Тувалу
Тувалу | |||||
| |||||
Урааны: «Tuvalu mo te Atua (Тувалу — Кудуреттүү Кудай жакта)» | |||||
Гимн: «Tuvalu mo te Atua» | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 1-октябрь 1978-жыл | ||||
Расмий тили | тувалу тили, англис тили | ||||
Борбор шаары | Фунафути | ||||
Ири шаарлар | Фунафути, Ваиаку | ||||
Башкаруу формасы | Конституциялык монархия | ||||
Король Генерал-губернатор Премьер-министр |
Чарльз III Тофига Фалани Фелети Тео | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы |
191-орун - дүйнөдө 26 км² | ||||
Калкы • Бааланган (2021) • Жыштыгы |
11,900 адам (194-орун) 475,88 ад./км² | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы |
63 млн $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
63 млн $ 5,772 $ | ||||
АДӨИ | ▲ 0,641 (жогору) (130-орун) | ||||
Этнохороним | тувалулук, тувалулуктар | ||||
Акча бирдиги | Тувалу доллары (TVD) Австралия доллары (AUD) | ||||
Домени | .tv | ||||
ISO коду | TV | ||||
ЭОК коду | TUV | ||||
Телефон коду | +688 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +12:00 | ||||
Тувалу (тувалу Tuvalu, англ. Tuvalu), 1975-жылга чейин Эллис аралдары) — Тынч океанынын Полинезия аймагында жайгашкан мамлекет. Тувалу архипелагындагы 5 атолл жана 4 аралда жайгашкан. Аралдар 350 чакырымга чачырап жайгашкан, аралдардын ортосундагы аралык 50-100 чакырымды түзөт. Жалпы аянты — 26 км². Өлкөнүн калкы - 11 900 адам[1]. Борбору — Фунафути шаары.
Этимология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдары өзүнүн азыркы аталышын 1975-жылы гана алган жана тувалу тилинен которгондо «бирге турган сегизөө» деген маанини билдирет[2]. Биринчи европалык аралдарды ачкан Альваро Менданья де Нейра архипелагды «Лагуна аралдары» деп атаган жана 1819-жылы бул аралдар «Эллис аралдары» атылышын алган[3].
Тарых
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Байыркы мезгил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу элинин келип чыгышы болжол менен 3000 жыл мурун Тынч океанга адамдардын көчүп келүүсү жөнүндөгү теорияларда каралат. Европалыктар келгенге чейин, жакынкы аралдардын калкы, анын ичинде Самоа менен Тонганын ортосунда каноэ менен саякаттап турушкан[4]. Тувалунун тогуз аралынын сегизинде адамдар жашаган. Бул тувалу тилиндеги «бирге турган сегиз» дегенди билдирген Тувалу аталышынын келип чыгышына түрткү болгон. Нануманга үңкүрүндөгү өрттүн далилдери адамдардын аралдарды миңдеген жылдар бою жашап келгенин көрсөтүп турат.
Тувалу аралдарындагы маанилүү жаратуу мифтеринин бири — Тувалу аралдарын жараткан деп эсептелген те Пуси мо те Али (куртбалык жана арноглоссосымак балык) жөнүндөгү уламыш. Те Али (арноглоссосымак балык) Тувалунун жалпак атоллдорунун келип чыгышында манилүү ролду элеген деп эсептелет, ал эми те Пуси (куртбалык) тувалулуктардын жашоосунда маанилүү болгон Кокос пальмаларынын жаратуучусу деп саналат. Ар кайсы аралдарда отурукташкан тувалулуктардын ата-бабалары ар кандай болгон. Ниутао[5], Фунафути жана Вайтупуда жашаган тургундардын түпкү ата-бабалары Самоадан[6], ал эми Нанумеада жашаган тургундардын түпкү ата-бабалары Тонгадан келип отурукташкан деп айтылып келет[7].
Башка маданияттар менен алгачкы байланыштар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу биринчи жолу европалыктар тарабынан 1568-жылдын 16-январында Испаниядан келген Альваро де Менданиянын саякатто учурунда ачылган. Ал Нуиден өтүп, аны Исла де Хесус (испан тилинен которгондо «Ыйсанын аралы» деген маанини билдирет) деп картага түшүргөн. Мындай атап картага түшүрүнүн себеби болуп, аралдарды ачкан күндөн бир күн мурун «Ыйсанын ыйык ысмынын майрамы» белгиленген. Мендания аралдын тургундары менен суу үстүнөн байланышып, бирок кургактыкка түшө алган эмес[9][10]. Менданиянын Тынч океаны боюнча экинчи саякаты учурунда, 1595-жылдын 29-августунда Ниулакитадан өтүп, аны Ла Солитария деп атаган[11][9].
