UTC+07:30

Википедия дан

UTC+07:30 убакыт алкагы[1].

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

UTC+07:30 Малакка жарым аралында жана Сингапурда мурун колдонулган[2].

1941-1942 жылдары жапон оккупациясына чейин, ал эми 1945-1965-жылдары жапон оккупациясынан кийин Малакка жарым аралында жана Сингапурда жайкы убакыт катары колдонушкан[3].

1965-жылы Сингапур UTC+07:30 алкагын өзүнүн стандарттык убактысы деп жарыялаган.

Малайзиянын Өкмөтү 1981-жылдын декабрында өлкөнүн аймагында бирдиктүү убакыт алкагын колдонуу керектигин көтөргөн, 1982-жылдын 1-январында Малакка жарым аралынын убактысын 30 мүнөткө өзгөртө тургандыгын жарыялаган. Сингапурдун Малайзия менен болгон тыгыз мамилесин жана саякатчылар менен ишкерлердин чаташуусун алдын алуу үчүн Сингапур Өкмөтү тез арада ушундай эле чечим кабыл алган[4].

1982-жылдан бери Малайзия жана Сингапур үчүн колдонулуп келе жаткан убакыт катары учурдагы UTC+08:00 убакыт алкагы саналат[5].

Дагы окуңуз[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тышкы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]