Аракечтик

Википедия дан

[[File:William Hogarth - Gin Lane.jpg|thumb|William Hogarth. Аракечтик

— спирт ичкиликтерин такай ичүү; адамдын ден соолугуна жана иштөө жөндөмдүүлүгүнө, жашоо турмушуна, ошондой эле коомдун жыргалчылыгына залал келтирет.[1]

Спирт ичкиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Спирт ичкиликтери адамзатка байыртан белгилүү. Эң байыркы доордо эле спирт ичкиликтерин майрамдарда (ай жаңырганда, аңчылык олжолуу болгондо) чогулуп ичишкен. Коомдун социалдык түзүлүшү татаалдана баштагандан улам ичкилик ичүүгө бара-бара жеке мамиле жасалып, муну менен бирге Аракечтиктин өнүгүшүнө шарт түзгөн факторлор да көбөйө берген.

Аракечтиктин психологиялык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аракечтик социалдык жактан шартталган жана анын психологиялык себептери бар.Айрым адамдарга ичкилик ичүүгө психологиялык себептер түрткү берет. Тышкы чөйрөгө кыйындык менен көнүү, айланасындагылар менен болгон чыр-чатактар, канааттанбагандык, жалгыздык, түшүнбөөчүлүк, чарчап-чаалыгуу, өтүмсүздүк, кандайдыр бир мамилелерде өз кемчиликтерин түшүнүү жана башка дискомфорттун (өзүн жаман сезүү) психикалык абалын пайда кылат. Мындай абал алкогол[2] таасири менен убактылуу жеңилдейт. Бирок бардык эле жагымсыз учурлар алкоголдун жардамын талап кыла бербейт.

Аракечтиктин социалдык абалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Бул жеке тажрыйбага, алкоголго жекече мамиле кылууга, ошондой эле социалдык кырдаалга жараша болот. Социалдык кырдаал спирт ичкиликтерин ичүүгө шылтоо гана болбостон, ошондой эле аны ичүүнү азайтууга да түрткү берет. Алкоголду закондуу түрдө жана адептүүлүк менен азайтууга болот. Адам башына кыйынчылык түшкөн мезгилде өзүн кармана билүү мүмкүнчүлүгү төмөн болсо, ал ичкиликке тез берилип, аны ичүүнү токтотууга эрки жетпейт. Бирок бул топко айрым гана адамдар кирет, алар социалдык көзөмөлгө, психологиялык жардамга муктаж. Коом ичкилик ичкендерге канчалык кайдыгер караса, адам коомдун сергек абалына тез көнө албаса, аракечтик ошончолук кеңири тарайт. Акакечтик көбүнчө социалдык көзөмөлгө баш ийбеген же жалпыга бирдей социалдык нормалардан четте калган адамдар кабылат. «Бирөөнү туурап» ичкилик ичкендер деп аталгандар да бар, андайларга коом канчалык келишүүчүлүк менен мамиле кылса, алар ошончолук көбөйөт. «Бирөөнү тууроо» — шарттуу гана аталыш. Анын чыныгы себеби адептүүлүк нормаларынан четтеген, арзыбаган канааттануу алууга умтулуу, ошондой эле аракечтиктин адамдын керт башына жана коомго келтирүүчү кесепеттери жөнүндөгү түшүнүктүн тардыгы болуп саналат.

Аракечтик жаштарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алсак, ичкиликти психикалык жактан жетиле электер (жаштар) же интеллектуалдык жактан жетиштүү өнүгө элек адамдар ичишет. Жаштар арасында «бирөөнү туурап» мас болуунун таркалышына алкоголдун жан сергитер таасири жөнүндөгү, аз ичсе эч зыяны жок, аны ичүү эр жеткендиктин, күчтүүлүктүн күбөсү деген жалган ой-пикир көмөктөшөт. Өтө жакындарынын (ата-эненин, досторунун) тийгизген таасири маанилүү орунду ээлейт, алар жаш адамдын калыптанышына жана анын ичкиликке болгон мамилесине кыйла деңгээлде таасир берет.

Аракечтин келип чыгышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аракечтин келип чыгышына жана таркалышына үй-бүлөнүн ролун изилдеген учурда ата-эненин ичкилик ичиши, ошондой эле бала кезинен туура эмес тарбиялоо, ашыкча эркелетүү, же тескерисинче кароосуз калтыруу, балага ата-эненин кайдыгер мамилеси, алардын өздөрүнүн жосунсуз жүрүш-турушу, үй-бүлөдөгү чыр-чатак жана башка түрткү болот.

Аракечтиктин коомго келтирген зыяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аракечтин жеке жана коомдук турмушка зыяны чоң. Ичкиликти дайыма эмес, анда-санда иче коюу да адамдын ден соолугуна зыянын келтирип, үй-бүлөнү бузат, балдарды тарбиялоого терс таасир берет. Аракечтер коомдун жана мамлекеттин алдында жоопкерчилик сезимин жоготушат, ээн баш аракеттерге жана башка укук тартибин бузууларга барышат. Аракечтик өндүрүшкө да зыян келтирет, эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн төмөндөшүнө, эмгек тартибинин бузулушуна, өндүрүштүк кокустуктарга, адамдардын өлүмүнө себепкер болот. Ичкен кишинин жүрүм-туруму өзгөрөт, ал уятсыз, калпычы болуп, үй-бүлөнүн кызыкчылыгына көңүл бурбай калат, өзүнчө же көрүнгөн киши менен шылтоо таап ичүүгө аракет кылат. Адамдык сапаттарынан ажыратып, калктын турмуш деңгээлинин төмөндөшүнө алып келет.

