Мазмунга өтүү

Питкэрн аралдары

Википедия дан
Питкэрн аралы‎»‎ барагынан багытталды)

Питкэрн аралдары
англ. Pitcairn Islands
питк. Pitkern Ailen

Герб
Туу Герб
Урааны: «God Save the Queen»
Гимн: «Come ye Blessed»
Расмий тили англис тили, питкэрн тили
Борбор шаары Адамстаун
Ири шаарлар Адамстаун
Башкаруу формасы Конституциялык монархия
Улуу Британиянын деңиздеги алыскы аймагы
Король
Губернатор
Мэр
Башкы сот
Чарльз III
Лаура Кларк
Янг Саймон
Чарльз Блэки
Мам. дини Динден тышкары мамлекет
Аянты
• Жалпы
• Суу бетинин %.
248-орун - дүйнөдө
48 км²
12
Калкы
• Бааланган (2023)
Жыштыгы

54 адам (245-орун)
1,04 ад./км²
Акча бирдиги Жаңы Зеландия доллары (NZD)
Домени .pn
ISO коду PN
Телефон коду +64
Убакыт аралыгы UTC -08:00
Викиказынадагы медиафайлдар

Питкэрн аралыУлуу Британиянын Тынч океандагы жалгыз «деңиздеги алыскы аймагы» (1838-жылдан). Тынч океандын түштүк-чыгышында жайгашып, батышынан Француз Полинезиясы менен чектешет. Арал жанар тоонун (өчкөн, бийиктиги 335 м) аракетинен пайда болгон ээн аралдардан [Хендерсон (аянты боюнча эң чон, 37,3 км2), Дюси (Дьюси) жана Оэно] жана шуру рифтеринен турат. Жалпы аянты 47 км2. Калкы 56 (2013); англис моряктары («Баунти» кемеси 1790-ж. ушул жерде кыйроого учураган) менен полинезиялыктардын аралаш никесинен келип чыккан. Калкынын орточо жыиггыгы 1 км2 жерге 1,4 киши. Расмий тили - англис тили (питкэрн тилинде да сүйлөшөт). Борбору – Адамстаун (аралдагы жалгыз тургун жай). Климаты деңиздик субтропиктик. Орточо айлык температурасы кышында августта 18°С, жайында февралда 24°С. Жээк сызыктары өтө тилмеленген. Жакын жайгашкан аралдары – Пасхи, француздук Полинезияга караштуу Туамоту жана Гамбье (бул аралдар ичүүчү суунун жоктугунан ээн; булардын узундугу 3 км, туурасы 1,5 км).

Арал европалыктар тарабынан 1767-ж. ачылган. 1790-жылдан эл келе баштаган. Улуу Британиянын Жаңы Зеландиядагы жогорку комиссары (эки кызматты тең аткарат) Аралда жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органы – бир палаталуу аралдар кеңеши бар. Аралдын топурагы күрдүү. Жашылча-жемиш, цитрус жана бакча өсүмдүктөрү, бал камыш, банан, ямс жана буурчак өстүрүлөт. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Газ жана дизель менен иштеген электр станцияларынан электр энергиясы өндүрүлөт. 1988-жылдан монета (негизинен жүгүртүлбөйт) чегилет. Почта маркаларын чыгарат. Билим берүүсү 5 жаштан 16 жашка чейин милдеттүү түрдө окушат. Туризм өнүккөн. Акча бирдиги – жаңы зеландия доллары.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]