Мээ

Википедия дан
Мээнин түзүлүш схемасы: I— капталынан; II— астынан керүнүшү: 1— кара куш мээ; 2— мээ жарым шарынын кежиге бөлүгү; 3— мээ жарым шарынын чоку бөлүгү; 4— мээ жарым шарынын маңдай бөлжүгү; 5— туурасынан кеткен буткул (жыт сезгич мээ); 6— мээнин чор денечеси; 7— мээнин тунук тосмосу; 8—көрүү урчугу; 9—эпифиз; 10—мээ жарым шарынын чыкый бөлүгү; 11— гипофиз; 12— көпүрөчө; 13—сүйрү мээ; 14— сүйрү мээнин пирамидасы; 15—мээнин жыт сезүү уңгусу; 16— көрүү нерви; 17— көз кыймылдаткыч нерв; 18— үч ача нерв; 9— бет нерви; 20— адашма нерв.

Мээ — нерв системасынын борбордук бөлүгү. Баш сөөк көңдөйүндө жайгашкан.

Кишинин мээси

Мээ тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адамдын мээси болжол менен 900 — 2000 гга жетет. Ымыркай баланын мээсинин салмагы 334—340 г. Курсактагы жана бир жашка чейинки баланын мээси өтө тез өсүп, бара-бара жайлайт.
Мээ 20 жашка чейин өсөт. Картайганда башка органдар сыяктуу эле мээ кичирее баштайт. Адамдын мээси айлана чөйрөдөн жана ички органдардан кабыл алынган кабарларды тынымсыз кайрадан иштеп чыгып, аларды анализдейт жана синтездейт, салыштырат. Ар бир орган менен системанын ишин тактайт, аларды башкарып, бир тартипке салат. Мээ териде, булчуңда, муунда, ички органдарда, көздө, кулакта, тилде жайгашкан сезгич рецепторлор аркылуу айлана-чөйрөдө болуп жаткан ар түркүн кабарларды кабыл алып, айлана-чөйрө менен тыгыз байланышта болот.

Эволюция[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эволюциялык өөрчүшү боюнча адамдын мээси эң байыркы жана жаңы бөлүктөн турат.
Мээнин байыркы бөлүгүн анын сүмбөсү жана кара куш мээ түзөт. Мээ сүмбөсүнө сүйрү мээ, көпүрө, ортоңку мээ кирет. Ал эми мээнин жаңы (кийинки) бөлүгүн анын эки чоң жарым шары түзөт. Мээ сүмбөсүндө (сүйрү мээде, көпүрөдө, ортоңку мээде жана аралык мээде) көп сандаган түрдүү милдеттерди аткаруучу нерв клеткалары — борборлор жайгашкан (Баш мээ нервдери).

Сүйрү мээ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сүйрү мээ мээнин эң арткы бөлүгү. Сүйрү мээде жүлүндүн ортоңку каналы кеңейип, чоң көңдөйчөнү (карынча) түзөт. Бул көңдөйчөнүн жогору жагы жука кан тамыр чиеленишинен туруп, мээжүлүн суюктугун бөлүп чыгарат. Сүйрү мээнин капталы нерв жипчелеринен туруп, калың болот. Сүйрү мээде дем алуу, кан айлануу, жутуу жана кусуу борборлору жайгашкан.


Ортоңку мээ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ортоңку мээ кара куш мээ менен көпүрөнүн алды жагында жайгашкан. Анын капталы калың, сүйрү карынчасын таламустун карынчасы менен байланыштыруучу каналы бар. Калың капталында кээ бир рефлекстик борборлор: алгачкы көрүү жана алгачкы угуу борбору, ошондой эле булчуңдарды чыңоо борбору орун алган. Мээнин сүмбөсүндө жайгашкан көп борборлордун ичинен тор сымал түзүлүштүн (формациянын) мааниси чоң. Ал өтө чоң жана кичине борборлордон туруп, бири-бири менен нерв жипчелери аркылуу байланышкан. Бул формация (түзүлүш) өзүнүн нерв жипчелери аркылуу борбордук нерв системасынын бардык бөлүктөрүн байланыштырып турат.

Аралык мээ[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аралык мээ эки чоң жарым шардын астында жайгашып, мээнин сүмбөсүн чоң жарым шарлар менен туташтырат. Ага оң жана сол көрүү дөңчөлөрү кирет. Бул дөңчөлөр аркылуу мээ кыртышындагы көп сандаган борборлорду карай жана ал борборлордон артты көздөй сезгич жана жооп кайтаргыч нерв жипчелери өтөт. Аралык мээге көрүү дөңчөсүнүн алдындагы мээ бөлүктөрү да кирет. Мээнин анча чоң эмес бул бөлүгүндө кырктан ашык ар түрдүү борборлор бар. Көрүү дөңчөсүнүн алдында нерв клеткаларынын чогулган жери гипоталамус деп аталат. Анда дене температурасын, зат алмашууну (суу, туз, углевод жана башкалар), кан басым жана уйкуну жөнгө салуучу борбор жайгашкан. Түзүлүшү жана физиологиялык аткарган милдети боюнча мээнин бул бөлүгү гипофиз бези менен тыгыз байланышкан. Мээ сүмбөсүнүн үстүнөн жана арт жагынан каракуш мээ басып турат. Адамдын алдыңкы мээси эки (оң жана сол) чоң жарым шардан турат. Мээнин чоң жарым шарлары ак жана боз заттан турат. Нерв талчаларынан түзүлгөн ак зат жарым шардын ичинде жайгашкан. Ал эми нерв клеткаларынан түзүлгөн боз зат жарым шардын үстүндө жайгашып, мээ кыртышын түзөт. Мээ кыртышынын калыңдыгы 2—5 мм. Бул эки жарым шарды узунунан кеткен терең жарака бөлүп турат. Эки жарым шар бири-бири менен бир нече млн нерв жипчелеринен турган бириктиргич чор денече аркылуу бириктирилген. Бул бириктиргичтеги көп сандаган нерв жипчелери аркылуу жарым шарлар бири-бири менен кабарлашып, мээнин иши так жана ишенимдүү аткарылат. Жарым шарды каптаган мээ кыртышы көп сандаган буткулдарга (жылгаларга) бөлүнгөнсүп турат. Бул буткулдар мээ кыртышынын бетин чоңойтот. Алар түрдүү тереңдикте болот. Эң терең жылгалар ар бир жарым шарды маңдай, чыкый, эмгек, арткы жана аралча бөлүктөрүнө бөлөт. Мээ кыртышында эң көп борборлор орун алган. Алар функциялык өзгөчөлүгү, аткарган милдеттерине жараша мээ кыртышынын бел гилүү бөлүктөрүндө жайгашат. Мээ кыртышындагы борборлор аркылуу чечим кабыл алынып, ар бир аткаруучу органдарга жиберилип турат. Ар бир жарым шардын тереңинде (кыртыш алдындагы) топ-топ борборлор жайгашкан. Алар эң татаал кыймыл-аракетти уюштурат жана эмоцияга жооп берет.