1764-жылы Дельфин аталыштагы кеменин капитаны Жон Байрон жер шарын айланып чыгуу учурунда Тувалу аралдарынан өткөн[12]. Ал азыркы Тувалунун атоллдорун Лагуна аралдары деп атаган. 1781-жылы 5-майда Филиппинден Жаңы Испанияга Тынч океанынын түштүгүнөн өтүүгө аракет кылган испан аскер-деңиз офицери Франсиско Мурель де ла Руа, Нанумея аралынан биринчи болуп өткөн жана аралды Сан Августин деп атаган.[13]
1809-жылы «Элизабетта» кемесинин капитаны Паттерсон Австралиянын Сидней шаарындагы Порт-Жексондон Кытайга соода сапары менен баратып, тувалунун түндүгүндөгү суулардан өтүп баратып Нанумея аралын ачкан[14]. 1819-жылы май айында Нью-Йорктук Арент Шейлер де Пейстер куралдуу бригантин «Ребекка» кемесинин капитаны, британиялык желектин астында Түштүк Тувалу сууларынан сүзүп өткөн[15][16]. Арент Шейлер де Пейстер Нукуфетау менен Фунафути аралдарын көрүп, англис саясатчысы, парламенттин депутаты жана «Ребекка» кемесиндеги жүктүн ээси Эдвард Эллистин урматынан Эллис аралы деп атаган[17]. Эллис деген аталыш англис гидрографы Александр Жорж Финдлейдин изилдөөлөрүнүн негизинде бул аймактагы бардык тогуз аралдарга берилген[18].
1820-жылы орус изилдөөчүсү Михаил Лазарев Нукуфетауга «Мирный» кемесинин башчысы катары барган[6]. «Ла Коквиллдин» капитаны Луи-Исидор Дюперри 1824-жылы май айында Жерди айланып чыгуу саякаты учурунда (1822-1825) Нанумангадан өткөн[19]. Капитан Керзендин, башчылыгы астындагы фрегат «Мария Рейгерсберг»[20] жана капитан Ээгдин башчылыгы астындагы корвет «Полукс» Нуи аралын 1825-жылдын 14-июнунда ачышып, негизги аралын Нидерланд Эйланд деп аташкан[21].
Аралдар XIX кылымдын аягында, Эллис аралдарын «Кюракоа» кемесинин капитаны Герберт Гибсон тарабынан Британиянын протектораты деп жарыяланган жана Британиянын таасири астында болгон.
Соода уюмдары жана соодагерлер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Соода-сатык менен алектенген компаниялар Тувалуда XIX кылымдын ортосунда активдүү иштерди алып барышкан. Соода-сатык менен алектенген компаниялар аралдарда жашаган ак терилүү (палаги) соодагерлерди жалдашкан. Тувалуга биринчи европалык болуп Жон О'Брайен (Жек деген ысым менен таанымал болгон) отурукташкан, ал 1850-жылдары Фунафутиде соодагерлик менен алектенген.
1892-жылы «Роялист» кемесинин капитаны Эдвард Дэвис ар бир аралдагы соода-сатык иштери жана соодагерлер жөнүндө баяндама даярдаган. Капитан Дэвис Эллистин маалыматтына ылайык төмөнкү европалык соодагерлер аныктаган: Эдмунд Даффи (Нанумеа), Жек Бакланд (Ниутао), Гарри Ниц (Вайтупу), Жон О'Брайен (Фунафути), Альфред Рестио, Эмиль Фенисо (Нукуфетау) жана Мартин Клейс (Нуи).[52][53] Ошол мезгилде палаги соодагерлеринин көбү атоллдордо жашашып, соода компанияларынын агенти катары кызмат кылышкан. Айрым аралдарда бир нече, бири-бири менен атаандаштык кылган соодагерлер болсо, кээ бир аралдарда бир гана соодагер болгон[22].
1890-жылдары Тынч океанындагы соода компанияларынын ишинде структуралык өзгөрүүлөр болгон; алар ар бир аралда соодагерлерди жайгаштыруу практикасынан баш тартып, кеме менен аралдарга алынып келинген товарлар арал тургундарына ортомчусуз түздөн-түз сатыла баштаган[22]. 1880-жылдары Тувалудагы палаги соодагерлеринин саны азайган, алардын акыркылары Ниутаодо Фред Уибли, Нукуфетауда Альфред Рестио жана Нуиде Мартин Клейс болгон. 1909-жылы соода компанияларын өкүлү болгон палаги соодагерлери толугу менен жоюлган.
Илимий экспедициялар жана саякатчылар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Чарльз Уилкс жетектеген Америка Кошмо Штаттарынын изилдөө экспедициясы 1841-жылы Фунафути, Нукуфетау жана Вайтупу аралдарына келген[23]. Бул экспедиция учурунда гравер жана иллюстратор Альфред Томас Агат Нукуфетаунун эркектеринин кийимдерин жана татуировкаларын кагаз бетине түшүргөн[24].
1885 же 1886-жылы Жаңы Зеландиялык фотограф Томас Эндрю Фунафути[25] жана Нуи[26] аралдарына саякат жасаган[27].
1890-жылы Роберт Луис Стивенсон, анын жубайы Фанни Вандегрифт Стивенсон жана анын уулу Ллойд Осборн Эллис аралдарынын Фунафути, Ниутао жана Нанумеа аралдарына келип бир топ манилүү маалыматтарды топтошкон[28].
1894-жылы граф Рудольф Фестетикс де Толна, анын жубайы Эйла жана анын кызы Бланш Хаггин Фунафути барышып эркектер менен аялдарды бир нече күн сүрөткө тартышып, тарыхый жактан чоң эмгектерди жаратышкан[29].
Колониялык башкаруу
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эллис аралдары 1892-1916-жылдары аралыгында Британиянын Батыш Тынч океан аймактарынын бир бөлүгү катары Гилберт аралдарында жайгашкан резидент комиссары тарабынан Британиянын протектораты катары башкарылган. Британиянын Батыш Тынч океан аймактарынын башкаруусу 1916-жылы аяктаган, Гилберт жана Эллис аралдарынын колониясы түзүлгөн, ал 1975-жылдын октябрына чейин Британиянын колониясы болуп эсептелген.
