Мазмунга өтүү

Лепра

Википедия дан
Лепра
Лепра менен ооруган 24 жаштагы бала
eMedicine med/1281  med/1281 
MeSH C01.252.410.040.552.386 C01.252.410.040.552.386

Лепра (проказа)(Хансен оорусу, хансеноз, хансениаз; эски аты — прока́за, elephantiasis graecorum, lepra arabum, lepra orientalis, финикийлик оору, satyriasis, аза тарткан оору, жалкоо өлүм, Ыйык Лазар оорусужана башка) — ала оорусу; адамдын өнөкөт жугуштуу оорусу. Ооруну кургак учук козгогучуна окшош кислотага туруктуу микобактериялар козгоп, организмге дем алуу органдарынын былжыр чели аркылуу кирет. Анын жугушуна витамин жетишсиздиги, тазалыктын жоктугу, жетишсиз тамактануу, калктын топтолушу жана башкалар шарт түзөт. Лепра Азия, Африка өлкөлөрүндө, Түндүк жана Борбордук Америкада жолугат. Козгогуч денеге киргенден кийин оору 4—6 жылга чейин билинбейт (жашыруун мезгил).

Лепранын дүйнөгө тарашы (2003).

Оорунун жүрүшү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адатта оору билинбей башталат: оорулуу адамдын жалпы абалы начарлап, эти ысыйт. Териде көптөгөн агыш же кызыл тактар пайда болот, оорууну, ысык суукту сезбей калат. Бара-бара тери катууланып, жарага айланат. Оорулуу убагында дарыланбаса чачы, кашы, кирпиги жыдып түшөт, мурдунан кан кетет, мурун тосмосу жоголуп, деформацияланат, бет түзүлүшү бузулат. Көрүү начарлап, кээде сокур болот, үнү кырылдап чыкпай калат. Муунуп, деми кыстыгат. Ички органдар да жабыркайт, шал болуп, буту-колу сыздап ооруйт. Сөөгү бузулуп, колу бутунун манжалары үбөлөнөт. Оорунун алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу керек. Сыркоологон адам атайын дарылоо мекемесине (лепрозорийге) жаткырылат.

Дарылоо көпкө (бир нече айдан, бир нече жылга чейин) созулат жана көп адистердин катышуусун талап кылат. Микробдорго каршы жүргүзүлө турган процедурадан бөлөк дагы ортопеддин, офтальмологдун, невропатологдун, физиотерапевттин консультациясы керек болуп калышы мүмкүн. Лепрага каршы терапия дапсон, рифампицин, клофазимин акыркы күндөрү миноциклин, офлоксацин жана кларитромицин каражаттарынын жардамы менен кылынат.Лепрозорийден чыккандан кийин оорулуу адам тегерегиндегилер үчүн коркунучсуз.

Алдын алууда үй-бүлөсү жана оорулууга жолуккандар диспансердик каттоого алынып, мезгили менен текшерүүдөн өтүп турушат.

Колдонулган адабият

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8