Инсульт

Википедия дан

Инсульт (апоплексия, мээге доо кетүү) — бул жүрөккө же мээге келүүчү кандын агымына тоскоолдук жаралып, кан тамырлардын бүтөлүшүнөн келип чыгуучу катуу оору. Анын эң көп кездешкен себеби – жүрөктү же мээни кан менен камсыз кылуучу кан тамырлардын ички бетинде май катмарларынын пайда болушу. Мээдеги кан тамырдан кандын агып же ал жерге кандын уюп калышы дагы инсульт оорусунун келип чыгышын шарттайт[1].


Ишемиялык Инсульт сутканын бардык мезгилинде кармай берет, кээде акырындап башталат: адегенде колу, анан бир жак бети шал болот, андан кийин сүйлөй албай калат. Инсультту неврологиялык ооруканада дарылоо жакшы натыйжа берет. Үй шартында оорулууну дарылоо жана багуу, ошондой эле күчүркөнүүдөн сактоо өтө кыйын. Оорулуу ооруканадан чыгып келгенден кийин жакшылап багуу талап кылынат.

Классификация[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсультту эки негизги категорияга бөлүүгө болот: ишемиялык жана геморрагиялык инсульт. Ишемиялык инсульт баш мээнин кан менен камсыздалуусунун начарлашынан, ал эми геморрагиялык инсульт кан тамырдын жарылышынан же кан тамырлардын бейжай түзүлүшүнөн келип чыгат. Инсульттун 87% га жакыны ишемиялык, калганы – геморрагиялык инсульт.

Ишемиялык инсульт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ишемиялык инсульт мээдеги кан тамырдын тосулуп калышынан улам пайда болот. Атеросклероз деп аталган кан тамырларды каптаган май кабаттары ишемиялык инсульттун негизги себеби болуп саналат. Май кабаттары эки түрдүү тоскоолдукту жаратышы мүмкүн:

  • Церебралдык тромбоз – кан тамырдын ичиндеги майлуу чолпучада пайда болуучу тромб (уюган кан).
  • Церебралдык эмболия – бул кан айлануу тутумунун башка жерлеринде, адатта, жүрөктө жана көкүрөктүн жогору жагындагы, моюндагы ири артерияларда пайда болуучу уюган кан. Уюган кандын бир бөлүгү үзүлүп, канга өтүп, абдан майда кан тамырларга жеткенге чейин мээнин кан тамырлары аркылуу өтө баштайт. Эмболиянын негизги себеби – бул жүрөктүн фибрилляциясы деп аталган бир калыпта эмес кагышы. Бул жүрөктөгү уюган кандардын пайда болушуна, алардын сүрүлүп чыгып, мээге жылышына алып келиши мүмкүн.

Геморрагиялык инсульт[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Геморрагиялык инсульт жалпы инсульт ооруларынын 13% түзөт. Бул кан тамырдын иштешинин начарлашынан улам пайда болуп, анын жарылышына алып келет. Мындан улам, жанындагы ткандарга кан топтолуп, көп көлөмдөгү пайда болгон кан мээнин тканына басым жасап, натыйжада алардын иштеши бузулат.

Геморрагиялык инсульттун эки негизги түрү бар:

  • Кандын мээнин ичинде агышы, инсульттун бул түрү негизинен мээнин ичинде пайда болот (мээдеги артерия жарылып, айланадагы ткандарды канга толтурганда), же ички паренхималдык кан агуудан (мээнин ткандарына кан куюлуудан) же жүрөктүн ички көңдөйлүү бөлүгүнө кан куюлуудан (мээнин карынчылар тутумуна кан агуудан) келип чыгат. Мээ инсульту – бул Кыргыз Республикасында өмүрдүн кыскалыгын шарттаган өлүмдүн негизги себептеринин бири.[i]
  • Субарахноиддик кан агуу, негизинен, мээ ткандарынын сыртында, бирок баш сөөктүн ичинде, арахноиддик жана мээнин жумшак кыртышынын ортосунда жүрөт

Оорунун жышаандары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын бетинин күтүүсүз кубаруусу, колунун же бутунун, көпчүлүк учурда дененин бир тарабынын алсырашы инсульттун эң көп тараган жышаандарынын бири болуп саналат. Ал эми оорунун башка жышаандарына күтүүсүздөн пайда болуучу төмөнкү жышаандар кирет:

  • беттин, колдун же буттун, айрыкча дененин бир жагынын сенейиши;
  • акыл-эстин тумандашы, сөздөрдү айтууда же түшүнүүдө кыйынчылыктын жаралышы;
  • бир же эки көз менен теӊ көрүүнүн кыйындашы;
  • басуу кыйынчылыгы, баш айлануу, тең салмактуулуктун бузулушу;
  • эч себепсиз кескин баш оорунун пайда болушу;
  • эсинен тануу же эсин жоготуу.