Экинчи Дүйнөлүк согуш
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Эллис аралдары Британиянын колониясы катары союздаштар бирлигине кирген. Согуштун башында Жапондор азыркы Кирибатидеги Макин, Тарава жана башка аралдарды басып алышкан. Америка Кошмо Штаттарынын деңиз аскерлери Фунафутиге 1942-жылдын 2-октябрында[30] жана Нанумеа менен Нукуфетауга 1943-жылдын августунда келишкен. Фунафути аралын жапон аскерлери басып алып, Гилберт аралдарына (Кирибати) деңиз аркылуу кол салууга даярдык көрүү үчүн база катары колдонушкан[31].
Аралдын тургундары америкалык аскерлерге Фунафути, Нанумеа жана Нукуфетауда аба майдандарын курууга жана кемелерден азык-түлүк түшүрүүгө жардам беришкен[32]. Фунафутиде аралдын тургундары америкалык аскерлерге Фонгафаледеги Фунафути аба майданын жана деңиз базасын курууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн кичинекей аралдарга көчүп кетишкен.АКШнын Патрулдук торпеда кайыктары жана суу учактары Фунафути аскер базасында 1942-жылдын 2-ноябрынан 1944-жылдын 11-майына чейин жайгашкан[33].
Согуштан кийин Фунафутидеги аскердик аэропортунун ордунда Фунафути эл аралык аэропорту иштеп баштаган.
Экинчи Дүйнөлүк согуштан кийин көз карандысыздыкка жетүү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Бириккен Улуттар Уюмунун түзүлүшү жана Бириккен Улуттар Уюмунун колонияны жоюу боюнча атайын комитетинин ишинин натыйжасында Тынч океанындагы Британ колониялары өз алдынча чечим чыгаруу укугун алышкан[34].
1974-жылы архипелагда референдум өткөрүлүп, анын натыйжасында калкынын көпчүлүгү полинезиялыктар болгон Эллис аралдары негизинен микронезиялыктар жашаган Гилберт аралдарынан бөлүнүп чыккан[35].
1976-жылы Тувалу долларын кабыл алган жана Австралия доллары менен бирге жүгүртүлгөн[36].
Эгемендик мезгили
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тоарипи Лаути 1978-жылы 1-октябрда Тувалу көз карандысыз мамлекет болуп калганда биринчи премьер-министр болуп шайланган. Бул күн өлкөнүн эгемендүүлүк күнү катары да белгиленет жана мамлекеттик майрам болуп саналат[37].
1982-жылы 26-октябрда Елизавета II тувалуга атайын падышалык сапары менен барган.
2000-жылдын 5-сентябрында Тувалу Бириккен Улуттар Уюмунуна 189-мүчөсү болуп кирген[38].
2022-жылдын 15-ноябрында, деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнөн улам, Тувалу өзүнүн маданий мурасын сактоо үчүн санариптик көчүрмөсүн түзүү пландарын жарыялаган[39].
2023-жылдын 10-ноябрында Тувалу Австралия менен Фалепили Биримдиги келишимине кол койгон[40]. Тувалу тилинде Фалепили жакшы коңшулуктун, камкордуктун жана өз ара урматтоонун салттуу баалуулуктарын сүрөттөйт[41]. Келишимде климаттын өзгөрүшү жана коопсуздук жөнүндө жазылган. Келишимди ишке ашырууда Австралия Тувалуга кошкон салымын көбөйтүүнү камтыйт[41]. Австралия ошондой эле Тувалунун 280 жаранына жыл сайын Австралияга көчүп келүүгө жол ачат, бул тувалулуктар үчүн климатка байланыштуу мобилдүүлүктү камсыз кылат[41].
География
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Полинезиялык Тувалу мамлекети экватордун түштүгүндө Тынч океанында жайгашкан атоллдордун жана аралдардын топторунан турат. Өлкөнүн борбору Фунафути атоллдо жайгашкан шаары Фижинин борбору Сува шаарынан 1050 чакырым түндүктө жана Австралиянын эң ири шаары Сиднейден 4000 чакырым түндүк-чыгышта жайгашкан[42]. Эң жакын аралдар Кирибати Республикасына таандык жана Тувалунун түндүк-батышында жайгашкан Гилберт аралдары жана түштүк-чыгышта Францияга таандык Уоллис жана Футуна аралдары жайгашкан.
Тувалунун кургактыгынын аянты болгону 26 км²[43], ал эми лагуналары ээлеген аймактын аянты 494 км² ашат[43]. Өлкө 5 атоллдо (Нанумеа, Нуи, Нукулаэлаэ, Нукуфетау, Фунафути), 3 жапыз коралл аралдарында (Нануманга, Ниулакита, Ниутао) жана бир атолл/риф аралында (Ваитупу) жайгашкан[44]. Аралдар түндүк-батыштан түштүк-чыгышка 595 км аралыкта жайгашышкан[42]. Архипелагдагы эң чоң арал — Ваитупу атоллу (5,09 км²), эң кичинекейи — Ниулакита атоллу (0,4 км²)[45]. Өлкөнүн эң жогорку чекити болгону 5 метрге гана жетет[43].
