Кант диабети

Википедия дан
Кант диабети.
Кант диабети.

Кант диабети уйку бездердин сезгенишинен пайда болот. Уйку бездеринин куйрукча жагында бетоклетка дегендер бар, уйку без сезгенгенде, бетоклеткалар жабыркап шишийт. Бетоклеткалар жок калганда инсулин иштелип чыкпай калып кант диабети пайда болот. Көбүнчөсү алкоголиктер ооруйт. Спирт ичимдиктерин көп ичкендердин уйку бези көп жабыркайт.

Уйку безинин сезгениши да өзүнчө бир ооруу. Кээде өтө майлуу тамактарды жегенден уйку без жабыркайт. Бездин да түтүкчөлөрү бар. Ошол түтүкчөнүн ичинде "панкреатикалык сок" деген болот. Анын ичинде инсулин бар, ошол түтүкчөлөр жабыркаганда, уйку бездер сезгенет, инсулин чыкпай калат. Кант диабетинин пайда болушуна – тукум куучулук, адамдагы маанай чөгүүчүлүктөн, кыжалаттыктан келип чыккан стресстик абал, ар кандай вирустук инфекция жана дененин кайсы бир жеринен жаракат алуу алып келиши мүмкүн.

Кант диабетинин белгилери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кант диабетинин алгачкы белгилерине – суусоо, бат-бат заара ушатуу, шалдыроо, тамакка аппетит ачылганы менен арыктоо мүнөздүү. Адам суусайт, канчалык суу ичсе дагы суусуну канбайт. Кээде 5-10 литрге чейин ичет, оозу кургайт. Сууну көп ичкендиктен түнкүсүн ажатканага тынбай чуркайт. Ушул үч белгини байкабай жүрө берсе, адамдагы кандын составындагы кант 20- 25ге чыгып кетет. Негизги кандын составындагы канттын нормасы 4 - 4.5м.моль\литр болушу керек.

Инсулин деген эмне?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кант диабети менен ооругандарга ийне менен сайылчу инсулин оорулуу үчүн аба менен суудай зарыл. Андыктан кант диабетине кабылган чоң адамдардын отуз пайызы күнүнө бир же эки жолудан инсулин сайынууга аргасыз болсо, жаш балдарга инсулинди беш ирет сайууга туура келет. Диабеттин биринчи түрү менен ооругандар таблетка түрүндөгү дары-дармектер менен дарыланышат. Ал эми экинчи түрү 30 жаштан жогорку адамдарда көп кездешет, буларда уйку без аркылуу инсулин бөлүнүп чыкпай калат да, дайыма ийне менен сайылчу инсулинди алып туруулары зарыл болот. Кыргызстанда алардын саны ушу тапта 5 миңден ашуун.

Оорулуу диагнозу аныкталгандан кийин, эндокринологдорго учетко туруп, убагында дарыгерге кайрылып, инсулин алып, берген дары-дармектерди ичип туруусу зарыл. Эгер адиске кайрылбай, оорулуу диетаны сактабаса, инсулиндик терапия албаса, спирт ичимдигин ичсе 3-5 жылдын ичинде өтүшүп кетет. Кант диабети бардык органдарды жабыркатат. Биринчи боор, бөйрөк, анан буттун кан тамырлары ичкерет, андан кийин көздүн кан тамырлары ичкерип жарыла баштайт. Кан тамырлар ичкергенде бармактары соолуп, чирий (мындай учурда бут эч нерсени сезбей калат) баштайт. Муну "гангрена" деп коёт. Кышында бут үшүйт. Жылытам деп батерияларга сала коюп күйгүзүп алгандар да болот. Күйгөн жерден инфекция кирип ириңдейт. Жара чыкса дагы айыкпайт. Кээ бирөөлөр тырмак алып жатып тырмактын четиндеги этин кошо жулуп алат. Ошондо ичкерип турган кан тамыр кошумча факторлордун кесепетинен катуулап, өтүшүп кетет. Андан тышкары тар же катуу бут кийим кийгенде мозоль пайда болот, андан ырбайт же тикен кирет. Ириңдеп олтуруп сөөккө өтүп, сөөктү кошо чирите баштайт. Муну "Остемилит", кыргызча "Кулгуна" деп коёт.

Кант диабети менен ооругандар диета кармашы керек[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кант диабет оорусу менен ооругандар диета кармаш керек. Сүт азыктары кант диабетинин алдын алат жана ооруп калгандар үчүн да эң зарыл.

Майлуу, чучук, казы- карта, таттуу жана камыр тамактарды токтотуп, жеңил витаминдүү тамактарды жеш керек. Тырмак алаар алдында 20-30 мүнөт мурун бутун жылуу сууга жибитиши зарыл. Мозоль болтурбоо үчүн, бут кийимди бир размерге кенен кийиши керек.

Кант диабети боюнча статистикада[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргызстанда 33 миң адам кант диабети менен жабыркайт. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2009-жылы инсулинге 63 миллион сом, ал эми бул жылы 65 миллион сом сарпталган. Ага карабастан инсулин дагы деле жетишсиз.

Инсулин Кыргызстанга Американын, Франциянын, Даниянын фирмаларынан, таблеткалар негизинен Германиядан келип түшөт. Кыргызстан бул мамлекеттерден келип түшкөн дарылар үчүн карыздарын жоялбай келет. Ошондой эле кант диабети менен ооругандар үчүн мыйзам иштебей келаткандыктан, эл бул дарыларды сатып алууга аргасыз экенин белгиледи Кыргызстандын кант диабетиктеринин ассоциациясынын президенти Светлана Мамытова: Мыйзам боюнча кант диабети менен ооругандар дары-дармектерди бекер алышы керек. “Балдардын салмагынын тез жогорулашы башкача айтканда семириши, кант диабети коркунуч туудурууда. Учурда балдар чипсы, гамбургер башкача айтканда тез даярдалуучу тамактарды же болбосо фаст-фуддарды жешип, газдалган суусундуктары ичүү менен организимин бузушууда”, - дейт дарыгер.

Эл аралык статистика боюнча[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дүйнө жүзүндө кант диабети менен жабыркаган балдардын саны 150 миллионго жетти. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму жыл сайын кант диабетине чалдыккандардын саны 5-7 пайызга жогорулагандыгын маалымдайт.

Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]