Ак заттын функциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жарым шарлар менен нерв борборлорунун арасында ак заттан турган нерв жипчелери бар. Алар борбордук нерв системасына сырттан жана ичтен түрдүү кабарларды жеткирип турат. Ал эми мээнин бардык бөлүктөрүнүн ичинде алардын карынчасы деп аталган көңдөйлөр бар. Бул карынчалар кан тамыр чатыштары бөлүп чыгарган мээ — жүлүн суюктугу менен толгон. Демейде бул суюктук мээ жана жүлүндүн жалтырак (кан тамырсыз) катмарынын алдына бөлүнүп чыгып, андан ары вена кан тамырына өтүп турат.

Мээ кабыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мээ кабыктары — мээ жана жүлүндү сыртынан каптап турган тутумдаштыргыч ткандуу катмар. Ал үч катмардан турат: катуу, желе сымал жана кан тамырлуу. Алардын эң ичкисинде артерия жана вена кан тамырлары көп болгондуктан кан тамырлуу мээ кабыктары деп аталат. Бул кабык мээге тыкыс жайгашып, анын кобулдарына кирип турат да, кан менен камсыз кылуу, мээ суюктугун иштеп чыгаруу кызматын аткарат. Мээнин желе сымал кабыгында кан тамырлар болбойт, абдан жука жана назик келет. Мээнин катуу кабыгы калың жана катуу болот, оңой менен чоюлбайт. Анын ички бети жылма, жылтырак жана нымдуу болот. Бул кабыктан мээни көздөй катуу мүйүзчөлөр ажырайт. Булар мээни бөлүмдөргө бөлүп, аны чайкалуудан сактайт. Мээнин катуу кабыгы жүлүн тушунда экиге ажырап, сырткы (сөөк алдындагы) жана ички (май клетчаткасы менен вена кан тамырлар чиеленишинен турган) көңдөйчөлөрдү түзөт. Мындай көңдөйчөлөр мээнин желе сымал кабыгы менен, ошондой эле баш терисинин веналары менен байланышта болот. Бул аркылуу мээ суюктугу вена канына кошулат, ошондой эле мээнин катуу кабыгынын көңдөйүндөгү вена каны баш терисинин сырткы вена тамырларына чыгарылып турат. Мээнин катуу кабыгынын өзүнүн вена, артерия кан тамырлары жана нервдери бар. Бул катуу кабык мээни куту сымал каптап, аны сырткы күчтүн урунуу таасиринен сактайт. Мээнин катуу кабыгы менен баш сөөгүнүн ортосунда бир аз боштук болот. Мээ кабыктарынын беттешкен жерлеринде мээ суюктугу менен толгон боштуктар бар. Мээнин кан тамырлуу кабыгы менен желе сымал кабыгынын арасындагы боштук бардык жеринде бирдей болбостон, кээ бир жеринде кенен келип, мээ суюктугун топтоочу көңдөйчөлөрдү түзөт.

Мээнин чайкалышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мээнин чайкалышы баштын демейде жабык жабыркашынан пайда болот. Мында мээ заты бузулбайт, бирок нерв клеткаларынын иштеши убактылуу бузулуп, мээнин айрым бөлүктөрүнүн байланышы үзүлөт да, анын функциясынын бузулушу байкалат. Мээ чайкалганда адам эстен танат (бир нече секундадан бир канча саатка чейин). Эсине келгенде кускусу келип, жүрөгү айланат, башы ооруйт; травманын алдындагы окуя эсинде калбайт. Өңү кубарып (же кызарып), тамыры тез-тез кагат, алы кетип, тердеп, уйку басышы мүмкүн. Мындай абал 1—2 жумадан кийин акырындык менен жоголот. Мээнин чайкалышынын оордугуна жараша жана тынч режим толук сакталбаса оорулуу алсырап, тез чарчайт, башы ооруп, туталанат, эмгекке жөндөмдүүлүгү начарлайт жана башкалар Мындай белгилер айлап, ал түгүл жылдап байкалышы мүмкүн. Баш жабыркаган учурда (айрыкча эстен танып, куса баштаса) оорулуу сөзсүз врачка кайрылууга тийиш. Мээ чайкалганда оорулууну төшөккө жаткырып (такыр кыймылдатпай жаткыруу убагын врач аныктайт), башына муздак нерсе басуу, кусса башын буруп коюу керек (Баш травмасы).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8