеросклероздун пайда болушуна түрткү берет.

Атеросклероз кандай адамдар ооруйт[оңдоо | булагын оңдоо]

Семиз адамдар жана кара күч жумушу менен аз иштегендер атеросклероз менен көбүрөөк оорушат. Андан тышкары тукум куума бул ооруга жакындык, улуттук өзгөчөлүктөр да атеросклероздун өөрчүшүнө таасир тийгизет. Артерия кан тамырынын ички бетинде майлуу так, фиброздуу төмпөкчөлөр (төмпөкчөлөрдүн ичинде липид майлары көп топтолот), берчтенген төмпөкчөлөр, кальциноз же атерокальциноз пайда болот. Атеросклероздогу өзгөрүүлөр эң алды чоң күрөө тамырлардан башталат.

Атеросклероздун өөрчүшү[оңдоо | булагын оңдоо]

Атеросклероздун өөрчүшү 2 мезгилге бөлүнөт:

  1. Башталышы — оор белгилери али билине элек убагы;
  2. Күчөшү — оору белгилери ачык билинген кези.

Атеросклероздун башталышы[оңдоо | булагын оңдоо]

Атеросклероздун башталышын билүү өтө кыйын. Ошентсе да артерия кан тамырынын реакциясынын күчөшү, кан да холестерин, фосфолипид, липопротеид майларыңын көбөйүшүн оорунун башталышы десек болот. Айрыкча мээнин, жүрөктүн, бөйрөк түн, буттун кан тамырлары жабыркайт. Мээнин кан тамырларынын атеросклерозунда адамдын ишке жөндөмдүүлүгү төмөндөйт, унутчаак болуп, бат чарчайт. Оорулуунун башы айланып салмактанат, дүңгүрөп, уйкусу качат. Күчөп кетсе психикалык бузулууга алып келиши мүмкүн; себепсиз кыжырланат, урушчаак болот жана башка; жүрүш-турушу өзгөрүп, кем акыл болуп калышы мүмкүн; оорунун эң оор кабылдоосу мээге кан куюлуу болуп эсептелет (Инсульт). Жүрөк-кан тамырларынын атеросклерозунда алардын тарышынан жүрөк булчуңдарын кан менен камсыздоо жетишсиз болуп калат. Натыйжада, көкүрөк же жүрөк тушу катуу ооруйт. Оору өтө чарчаганда же өтө капаланганда, кийин жайчылыкта деле сол колго, далыга же моюндун сол тарабына тарайт (Стенокардия, Миокарддын инфаркты).

Атеросклерозду дарылоо[оңдоо | булагын оңдоо]

Атеросклерозду дарылоо үчүн жашоо тиричиликтин рационалдуулугу өзгөчө роль ойнойт. Адамдын жашына жана жалпы абалына жараша булчуңдарды активдүү иштетүү зарыл. Атеросклероз менен ооруган улгайган кишилерге гигиеналык жана дарылоочу гимнастика (врачтын кеңеши боюнча), жөө басуу, таза абада көбүрөөк жүрүү пайдалуу. Малдын майын жана холестеринге бай тамак-ашты, таттууну аз жеш керек. Майды жана май сымал бирикмелердин топтолушун токтотуучу заттарга бай тамак-ашты, өсүмдүк майын, жашылча-жемишти көп пайдалануу сунуш кылынат. Оорулуу семире баштаса врач тамакты аз ичүүчү күндөрдү белгилейт (Мүнөздөп тамактануу[2]). Атеросклероз менен ооруган адамдар катуу капаланууга жарабайт, жакшы уктоого тийиш. Тамеки тартууга болбойт. Мезгили менен санаторийде дарылануу керек.

Шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]

  1. Атеросклероз
  2. Мүнөздөп тамактануу

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8