Тувалу аралдарынын эң түндүккүү Нанумеа атоллу, ал эми түштүккүсү Ниулакита. Аралдардагы эки аралдын ортосундагы эң кичинекей аралык 67 км (Нукуфетау/Ваитупу), эң алыскы аралыгы 172 км (Нуи/Ваитупу) чейин жетет.
Геология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу тогуз аралынын бешөөсү атоллдор. Чарлз Дарвиндин теориясына ылайык, атоллдордун пайда болушу жанар тоо аралдардын сууга чөгүшү жана алардын бетине акырындап кораллдын өсүшү менен байланыштуу.
Рифтердин бетинде толкундардын жана агымдардын таасири астында кум акырындык менен топтолуп, океан жээгинин толкундуу зонасында жээк тектери, таштардын сырткы жантайыңкы катмары пайда болгон. Натыйжада, кургактыктагы өсүмдүктөр өсө турган аянтчалар пайда болгон. Ал эми аралда топурактагы жогорку туздарга туруктуу өсүмдүктөр пайда болгон, алар тамырлары менен ар кандай чөкмө тектерди бириктирип, суу жана шамал эрозиясына тоскоол болгон.
Климат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалунун климаты ысык, тропикалык жана түштүк-чыгыштан соккон шамалдарынын таасири астында[46]. Эки мезгил так айырмаланат: жаанчыл жана кургакчылык мезгилдери. Жаан-чачындын 60% чейин өлчөмү жааган нымдуу мезгил ноябрдан апрелге чейин, ал эми кургакчыл мезгил майдан октябрга чейин созулат[44].
Жылдык орточо жаан-чачын болжол менен 3000 мм, бирок кээде бул көрсөткүч 4000 ммге чейин жетиши мүмкүн.
Өлкөнүн түндүгүндөгү аралдары түштүгүндөгү аралдарга караганда кургакчыл климатка ээ жана бул аралдарда үч айга чейин созулган кургакчылык болуп турат[47]. Жыл бою абанын температурасы жогору жана 26°Cдан 32°Cга чейин жетет[47].
Тувалу аралдары Тынч океанынын экватордук зонасынын чегиндеги түштүк-батыш пассат шамалдары согуп турган аймакта жайгашкан. Шамалдын басымдуу багыттары түндүк-чыгыштан же түштүк-чыгыштан. Чыгыш же түштүк-чыгыш шамалдары майдан октябрга чейин басымдуулук кылат[44].
Тувалу тропикалык циклондордун терс таасирине дуушар болгон мамлекеттердин бири, циклондор көбүнчө усурларда кыйратуучу күчкө жетет. Мисалы, «Бебе» циклонунун натыйжасында аралдардагы дээрлик бардык турак жайлар талкаланган, дарактардын 90% дан ашыгы кулап, калган 10% катуу жабыркаган, эки адам каза болуп, эки кеме чөгүп кеткен. Чет мамлекеттердин каржылык колдоосунун аркасында гана Тувалуда циклон кыйраткан инфраструктура калыбына келтирилип келет.
Глобалдык климаттын өзгөрүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Топурак
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу топурактары коралл тектүү. Топурак негизинен риф материалдарынан, кораллдардын, акиташтуу балырлардын, фораминифералардын жана моллюскалардын калдыктарынан тургандыгына байланыштуу жергиликтүү топурактын курамы негизинен карбонаттык болуп саналат. Топурактар жогорку щелочтуулугу, көзөнөктүүлүгү (нымдуулукту кармабайт) жана түшүмдүүлүгү төмөндүгү менен айырмаланып турат.
Түшүмдүүлүк бир нече факторлорго байланыштуу. Баарынан мурда, органикалык материалдардын курамы жана үлүшү, ошондой эле коралл материалынын үлүшү мааниге ээ. Тувалу топурагындагы кальцийден башка минералдык заттардын курамы абдан аз . Аралдарда фосфаттуу (деңиз канаттууларынын кыгынан пайда болгон) жана гумустуу топурактуу (мангр токойлоруу жавгашкан жерлер) аймактар да бар.
Гидрология
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аянты кичинекей, бийиктиги төмөн жана топурактын борпоңдугунан улам Тувалу аралдарында дарыялар жок[44]. Суу жерге бат сиңип, жер астындагы бир аз шордуу суу линзаларын түзөт[48]. Ошондуктан жергиликтүү тургундар жамгырдын суусун чатырлардан чогултуп, бетон цистерналарда сактоого аргасыз болушат. Мурда аралдыктар чарбалыкка колдонуулучу сууну казылган кудуктардан алышкан, бирок туздуу деңиз суусу жана саркынды суулар жер астындагы суулар менен аралашып, жер астындагы сууларды булгаган[48].
Флора жана фауна
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Атоллдордун өсүмдүктөр дүйнөсү бир түрдүү — бул аралдардын бетинин олуттуу бөлүгү кокос пальмалары жана башка тамак-аш өсүмдүктөрү отургузулгандыгына байланыштуу[49].
Жээктеринде күндү сүйгөн сцеволалар, турнефорциялар, панданустар өсөт. Аралдардын ички бөлүктөрүндө папоротниктер, канавалезиялар, мангрлар, башка бадал өсүмдүктөрү, кокос пальмалары, нан бактары, банан плантациялары бар. Охрозия, гуаттарда, калофиллум жана башкалар сыяктуу жазы жалбырактуу дарактар көп кездешет. Тувалуда жалпысынан тамырлуу өсүмдүктөрүнүн 86 түрү катталган, алардын 44 жергиликтүү өсүмдүктөр. Алардын бири да эндемик эмес[50].
