Микронезия Федеративдик Штаттары

Википедия дан

Микронезия же Микронезия Федерация Штаттары (англ. Federated States of Micronesia) — Океаниядагы майда аралдар тобунда (607 аралда) жайгашкан мамлекет. Аянты 702 км2. Калкы 107,4 миң (2009); Административдик-аймактык жактан 4 штатка бөлүнөт. Калкы полинезиялыктар менен микронезиялыктардын 9 этностук тобунан турат. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 154 киши. Борбору – Паликир шаары (калкы 11 миң; Понпеи аралында). Расмий тили – англис тили. Акча бирдиги – АКШ доллары.

Жайгашуун картасы.

Штаттарынын тизмеси[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Акимий бөлүнүшү.

Микронезиянын Федеративдик Штаттарынын курамына 4 штат кирет:

Штаттын туусу Штат Штаттын акимий борбору Аянты,
км²
Калкы[1],
Киши. (2010)
Калктын жыштыгы,
киши/км²
Flag of Chuuk Чуук Вено 127 48 654 383,10
Flag of Kosrae Кусаие Тофол 109 6616 60,70
Flag of Pohnpei Понпеи Колониа (Понпеи) 344 36 196 105,22
Flag of Yap Яп Колониа (Яп) 122 11 377 93,25
Баардыгы 702 102 843 146,50

Мамлекеттик түзүлүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Микронезия – республика. Башкаруу формасы – президенттик республика Мамлекет жана өкмөт башчысы – президент. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – федералдык бир палаталуу парламент (Улуттук конгресс). Микронезияда саясий партия жок. Эң бийик жери Нана-Лауд чокусу (Помпен аралында; бийиктиги 798 м), эң төмөн жери 0 м (Тынч океандын жээги). Жээк сызыгынын узундугу 6112 км. Климаты экватордук жана субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 2250 ммден 3000–4500 ммге (Кусанс аралындагы тоолордо 6000 мм) чейин. Тайфундардын пайда болуу облусу. Жылына орто эсеп менен 25тейи өтөт. Дайыма жашыл тропик токою, бадал өсөт. Кокос пальмасынын плантациялары бар. Микронезиялыктардын тукумдары Каролина аралына мындан 4 миң жыл мурда отурукташкан. Архипелагда байыркы цивилизациянын болгондугун айгинелеген таштан курулган ири курулуштардын калдыктары (бардык аралда) кездешет. Каролина а. европалык деңиз сүзүүчүлөр тарабынан 16–17-кылымдарда ачылган. 1526-жылы ди Менезиги Яп аралын ачса, 1528-жылы Альваро Сааведра алгачкылардан болуп Трук аралын көргөн. 1685-жылы капитан Франсиско Лазеано кайрадан Яп аралын көрүп, Каролина (Испаниянын королу Карл II ысмынан) атаган. Кийинчерээк бардык архипелаг ушундайча аталып, Испаниянын ээлиги деп жарыяланган. 18-кылымдын аягынан архипелагга Россиянын, Франциянын жана Британиянын, 19-кылымдан Америка менен Германиянын соода жана илимий кемелери келе баштаган. 1898-жылы Испания Каролина менен Мариана аралын Германияга өткөрүп берген. 1914-жылы күзүндө Япония басып алган. Бирок Япония Улуттук Лиганын мандатын – Микронезияны расмий түрдө башкаруу укугун 1921-жылы алган. 1945-жылы АКШнын көзөмөлүнө өткөн. 1947-жылдан АКШнын башкаруусундагы БУУнун Тынч океандагы траст (ишеним) аймагынын бир бөлүгү болгон. 1978-жылы «АКШ аймагынан эркин ассоциацияланган» статусуна ээ болгон. 1991-жылдын 17-сентябрынан көз каранды эместикке ээ. Улуттук дүң кирешеси 277 млн долларды (АКШ) түзөт. Андагы айыл чарбанын үлүшү 50%, өнөр жайыныкы 4%, тейлөө чөйрөсүнүкү 46%.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Калкты саноо (Citypopulation-2010)