Мазмунга өтүү

Кук аралдары

Википедия дан

Кук аралдары
кук Kūki ‘Airani
англ. Cook Islands
маори Kūki 'Āirani
пенрин Kūki Airani

Герб
Туу Герб
Гимн: «Te Atua Mou E»
Эгемендүүлүк күнү 4-август 1965-жыл

Жаңы Зеландия менен эркин ассоциация)

Расмий тили кук тили, англис тили
Борбор шаары Аваруа
Ири шаарлар
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Падыша
Падышанын өкүлү
Премьер-министр
Чарльз III
Том Марстерс
Марк Браун
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
215-орун - дүйнөдө
236,7 км²
0
Калкы
• Бааланган (2021)
Жыштыгы

15,040 адам (223-орун)
63,3 ад./км²
ИДӨ (номинал)
  • Бардыгы
  • Ар бир жанга

384 млн $
21,994 $
Акча бирдиги Жаңы Зеландия доллары, Кук аралдарынын доллары
Домени .ck
ISO коду CK
ЭОК коду COK
Телефон коду +682
Убакыт аралыгы UTC -10:00

Кук аралдары (англ. Cook Islands) — Тынч океандын борбордук бөлүгүндөгү архипелаг. Полинезияда. Жаңы Зеландия менен эркин ассоциациядагы «өзүн-өзү башкарган аймак». Архипелаг 15 аралды камтып, эки топко (Түштүк жана Түндүк) бөлүнөт. Ири аралдары: Раротонга, Мангаиа, Пенрин, Ракаханга, Манихики, Дейнжер, Суворов ж. б. жанар тоонун аракетинен пайда болуп, бийиктиги 652 м.

Аянты 236,7 км2. Калкы 19,8 миң (2009); негизинен полинезиялыктар жана маорилер жашайт. Расмий тили — кук (аралда жашаган маорилердин тили) жана англис тилдери. администрациялык борбору — Аваруа (калкы 12,9 миң; Раротонга аралында). Акча бирдиги — Жаңы Зеландия доллары. Аралдын башчысы — Улуу Британия королевасы. Аралда Жаңы Зеландия өкмөтүнүн өкүлү да бар. Мыйзам чыгаруучу органы — парламент (Өкүлдөр палатасы).

Архипелагды азыркы аталышы менен XIX кылымда орус деңиз саякатчысы Иван Крузенштерн англис саякатчысы Жеймс Куктун урматынан атаган. 1773-1775-жылдары бул аралдарга келген Жеймс Кук өзү Херви аралдары (англ. Hervey Islands) деп атаган.

Губернатор Лорд Ранфурли 1900-жылдын 7-октябрында Макеге падыша айымга аннексия жөнүндө жарлыкты окуп берип жаткан сүрөтү

Аралга VI кылымдын башында полинезиялыктар отурукташа баштаган. Алгач аралды ачкандардын арасында орус деңиз сүзүүчүлөрү да болгон. Алар архипелагдагы бир атоллго Суворовдун ысымын ыйгарышкан. 1888-жылдан Улуу Британия протектораты. 1901-жылы Кук аралдары Жаңы Зеландияга кошулуп, 1965-жылы өз ыктыяры менен Жаңы Зеландияга бириккен. 1971-жылдан арал өз алдынча эл аралык укукка ээ субъект катары Тынч океан аралдары форумуна мүчө. 1974-жылы Жаңы Зеландияда Кук аралынын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгү ачылып, ал 1985-жылы элчилик болгон. 1987-жылы аралдын өкмөтүнө бейтараптыкты сактоо милдеттендирилген. Кук аралы БУУга мүчө болбогону менен анын атайын уюмдарына кирет.


Физикалык жана географиялык мүнөздөмөсү

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Географиялык абалы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кук аралдары мамлекети Тынч океанынынын Полинезия аймагында экватор менен түштүк тропиктин ортосунда жайгашкан. Жалпы аянты 2,2 миллион км², 15 аралдардан жана атоллдордон турат. Кургактыгынын жалпы аянты 236,7 км²[1].

Эң түндүгүнөн (Пенрин атоллу же Тонгарева) эң түштүккү аралына (Мангая аралы) чейинки аралык болжол менен 1400 км түзөт.

Арал Административдик борбору Аянты,

км²

Калкы,

адам[2]

(1.12.1996)

Калкы,

адам[2]

(1.12.2001)

Калкы,

адам[2]

(1.12.2006)

Калкы,

адам[2]

(1.12.2011)

Калкы,

адам[3]

(1.12.2016)

Түштүк тобу
1 Раротонга Аваруа 67,1 10 374 9 451 10 226 10 572 13 044
2 Аитутаки Арутанга 18,3 2 272 1 743 1 975 1 771 1928
3 Атиу 26,9 942 600 558 468 437
4 Мангаиа 51,8 1 083 739 631 562 499
5 Мануаэ 6,2
6 Мауке 18,4 643 469 372 300 297
7 Митиаро 22,3 318 226 193 189 155
8 Такутеа 1,2
Түндүк тобу
9 Манихики 5,4 656 497 344 238 213
10 Нассау 1,3 99 72 75 73 78
11 Палмерстон 2,1 49 48 62 60 58
12 Пукапука 1,3 778 662 507 451 444
13 Ракаханга 4,1 249 158 127 77 80
14 Суворов 0,4 4 1
15 Тонгарева Омока 9,8 604 351 254 213 226
Жалпы[4] 236,7 18 071 15 017 15 324 14 974 17 459

Климаты тропиктик пассаттык, нымдуу. Жылдык орточо температурасы 24°Сден (түштүгүндө) 28°Сге чейин (түндүгүндө). Жылдык жаан-чачынын саны 2000 мм. Ноябрдан апрелге чейин тайфундар болуп турат. Өсүмдүктөрү адамдардын таасиринен өзгөргөн. Раротонга жана Мангаиа анда нымдуу дайыма жашыл тропик токойлору сакталган. Кокос пальмасы, цитрус өсүмдүктөрү, ананас, банан, жашылча ж. б.өстүрүлөт. Орнитофаунага бай. Аралда эндемик 4 куштун түрү мекендейт.

Кийим тигүү, мөмө-жемиш консервалары, аррорут (крахмал) даярдоо өндүрүшү иштейт. Белек-бечкектерди чыгарат. Кара бермет, ташбака чопкуту чогултулат. Балык кармалат. Мейманкана жана туризм окуу борбору, Түштүк Тынч океан университетинин филиалы (Раротонга аралында) бар. Туризм өнүккөн. Сырттан азык-түлүк, отун ж. б. алат. Башкы соода шериктештери: Жаңы Зеландия, Австралия, Япония.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]