Өлкөнүн жаныбарлар дүйнөсү аз түрлүү жана негизинен интродукция түрлөрү кездешет. Сүт эмүүчүлөрдөн чочко, келемиш, ит жана мышык кездешет. Аралдардагы деңиз канаттууларынын популяциясы анча көп эмес, анткени аларга жергиликтүү тургундар мергенчилик кылышат. Адамдар жашабаган аралдарда фрегаттар, бакландар, буревестниктер уялашат. Майда кескелдириктер, жыландар, крабдары кеңири таралган.
Тувалунун деңиз чөйрөсү негизги алты экосистеманын түрү менен мүнөздөлөт: океандык, сырткы рифтердик, лагуна рифтердик, лагунанын түбү, обочолонгон рифтер жана океан менен лагуна сууларын бириктирген табигый каналдар. Жалпысынан жээк сууларында балыктын 350гө жакын түрү жана кораллдын 30 түрү кездешет[49].
Административдик-аймактык түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Административдик жактан Тувалу 7 аралга (Нанумеа, Ниутао, Нануманга, Нуи, Ваитупу, Нукулаэлаэ жана Нукуфетау) жана 1 шаардык кеңешке (Фунафути) бөлүнөт[51].
№ | Провинция | Англисче аталышы | Административдик борбору | Аянты, км² | Калкы, адам (2002) | Калкынын жыштыгы, адам/км² |
---|---|---|---|---|---|---|
1 | Ваитупу | Vaitupu | Асау | 5,60 | 1591 | 284,11 |
2 | Нануманга | Nanumanga | Тонга | 2,78 | 589 | 211,87 |
3 | Нанумеа | Nanumea | Лолуа | 3,87 | 664 | 171,58 |
4 | Ниутао | Niutao | Кулия | 2,53 | 698 | 275,89 |
5 | Нуи | Nui | Танраке | 3,25 | 548 | 168,62 |
6 | Нукулаэлаэ | Nukulaelae | Фангауа | 1,82 | 393 | 215,93 |
7 | Нукуфетау | Nukufetau | Сававе | 2,99 | 586 | 195,99 |
8 | Фунафути | Funafuti | Ваиаку | 2,79 | 4492 | 1610,04 |
Жалпы | 25,63 | 9561 | 373,04 |
Калк
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалунун калкы | |
---|---|
Калктын структурасы[52] | |
Калктын саны | 12 177 адам (2008) |
Калктын жыштыгы | 468 адам/км² (2008) |
Орточо курагы | жалпы: 25,3 (2008) эркектер: 24,2 (2008) аялдар: 26,4 (2008) |
Курак структурасы | 0—14: 29,4 % (2008) 15—60: 65,4 % (2008 64 жогору: 5,2 % (2008) |
Шаардык калктын үлүшү | 47% (2002) |
Төрөлүүнүн деңгээли[52] | |
Фертилдүүлүктүн жалпы коэффициенти | 2,996 ымыркай бир аялга |
Төрөттүн жалпы коэффициенти | 22,5 ‰ (2007) |
Калктын өсү темпи | 1,577 % (2008) |
Өлүмдүн деңгээли | |
Ымыркайлардын өлүмү
(1 жашка чейинки 1000 төрөлгөндөргө) |
жалпы: 18,97 ‰ (2008)[52] |
1000 адамга карата өлүмдүн саны | жалпы: 9,8 ‰ (2012)[52] |
Калктын саны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2002-жылдагы эл каттоодо калктын саны 9,561 адам, жана 2017-жылдагы эл каттоодо калктын саны 10,645 адам болгон[53].
2020-жылдагы акыркы баалоодо калктын саны 11 342 адам көрсөткүчүнө жеткен. Тувалунун калкынын басымдуу бөлүгү полинезиялыктар, ал эми калктын болжол менен 5,6% микронезиялыктар түзөт[53].
Улуттук курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу калкы бир улутту. 2002-жылдагы эл каттоонун маалыматтарына ылайык, калктын 94% дан ашыгы полинезиялык тувалу элинин өкүлдөрү, 4,6% тувалу жана башка элдердин аралаш никелеринен туулгандар жана 168 адам (же 1,8%) гана чет элдиктер болгон[52].
Тил
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Англис тилинен тышкары, өлкөнүн расмий тили болуп полинезия тилдерине кирген тувалу тили саналат. Тувалу тилинде мурун христиан миссионерлери колдонгон самоа тилинен алынган көптөгөн сөздөрдү кездештирсе болот, бирок бул эки тилде сүйлөгөндөр бири-бирин түшүнүшпөйт[54]. Тувалу тилине эң жакын тил — токелау тили. 1998-жылы тувалу тилин эне тили катары санагандардын жалпы саны болжол менен 10 670 адамды түзгөн[54].
11 үнсүз жана 5 үндүү тыбышты жазуу үчүн латын жазуусуна негизделген алфавит колдонулат. Тувалу тилинин жети диалектиси бар, алар түндүк жана түштүк эки диалект аймактарына бөлүнөт[55][54].
Өлкөдө башка Тынч океан тилдеринде сүйлөгөндөр да бар (самоа жана кирибати тилдери). Нуи атоллу өзгөчө кызыгууну туудурат, ал бир нече кылымдар бою коңшу Гилберт аралдарынын микронезиялык маданиятынын таасири астында калган, Нуинин тургундары кирибати, тувалу жана самоа тилдеринен турган тувалу тилинин диалектилеринин биринде сүйлөшөт[55].