Ден соолукка зыяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алкоголь адамдын бардык системалары менен органдарына кыйраткыч таасир бере тургандыгы аныкталган. Ичкиликти такай ичүүнүн натыйжасында өзүнүн канча ичкенине контролдук кыла албай, дайыма ичкиси келип, борбордук жана четки нерв Системасынын (психоздор, невриттер жана башка) ички органдардын иштеши бузулат ( Өнөкөт аракечтик). Ал тургай адеп ичкенден эле психиканын өзгөрүшү (делөөрүү, өзүн кармай албоо, көңүл чөгүү жана башка) мас абалда өзүн өзү өлтүрүүгө түртүшү ыктымал. Мас абалда тең салмактуулук, аң-сезимдүүлүк, курчап турган чөйрөнү сергек кабыл алуу бузулуп, ар кандай кырсыктарга дуушарлантышы мүмкүн. Витамин алмашуунун бузулушу, алкоголдун ууландыруучу таасири нерв системасын бузуп, неврит, полиневрит оорусуна чалдыктырат (колу калтырайт, тили булдуруктайт, терчил болот, буту-колу муздайт, угуусу, жыт сезүүсү, көрүүсү начарлайт). Өнөкөт гастрит (карындын оорусу) адатка айланган аракечтен болот, ал эми боордун циррозу (кара сарык) ичкичтердин өлүмүнө себепкер болот. Аракеч уйку безинин оорусуна (панкреатит, кант диабети), стенокардияга, миокарддын инфарктына түздөн-түз чалдыктырат. Аракеч жыныс бездерине терс таасир тийгизе тургандыгы белгилүү: ичкичтердин үчтөн биринин жыныс функциясы төмөндөйт, түрдүү нерв оорулары (невроздор, депрессия жана башка) пайда болот. Аялдарда этек кири эрте токтоп, төрөбөй калуусу мүмкүн, боюнда бар учурда катуу токсикоз (талгак) байкалат. Аракеч адамды эрте картайтып, өмүрдү кыскартат (ичкичтердин өмүрү орточо статистикалык жаштан 15 жылга аз болот).[3]

Аракечтердин балдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аракечтердин балдары жана мас кезде бойго бүткөн балдар дене-бою, акыл эси жагынан жай өнүгөт (тили кеч чыгат, кеч басат жана башка), түрдүү кемчиликтер

менен төрөлөт. Чоңдорго караганда балдар ичкиликке тез берилери аныкталган: 15—17 жаштан тартып ичкендер 2—3 жылда, 13—15 жаштан ичкендер 1 жылда эле аракеч болуп калышат.

Аракечтик Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биздин өлкөдө Совет бийлигинин алгачкы күндөрүнөн тартып эле аракечке каршы күрөш мамлекеттин ички саясатынын маанилүү жактарынын бири болуп калды. Аракечке каршы иш жүргүзүү системасы социалдык мамлекеттин адептик көрсөтмөлөрүн аткарууга моюн сунбаган адамдарга коомдук, мамлекеттик чара көрүү менен катар тарбиялоо жана дарылоону айкалыштырган иш-чаралардын комплекси болуп саналат. Аракечке мамилени өзгөртүүгө: спирт ичкиликтерин ар кандай шылтоо таап ичүү мамлекеттин таламына, адамдын ден соолугуна, материалдык жана үй-бүлөлүк кызыкчылыкка зыян келтирген, социалисттик моралга жана совет адамынын адептүүлүгүнө ылайыксыз зыяндуу көрүнүш катары каралуусуна, калкты аракечке каршы тарбиялоого жетишүү зарыл. Мамлекеттик жана администрациялык органдардын, коомдук уюмдардын масчылыкка жана аракечке каршы күрөш жүргүзүүгө багытталган иш-чараларды жайылтуусу, коомчулукту жана эмгекчилердин кеңири массасын алкоголдун ден соолукка, турмуш-тиричиликке, эмгектенүүгө, коомдун жыргалчылыгына терс таасири жөнүндө ачык-айкын билимдер менен куралдандыруу аркылуу Аракечке каршы күрөшкө тартуу ар бир совет адамынын маанилүү милдети болуп саналат. Окуучуларга жана жумушчу жаштарга аракечке каршы тарбия берүү ишине өзгөчө көңүл бурулат. Закондо ичкиликти ичкен жана үй-бүлөсүн материалдык оор абалга калтырган адамдардын айрым укуктарын чектөө , каралган. Ыктыяры менен дарылануудан баш тарткан, эмгек тартибин жана коомдук тартипти бузган аракечтерди 1 — 2 жыл мөөнөтүндө мажбурлап дарылоо киргизилди.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Алкоголдук көз карандылыкты профилактикалоо
  2. Алкогол
  3. Алкоголизмден улам кардиомиопатия

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8