Убакыт алкагы

Википедия дан

Убакыт алкагынын эки негизги түшүнүктөрү бар:

  • Географиялык убакыт алканы — жердин бетинин туурасы 15°ка туура келген шарттуу тилкеси (ортолук меридианга караганда ± 7,5°ка)

Гринвич меридианы - убакыт алкагынын орточо нөлдүк меридианы болуп эсептелинет.

  • Административдик убакыт алкагы — атайын бир мыйзамдарга ылайык белгилүү бир убакыт бекитилген жер бетинин аймактары. Бул түшүнүккө дагы датанын дал келиши деген түшүнүк да кирет. Мында, эгер, UTC−10:00 жана UTC+14:00 убакыт аралыктары аларда күндүн бирдей убактысы болгондугуна карабай ар кандай деп эсептелинет.
    Убакыт алкагы

Убакыт алкактарынын түзүлүүсү бир жагынан Жердин өз огунда айланышын эске алуу менен, экинчи жагынан аймактардын жергиликтүү бирдей күн убактын айырмалары бир саатка калдыксыз бөлүнгөндөй кылып аныктоосу менен байланыштуу. Жыйынтыгында 24 административдик убакыт алкактары болуусу жана алардын ар бири географиялык убакыт алкактарына аздыр-көптүр дал келиши керек деп чечилген.

Эсептөө чекити болуп Гринвич меридианы алынган. Себеби ал нөлдүк меридиан, нөлдүк убакыт аралыгынын ортосу.

Азыркы кезде убакыт координацияланган дүйнөлүк убакыт боюнча орнотулат (UTC), ал убакыт Гринвич убакытынын ордуна киргизилген (GMT).

UTC шкаласы атом убактысынын бирдей калыпта орнотулган убакытка (TAI) жана таянат, жөнөкөй адамдарга колдонууга ылайыкташтырылган. Убакыт алкактары Жер шарынын оң (чыгышка карай) жана терс (батышка карай) деп нөлдүк меридианга карата түшүндүрүлөт. Жайкы убакытка которгон аймактарга UTCтин жайкы убакытка которулбайт.

Убакыттын чектөөнүн себептери[оңдоо | булагын оңдоо]

Азыркы убакыт алкагынын заманбап системасынын негизин дүйнөлүк убакытты координциалоо болуп эсептелинет. Андан баардык алкактардын убактысы түзүлгөн. Жердин узактыгынын ар бир градусуна (же мүнөтүнө) карай бөлбөө үчүн Жер бети 24 убакыт алкагына бөлүнгөн. Бир алкактан экинчи алкакка өтүүдө мүнөт жана секунда өзгөрүлбөйт, болгону сааттын мааниси өзгөрөт. Бүткүл дүйнөлдүк убакыттан сааттары гана айырмаланбастан, мүнөттүк көрсөткүчү да 30 же 45 мүнөткө өзгөргөн өлкөлөр бар.

Жайкы убакыт[оңдоо | булагын оңдоо]

Жайкы убакытка дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү колдонуп келет. Ага өтүүдө өздүк убакыттын дүйнөлүк убакытка карата өзгөрүлөт. Жана дагы жайкы убакытка өтүү жана кайра аны өзгөртүү баардык эле жерде бир убакытта жүрө бербейт. Эгерде түштүк жарым шарда жай болсо, түндүк жарым шарда кыш, жана тескерисинче болот.

Декреттик убакыт[оңдоо | булагын оңдоо]

Декреттик убакытСССРде 19301931-жылдары киргизилген убакытты «алкактык убакытка дагы бир саат» деген система боюнча эсептөө тартиби.

Ар кайсы өлкөлөрдөгү убакыт алкактары[оңдоо | булагын оңдоо]

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагында бир нече убакыт алкактары бар. Ал эми деңиздеги, океандагы ээликтери менен кошо кандайдыр бир өлкөлөр да бир нече убакыт алкактарына кирет:

Көпчүлүк өлкөлөр (Улуу Британия жана Франция дагы, деңиздеги ээликтеин кошпогондо) бир эле аралыкта жайгашкан. Кээ бир мамлекеттер узун жана чоң болгону менен, бир гана убакыт алкагын колдонушат. Мисалы Кытай беш географиялык алкакта жайгашканы менен, бирдиктүү Кытай убактысы менен.

Кээ бир өлкөлөрдүн аймагындагы административдик-аймактык бирдиктер эки же андан көп убакыт алкактарын колдонушат. Мисалы, Орусиядагы Якутия жана Канададагы Нунавут аймагы үч убакыт алкагын колдонушат.

Бир нече убакыт алкагы бар өлкөлөрдүн тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Өлкө Убакыт алкактарынын

саны

Эң батыштык

убакыт алкагы

Эң чыгыштык

убакыт алкагы

Жайкы убакытка өтүү
Flag of Brazil.svg Бразилия 3 UTC−4 UTC−2 Көпчүлүк бөлүгүндө алынып алынган
Flag of the United Kingdom (3-5).svg Улуу Британия 8 UTC−8 UTC
Калып:Өлкө желеги/Гренландия 4, жайында 3 UTC-4 UTC Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Дания 5 UTC-4 UTC+1
Flag of the Democratic Republic of the Congo.svg Конго Демократиялык Республикасы 2 UTC+1 UTC+2 Эч качан болгон эмес
Индонезия 3 UTC+7 UTC+9 Эч качан болгон эмес
Flag of Spain.svg Испания 2 UTC UTC+1
Flag of Kazakhstan.svg Казакстан 2 UTC+5 UTC+6 Алынып салынган
Flag of Canada.svg Канада 6 UTC−8 UTC−3:30 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Flag of Kiribati.svg Кирибати 3 UTC+12 UTC+14 Эч качан болгон эмес
Flag of Mexico.svg Мексика 4 UTC−8 UTC−5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Flag of the Federated States of Micronesia.svg Микронезия Федеративдик Штаттары 2 UTC+10 UTC+11 Эч качан болгон эмес
Flag of Mongolia.svg Монголия 2 UTC+7 UTC+8 Колдонулат
Flag of the Netherlands.svg Нидерланддар 2 UTC-4 UTC+1
Flag of New Zealand.svg Жаңы Зеландия 2 UTC+12 UTC+12:45 Колдонулат
Flag of Portugal.svg Португалия 2 UTC-1 UTC
Flag of Russia.svg Орусия 11 UTC+2 UTC+12 Алынып салынган
Flag of the United States.svg АКШ 6 UTC-10 UTC-5 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Flag of Ukraine.svg Украина 2, жайында 1 UTC+2 UTC+3 Көпчүлүк бөлүгүндө колдонулат
Flag of France.svg Франция 12 UTC-10 UTC+12
Flag of Chile.svg Чили 2 UTC-5 UTC-3 Алынып салынган
Flag of Ecuador.svg Эквадор 2 UTC-6 UTC-5

Убакыт алкагынын тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

Порт-Морсби) (Kilo)

Кашаанын ичинде убакыт зоналарынын аббревиациясы көрсөтүлгөн