Өпкө

Википедия дан
Өпкө

Өпкө (латын тилинен pulmo, байыркы грек тилинен πνεύμων) — дем алуу органы.

Функциясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анда сырткы чөйрө менен организмдин ортосунда газ алмашуу жүрөт. Сырткы чөйрөдөн организмге кычкылтек өтүп, андан сыртка көмүр кычкыл газы бөлүнүп чыгат.

Сүрөттөмө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өпкө — жуп орган. Алар көөдөн көңдөйүндө, жүрөктүн эки жагында жайгашат. Сырткы көрүнүшү конус сымал. Алардын негизи боор этти карап, сырткы бети кабыргаларга тийип турат. Ал эми жогорку — төбөсү, моюнду карай акыректен 2—3 см жогору чыгып турат. Өпкөнүн жүрөктү караган бетинде анын дарбазасы бар. Ага бронх менен өпкө артериясы кирет да, венасы менен лимфа тамырлары чыгат. Бронх өпкөгө мурун көңдөйү, алкым, көмөкөй жана кекиртек аркылуу келген абаны алып кирип, кайрадан өпкөдөгү абаны алып чыгат. Кишинин өпкөсүнүн орточо салмагы 800дөн 1800 гга чейин жетет. Анын көлөмү дем алуу учурунда чоңоюп, ал эми дем чыгарганда кичирейип турат. Эркектердин өпкөсүнүн көлөмү 3700 см3, аялдардыкы 3000 см3, ал эми ымыркайдыкы болгону 70см3 ге гана барабар.

Өпкөнүн түзүлүшү. 1:Трахея 2:Өпкө артериясы 3:Өпкө көк кан тамыры 4:Альвеолардык жол 5:Альвеолалар 6:Сол өпкөнүн жүрөк оюму. 7:Бронхиолалар 8:Үчүнчүлүк бронхалар 9:Экинчилик бронхалар 10:Негизги бронхалар 11:Кекиртек

Анатомия[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Анатомиялык түзүлүшү боюнча оң өпкө сол . Өпкөдөн айырмаланат. Себеби оң өпкө үч, сол өпкө эки бөлүктөн турат. Ал эми жалпы көлөмү жана салмагы боюнча оң өпкө сол өпкөдөн 10%ке чоңураак келет. Өпкөнүн ар бир бөлүгү өзүнчө дагы бөлүктөргө ажырайт: оң өпкө 10 —11, ал эми сол өпкө 9 —10 бөлүктөн турат. Бул бөлүктөр өпкөнүн сигменти деп аталат. Ар бир сигменттин өзүнчө артерия, вена кан тамырлары жана бронхиолдору бар. Бул бронхиолдор акырындап дем алуучу бронхиолдорго бөлүнөт.
Ал эми ар бир дем алуучу бронхиолдор альвеола жолчолоруна ажырайт. Бул альвеола жолчолорунун керегесинде эң эле көп былжырлуу исиркектер бар. Ал исиркектер альвеола баштыкчалары деп аталып, алардын саны 300 млрдга чейин жетет. Бул дем алуучу бронхиолдор, альвеола жолчолору жана альвеола баштыкчалары сыртынан эң эле майда капиллярлар менен курчалып, дем алган абадагы кычкылтекти канга, ал эми кандагы көмүр кычкыл газын сыртка бөлүп чыгарат. Терең дем алуу учурунда өпкөнүн альвеолалары кеңеет. Ошентип, бир суткада өпкө альвеолалары аркылуу 15 миң лге чейин аба өтөт. Өпкө дем алган газды алмаштыруудан башка организмден сууну, газ абалындагы дарыларды жана алкоголду да бөлүп чыгарат. Ар бир өпкө сыртынан өтө эле жука, жылмакай чел кабык — плевра менен капталган.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8