Диний курамы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу аралдарында үстөмдүк кылуучу дин болуп архипелагга 1861-жылы Манихика аралынан Элекан дин кызматчы тарабынан алынып келинген христианство саналат[56].
Тувалу аралдарында төрт ай жашагандан кийин, дин кызматчы Самоага миссионердик кесипти үйрөнүү үчүн барган. Андан кийин Элекона архипелагга кайтып келген, аралдар Лондон миссионердик коомунун чөйрөсүнө кирген. 1969-жылы Тувалу чиркөөсү бул миссионердик коомдон бөлүнүп чыккан[56].
2002-жылга карата диний курамы төмөнкүдөй болгон[57]:
- Протестанттар — 91% же 8521 адам;
- Жетинчи күндүн адвентисттери — 2% же 183 адам;
- Бахаи — 177 адам;
- Бир туугандар ассамблеясынын жолдочуулары — 166 адам.
Аралдарда башка диний агымдар да бар, бирок алардын жактоочуларынын саны аз. Тувалу аралдарынын бардыгында Тувалу чиркөөсүнүн мүчөлөрү болгон салттуу башчылар бар. Башка диндердин жолдоочуларынын көбү Фунафути атоллунда отурукташкан[58].
Өлкөнүн конституциясы бардык жарандарга дин тутуу эркиндигин кепилдейт[58].
Саясий түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Мамлекеттик түзүлүшү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу — эгемендүү демократиялык мамлекет[59]. 1978-жылдын 1-октябрында кабыл алынган Конституциясында Вестминстер системасындагы парламентаризмдин менен башкаруунун монархиялык формасы көрсөтүлгөн[60].
Мыйзам чыгаруу бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Өлкөнүн мыйзам чыгаруу органы төрт жылдык мөөнөткө шайланган кеминде 12 депутаттан турган бир палаталуу парламент, же Фале И Фоно (тувалуча Fale I Fono) (ошондой эле Ассамблея палатасы деп дагы аталат)[60]. Депутаттар жалпы шайлоо укугунун негизинде көп мандаттуу жана бир мандаттуу округдарда салыштырмалуу көпчүлүктүн мажоритардык системасы боюнча шайланат. Парламенттин депутаттыгына шайлануу укугуна Тувалунун 21 жашка толгон бардык жарандары ээ. Парламенттик шайлоодон кийин эле парламент мүчөлөрү өз ичинен спикерди шайлашат. Мамлекеттин башчысы премьер-министрдин орду бош калган учурда же белгилүү бир убакыттын ичинде премьер-министр шайланбай калган учурда парламентти таркатууга укуктуу. Тувалу парламенти өлкөнүн Конституциясына карама-каршы келбеген мыйзамдарды чыгаруу укугуна ээ. Парламенттин ар бир мүчөсү мыйзам долбоорун парламенттеги дебаттарга сунуштоого, кароого жана киргизүүгө укуктуу.
Аткаруу бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу Конституциясына ылайык, монарх жана мамлекет башчысы Улуу даражалуу король Чарльз III болуп саналат. Мамлекет башчысынын кызматы Тувалунун биримдигинин жана иденттүүлүгүнүн символу болуп саналат. Мамлекет башчысы министрлер кабинетинин, премьер-министрдин же министрлер кабинетинин жалпы же атайын ыйгарым укуктары берилген башка министрдин сунушу боюнча гана иш алып барууга милдеттүү. Мамлекет башчысынын кызматын төрт жылдык мөөнөткө премьер-министрдин кеңеши боюнча шайланган генерал-губернатор аткарат. 50 жашка чыккан жана 65 жаштан улуу эмес адам гана генерал-губернатор боло алат.
Сот бийлиги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалунун сот тутумуна Лондондогу купуялулук кеңешинин юридикалык комитети, апелляциялык сот, жогорку сот жана башка соттор кирет (алардын арасында: магистр соту жана аралдардын соттору)[61].
Тувалунун Жогорку соту Конституцияда белгиленген кылмыш жана жарандык иштер боюнча биринчи инстанциядагы сот болуп саналат. Апелляциялык сот жогорку соттун чечимдерине даттанууларды карап чыгат. Купуялулук кеңеши апелляциялык соттун чечимине болгон даттанууларды карайт.
Шайлоо округдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалунун 18 жашка толгон жарандары шайлоо укугуна ээ. Улуттар Шериктештигинин кайсы болбосун өлкөлөрүнүн соту тарабынан 12 айдан ашык убакытка же/жана өлүм жазасына кесилген жана кийин сот тарабынан акталбаган адамдар шайлоого катышууга укугу жок. Психикалык жактан оорулуу деп табылган, шайлоого байланыштуу туура эмес маалыматтарды тараткан жарандар шайлоочулардын тизмесинен чыгарылат. Тувалу жараны түрмөгө кесилсе, эркиндикке чыккандан кийин үч жылдан кийин гана шайлоого катыша алат.
Өлкө 8 шайлоо округуна бөлүнөт[62]. Ваитупу, Нанумеа, Ниутао, Фунафути округдары парламентте экиден депутаттын, Нануманга, Нуи, Нукуфетау, Нукулаэлаэ округдары бирден депутаттын талабын көрсөтө алышат[62].
