Кальциноз
Кальциноз — организмдин орган жана тканына кальций тузунун топтолушу. Картаң кишилерде акиташ коко жана кабырга кемирчектерине чогулат. Чогулган жерине жана мүнөзүнө жараша дистрофиялык, метастаздык, метаболиялык болуп бөлүнөт.
Түрү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дистрофиялык кальциноз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дистрофиялык каьциноз ткандардын кээ бир жеринде зат алмашуу бузулганда, көбүнчө ткань дистрофияга учураганда жана чиригенде байкалат.
Метастаздык кальциноз
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Метастаздык кальциноздо кальций алмашуусунун бузулушунан канда кальцийдин концентрациясы көбөйөт. Мисалы, сөөк ткандарын бузуучу процесстерде (Остеомиелит, миелома жана башка) кальций туздары канга чыгып, андан өпкөгө, карындын былжыр челине, миокард, бөйрөк, артерия капталдарына чөгөт. Метаболиялык кальциноз канда кальцийдин концентрациясы ашыкча болбосо деле пайда болот. Ал көбүнчө териге, тери алдындагы клетчатка, булчуңдарга, муундарга жана башка ткандарга топтолот.
Дарылоо
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дарылоо кальцинозду пайда кылган себептерге жараша жүргүзүлөт.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8