Инсульттун кесепеттери мээнин кайсы бөлүгү жана канчалык деңгээлде жабыркагандыгына байланыштуу болот. Инсульт дененин бир гана бөлүгүнө, мисалы, бетке, колго же бутка таасир этиши, кээде дененин бир бөлүгүн толугу менен шал кылышы мүмкүн. Ал эми инсульттун өтө оор түрү күтүүсүздөн өлүмгө алып келиши да ыктымал.

Дарылоо[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсультту дарылоонун үч баскычы бар:

  • ооруну алдын алуу;
  • инсульттан кийин дароо жүргүзүлүүчү терапия;
  • инсульттан кийинки калыбына келтирүү иштери.

Алгачкы же кайталануучу инсульттун алдын алуу ыкмалары артериалдык гипертензия, жүрөктүн алдыңкы бөлүгүнүн фибрилляциясы жана диабет сыяктуу инсульттун негизги тобокелдиктерин болтурбоого негизделген. Катуу инсультту дарылоо ишемиялык инсультту пайда кылуучу уюган канды тез эритүү же алып салуу менен, же болбосо геморрагиялык инсульттагы кандын агышын токтотуу менен аталган ооруну жеңилдетүүгө багытталат. Инсульттан кийинки калыбына келтирүү иштери инсульттан улам келип чыккан майыптыкты жеңүүгө жардам берет. Дарылоо же дары-дармек терапиясы инсультту дарылоонун эң кеңири тараган ыкмасы болуп саналат. Инсульттун алдын алуу же дарылоо үчүн колдонулуучу белгилүү дары-дармектер – бул антитромботикалык дары-дармектер (антиагреганттар жана антикоагулянттар) жана тромболитиктер деп аталган тромбдорду эритүүчү дары каражаттары.

Оорунун кесепеттери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсульт баш мээнин оорусу болгонуна карабастан, ал адамдын бүт денесин жабыркатат. Инсульттан улам пайда болгон эң көп кездешүүчү майыптык гемиплегия деп аталуучу, дененин бир тарабынын толук шал болуп калуусунан келип чыгат. Ал эми шал сыяктуу алсыратпаган майыптык – бул дененин бир тараптуу алсызданышы же гемипарез. Инсульт ой жүгүртүү, акыл-эс, көңүл буруу, окуу жана эс тутумга байланыштуу көйгөйлөрдү жаратат. Инсульт менен ооруган адамдар көп учурда түшүнүү же сүйлөөнү калыбына келтирүү жагынан кыйынчылыктарга туш болушу мүмкүн. Инсульт эмоционалдык көйгөйлөрдү дагы жаратат. Инсультка чалдыккан бейтаптар эмоцияларын башкара албашы же орунсуз эмоцияларды билдириши мүмкүн. Инсульт менен ооруган адамдардын көпчүлүгү депрессияга кабылып, сенек болот же ар кыл сезимдерди баштан кечирет. Көбүнчө кол жана буттун ооруганы күчөп, кыймыл жасаганда, температура өзгөргөндө, айрыкча төмөндөгөндө күчөйт.

Кайталануучу инсульт абдан көп кездешет: биринчи инсульттан кийин калыбына келген адамдардын 25 пайызга жакыны 5 жылдын ичинде дагы бир жолу инсультка кабылышат.

Ооруну алдын алуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсульттун үй-бүлөлүк анамнези белгилүү орун ээлесе дагы, айрым тобокелдик факторлорун башкарууга болот.

  • Эгер кан басымыңыз жогоруласа, аны көзөмөлгө алуу үчүн дарыгерге кайрылыңыз. Көпчүлүк адамдар адатта, эч кандай жышаандары байкалбаган жүрөк оорулары жана инсульт үчүн чоң коркунуч туудуручу кан басымынын жогорулашын капарга алышпайт. Инсульттун алдын алуу үчүн кан басымыңызды жөнгө салуу эң маанилүү нерсе.
  • Эгер тамеки чексеңиз, аны таштаңыз.
  • Эгер сизде кант диабети болсо, ага көз салууну үйрөнүңүз. Кан басымынын жогорулашындагыдай эле, диабетинин да адатта эч кандай жышаандары байкалбайт, бирок ал инсульт ыктымалдыгын жогорулатат.
  • Эгерде салмагыӊыз ашыкча болсо, мүнөздөп тамактаныӊыз да, дайыма спорт менен машыгып жүрүӊүз.


[i] Үйүндө каза болгон адамдардын тастыкталган «инсульт» диагнозунун анализи - http://hpac.kg/wp-content/uploads/2016/02/Stroke_RUS_UPDATED.pdf

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Инсульт: себептери, коркунуч факторлору жана симптомдору