Жергиликтүү бийлик
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Аралдарда жергиликтүү өз алдынча башкаруу биринчи жолу колониялык мезгилде 1960-жылдардын ортосунда арал кеңештерин, арал сотторун жана аралдагы жер маселеси боюнча сотторду түзүү менен киргизилген. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун салттуу формаларына кайтып келүү 1997-жылы Тувалунун аралдарындагы Фалекаупуле деп аталган салттуу чогулуштары жөнүндө расмий мыйзамды кабыл алгандан кийин болгон.
Саясий партиялар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалуда саясий партиялар жок, бирок өкмөттү колдобогон адамдардан турган расмий эмес оппозициялык топ бар[63].
Куралдуу күчтөр жана полиция
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалунун туруктуу куралдуу күчтөрү жок, ошондуктан өлкөнүн бюджетинде армияны кармоого чыгымдар каралган эмес. Бирок, Тувалуда деңиз мейкиндигин көзөмөлдөө, бажы, жаза аткаруу жана иммиграция бөлүмдөрүн камтыган бажы, түрмө жана иммиграция бөлүмдөрүн камтыган полиция күчтөрү бар[64].
Тышкы саясат жана эл аралык мамилелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалу 28ден ашык өлкө, анын ичинде Тайвань менен дипломатиялык мамиледе[65].
2011-жылы 18-сентябрда Тувалу Абхазиянын, 19-сентябрь Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын тааныган.
Бул Тынч океандагы мамлекетинин борбору Фунафути шаарында элчилигин ачкан жалгыз өлкө — Тайвань[66]. Тувалу чет мамлекеттердеги жалгыз дипломатиялык өкүлчүлүгү Фижиде жайгашкан. Өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү жана Жаңы Зеландия, Австралия, Германия, Жапония, Улуу Британия, Швейцария жана Тайвандагы ардактуу консулдары бар.
Экономика
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тувалунун экономикалык абалын аныктоочу мүнөздөмөлөр Океаниянын башка өлкөлөрүнөн эч айырмаланбайт: эбегейсиз өзгөчө экономикалык аймак, чектелген жаратылыш байлыгы, негизги дүйнөлүк рыноктордон алыстыгы, жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги. Айтылгандай, аралдардагы экономикалык туруктуулукка зыян келтире турган негизги факторлор эл аралык инвестициялардын туруксуздугу, кемелерди лицензиялоодон түшкөн кирешенин азайышы, дүйнөлүк рыноктордогу табигый кырсыктар жана экономикалык абал[67].
Аралдардагы экономиканын негизи натуралдык рынок саналат. Бизнес негизинен Фунафути шаарында жайгакан, ал эми алыскы аралдарда натуралдык типтеги экономика басымдуулук кылат[67]. Тувалу төртүнчү дүйнө өлкөлөрүнүн, башкача айтканда, дүйнөдөгү жакыр өлкөлөрүнүн катарына кирет.
Маданият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Майрамдары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Дата | Аталышы | Англисче аталышы |
---|---|---|
1-январь | Жаңы жыл | New Year’s Day |
Пасхага чейинки жума | Улуу жума | Good Friday |
Пасхадан кийинки күн | Жаркын дүйшөмбү | Easter Monday |
Марттын экинчи дүйшөмбүсү же башка белгиленген күн | Шериктештик күнү | Commonwealth Day |
Май айынын экинчи жекшембисинен кийинки дүйшөмбү | Евангелия күнү | Gospel Day (Te Aso o te Tala Lei) |
Июнь айынын экинчи ишемби күнү же башка белгиленген күн | Монархтын мааракесин белгилөө күнү | The day appointed for the celebration of the Anniversary of the Birthday of the Sovereign |
Августтун биринчи дүйшөмбү күнү | Улуттук балдар күнү | National Children’s Day |
1 жана 2-октябрь | Тувалу күнү | Tuvalu Day |
Ноябрдын экинчи дүйшөмбү күнү же башка белгиленген күн | Монархтын такка отуруусун майрамдоо күнү | The day appointed for the celebration of the Anniversary of the Birthday of the Heir to the Throne |
25-декабрь | Рождество | Christmas Day |
26-декабрь | Белектер күнү | Boxing Day |
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- ↑ The World Bank. Тувалунун калкынын жалпы саны.
- ↑ Tuvalu profile - Timeline
- ↑ Брокгауз жана Ефрондун энциклопедиялык сөздүгү
- ↑ The Quest for Origins: Who First Discovered and Settled the Pacific Islands?
- ↑ A brief history of Niutao / Pulekai A. Sogivalu
- ↑ 6.0 6.1 Simati Faaniu. Tuvalu: A History
- ↑ Field Notes on the Culture of Vaitupu, Ellice Islands
- ↑ Stanton, William (1975). The great United States Exploring Expedition of 1838-1842
- ↑ 9.0 9.1 Maude, H.E. (1959). Spanish Discoveries in the Central Pacific: A Study in Identification
- ↑ Terra Australis Incognita: The Spanish Quest for the mysterious Great South Land
- ↑ Chambers, Keith S. & Munro, Doug (1980). The Mystery of Gran Cocal: European Discovery and Mis-Discovery in Tuvalu
- ↑ Circumnavigation: Notable global maritime circumnavigations
- ↑ Francisco Antonio Mourelle facts for kids
- ↑ Keith S. Chambers & Doug Munro, The Mystery of Gran Cocal: European Discovery and Mis-Discovery in Tuvalu, 89(2) (1980) The Journal of the Polynesian Society, 167–198
- ↑ De Peyster, Arent Schuyler, 1779-1863. Details of the discovery of the Ellice and de Peyster Islands in the Pacific Ocean in May, 1819
- ↑ The De Peysters
- ↑ What's In A Name? Ellice Islands Commemorate Long-Forgotten Politician
- ↑ The coasts of the Pacific Ocean
- ↑ Duperrey and the Discovery of Nanumaga in 1824: An episode in Pacific Exploration
- ↑ Dutch warships avaible but not in active service in August 1834
- ↑ Aanteekeningen Gehouden Op Eene Reis Om de Wereld
- ↑ 22.0 22.1 The Lives and Times of Resident Traders in Tuvalu: An Exercise in History from Below
- ↑ The Wilkes expedition : the first United States Exploring Expedition, 1838-1842 / David B. Tyler.
