Норфолк аралы

Википедия дан
Норфолк аралы.

Норфолк аралы, Норфолк аралдар аймагы Жаңы Зеландиядан түндүктө, Тынч океандын түштүк-батышында жайгашкан. Аянты 34,6 км2. Калкы 2,1 (2009). Борбору – Кингстон (калкы 1100). Климаты мелүүн деңиздик, субтропиктик климатка өтмө. Суу астындагы Норфолк кырка тоосундагы жанар тоонун чокусу аралдын бетине чыгып турат. Ал тоонун эки капталында Жаңы Каледония жана Түштүк-Фижи терең океан оёңдору созулуп жатат. Рельефи дөңсөөлүү келип, түзөң. Аралдын эң бийик жери Маунт Бейтс чокусу (бийиктиги 319 м). 1788-жылдан 1814-жылга чейин жана 825–55-жылдарда англиялыктар сүргүн жай катары пайдаланышкан. Питкерн аралынан 1856-жылыАКШга таандык «Баунти» кемесинин козголоңчулары келип отурукташкан. Норфолк аралы 1913-жылдан Австралиянын ээлиги жана анын «деңиздеги алыскы аймагы» статусуна ээ болгон. Аралдын башчысы кагаз жүзүндө Улуу Британия королевасы, бирок Австралия генерал-губернатору дайындаган администратор башкарат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]