UTC+11:30

Википедия дан

UTC+09:30 — азыркы учурда колдонулбай калган убакыт алкагы.

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1868-жылы 2-ноябрда  Жаңы Зеландия расмий түрдө бүткүл өлкө үчүн стандарттуу убакытты киргизген. Мындай стандарты  АКШ менен  Канадага караганда 15 жыл мурун киргизген биринчи өлкө болгон[1][2]. Убакыт гринвичтин 172° 30' чыгыш узундугуна негизделген, ал гринвич убактысынан 11 саат 30 мүнөт алдыда[3]. Бул стандарт Жаңы Зеландиянын орточо убактысы (NZMT) деп аталган[4].

1927-жылы  Жаңы Зеландия жай мезгилинде UTC+12:00 убакытын колдоно баштаган, 1941-жылы  Жаңы Зеландиянын жайкы убактысы өзгөчө жоболорду кабыл алуу жолу менен жыл бою колдонулуна баштаган. Жаңы Зеландия орточо убактысы 1945-жылы толугу менен жоюлган[1].

Ошондой эле бул убакыт алкагы Норфолк аралында ( Австралия) колдонулган.

Норфолк аралы өз убактысын 1901-жылы Гринвич убактысы (GMT) боюнча 11 саат 12 мүнөткө чейин жылдырган. 1951-жылы дүйнөлүк стандартка ылайык келтирүү үчүн, аралдагы убакыт алкагына 18 мүнөт кошулуп — UTC+11:30 убакыт алкагы колдонула баштаган. Бул убакыт алкагын колдонууда өлкөнүн материктик бөлүгү менен байланышууда кошумча көйгөйлөр туулган жана 2015-жылдын 4-октябрында толугу менен жоюлган[5][6].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]