- ↑ United States Exploring Expedition (1838-1842)
- ↑ Washing Hole Funafuti. From the album: Views in the Pacific Islands
- ↑ Mission House Nui. From the album: Views in the Pacific Islands
- ↑ Bread fruit tree Nui. From the album: Views in the Pacific Islands
- ↑ The Tuvalu Visit of Robert Louis Stevenson
- ↑ Megnyílt a Xántus kávézó
- ↑ Tuvalu (Noumea)
- ↑ Strategic atolls : Tuvalu and the Second World War / Peter McQuarrie
- ↑ World War II in Tuvalu
- ↑ Motulalo Airfield (Nukufetau Airfield)
- ↑ The Colonial and Postcolonial Roots of Ethnonationalism in Tuvalu
- ↑ The Partition of the Gilbert and Ellice Islands
- ↑ Pacific island countries and dollarisation
- ↑ Tuvalu Independence Day
- ↑ Tiny Tuvalu joins UN
- ↑ Tuvalu to create a digital replica of country as it faces impacts of climate change
- ↑ Joint statement on the Falepili Union between Tuvalu and Australia
- ↑ 41.0 41.1 41.2 Australia to offer residency to Tuvalu citizens displaced by climate change
- ↑ 42.0 42.1 Encyclopedia of the Nations. Tuvalu - Location, size, and extent
- ↑ 43.0 43.1 43.2 CIA. The World Fact Book. Tuvalu. Area
- ↑ 44.0 44.1 44.2 44.3 Sustainable Integrated Water Resources and Wastewater Management in Pacific Island Countries. National Integrated Water Resource Management Diagnostic Report. Tuvalu
- ↑ Oceandots. Tuvalu
- ↑ Тувалудагы климат кандай?
- ↑ 47.0 47.1 Ministry for Natural Resources and Environment. 1.2.4 Climate // Tuvalu Initial National Communication Under the United Nations Framework Convention On Climate Change
- ↑ 48.0 48.1 Encyclopedia of the Nations. Tuvalu - Topography
- ↑ 49.0 49.1 United Nations Convention to Combat Desertification National Report
- ↑ Wetlands in Tuvalu. Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 17 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Island Councils of Tuvalu
- ↑ 52.0 52.1 52.2 52.3 52.4 52.5 52.6 Tuvalu Civil Registration and Vital Statistics report: 2012-2016
- ↑ 53.0 53.1 City Population. Tuvalu
- ↑ 54.0 54.1 54.2 Te 'gana Tūvalu (Tuvaluan language)
- ↑ 55.0 55.1 Tuvaluan: A Polynesian Language of the Central Pacific
- ↑ 56.0 56.1 Te Ekalesia Kelisiano Tuvalu
- ↑ Tuvalu 2002: Population and Housing Census
- ↑ 58.0 58.1 Tuvalu. International Religious Freedom Report 2007. Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 5 -август (баш оона) 2011.
- ↑ Тувалунун Конституциясы, 1-бөлүм, 1-берене
- ↑ 60.0 60.1 Tuvalu System of Government Information
- ↑ Tuvalu Courts System Information
- ↑ 62.0 62.1 Electoral Provisions (Parliament) Ordinance. Part II. 3. — С. 8.. Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 2 -ноябрь (жетинин айы) 2013.
- ↑ Transparency International Country Study Report
- ↑ Country Context. Tuvalu. Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 6 -июль (теке) 2011.
- ↑ General Profile of the Tuvalu
- ↑ Taiwanese Embassy in Funafuti, Tuvalu. Текшерилген күнү 10 -август (баш оона) 2011. Түп булактан архивделген күнү 22 -ноябрь (жетинин айы) 2011.
- ↑ 67.0 67.1 Country Strategy Paper And National Indicative Programme for the period 2002—2007
Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Океания өлкөлөрү | ||
---|---|---|
Эгемендүү мамлекеттер | Австралия • Вануату • Жаңы Зеландия • Кирибати • Маршалл Аралдары • Микронезия Федеративдик Штаттары • Науру • Палау • Папуа-Жаңы Гвинея • Самоа • Соломон аралдары • Тонга • Тувалу • Фижи | |
Ассоциацияланган мамлекеттер | Кук аралдары • Ниуэ аралы | |
Көз каранды аймактар | АКШ тышкы кичи аралдары • Америка Самоасы • Гавайи • Гуам • Жаңы Каледония • Исла-де-Паскуа • Норфолк аралы • Питкэрн аралдары • Токелау • Түндүк Мариана аралдары • Уоллис жана Футуна • Француз Полинезиясы |