Виргин аралдары

Википедия дан
Виргин аралдары.
Виргин аралдары.

Виргин аралдары, Вёржин (англисче Virgin Islands) – Кариб деңизинин Кичи Антил аралдарынын ичиндеги архипелаг. 100дөн ашык майда аралдардан туруп, Британдык, Америкалык жана Испандык Виргин аралдарына бөлүнөт. Атлантика океаны жана Кариб деңизи менен курчалып жатат. Жалпы аянты 0,5 миң км2ден ашык. Мезозой-кайнозой заманынын акиташтегинен түзүлгөн. Ири аралдарында (Сент-Томас, Тортола ж. б.) байыркы кристаллдык жана жанартоо массивдери кездешет. Бийиктиги 527 мге чейин (Тортола аралдарындагы Род-Таун чокусу). Климаты тропиктик, пассаттык, ысык (айлык орточо температурасы 24°-26°С), дайыма нымдуу (жылдык жаан-чачыны 1000-1500 мм); тез-тез ураган (катуу шамал) болуп турат. Тортола аралдарында гана агын суу бар. Ферралит топурагы басымдуу. Дайыма жашыл нымдуу токоюнун 2/3 бөлүгү а. ч. жерлерине айландырылган. Виргин аралдары 1493-ж. X. Колумб тарабынан ачылган.

Америкалык Виргин аралдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

АКШнын инкорпорацияланбаган (курамына кирбеген) аймагы. 68 аралды камтыйт (анын ичинен 65и майда ээн арал). Жалпы аянты 352 км2. Калкы 112,3 миң (2006). Ири аралдары: Санта-Крус (Сент-Круа; аянты 212 км2; калкы 54,7 миң), Сент-Томас (80 км2; 52,9 миң), Сент-Жон (49 км2; 4,7 миң). Административдик борбору Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралдарында; калкы 10,4 миң). Расмий тили англис тили. Акча бирдиги АКШ доллары. Ички дүң продукциясы 2,5 млрд долларды (АКШ; киши башына бөлүштүргөндө 17,2 миң; 2002) түзөт. ИДПде тейлөө чөйрөсү 80%ти түзүп, эмгекке жарамдуу калктын 80% ушул чөйрөдө, 19% өнөр-жай менен курулушта, 1% омпозиторлор ч-нда эмгектенет. Экономикасынын негизин чет өлкөлүк туризм түзөт (ИДПнин 70%). Жыл сайын 2 млнго жакын турист келет (негизинен АКШдан). Офшордук кызмат көрсөткөн банк-финансы сектору тез температура менен өнүгүүдө. Өнөр жай ишканалары негизинен Санта-Крус аралдарында топтолгон. Нефть ажыратуучу жана глинозём ири заводдору, электрондук приборлор, пластмасса, медикаменттер, кыл торко кийимдер, импорт компоненттерден саат жасоочу өнөр-жайлары иштейт. Кустардык кол-өнөрчүлүгү (жыгачтан буюм жасоо) өнүккөн. Азык-түлүк негизинен сырттан алынат. Аймагынын 12%ин айдоо аянты, 3%ин көп жылдык өсүмдүктөр ээлейт. Ак жүгөрү, балкамыш, жашылча жана жемиштер өстүрүлөт. Санта-Крус аралдарында мал асыралат. Автомобиль жолунун узундугу 1,26 миң км. Ири порттору Кристианстед, Фредерикстед (Санта-Крус аралдарында), Шарлотта-Амалия (Сент-Томас аралдарында), Крус-Бей (Сент-Жон аралдарында). Паром аркылуу Британиялык Виргин аралдары менен байланышат. Эки эл аралык аэропорту бар. Сырткы соодасын АКШ жана Пуэрто-Рико менен жүргүзөт. Сыртка негизинен нефть продукциясын чыгарат. Сырттан чийки нефть, азык-түлүк, күндөлүк керектелүүчү товарларды жана курулуш материалдарын алат.

Британиялык Виргин аралдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Род-Таун.

Улуу Британиянын океан мейкиндигиндеги алыскы аймагы. Жалпы аянты 153,4 км2 болгон 40 аралды камтыйт (анын ичинде 20га жакыны ээн арал). Калкы 22 миң (2006; 80% иммигранттар). Ири аралдары: Тортола (аянты 59,2 км2; калкы 18 миң), Анегада (38,6 км2), Вержин-Горда (21,2 км2). Административдик борбору Род-Таун (Тортола аралдарында; калкы 8,6 миң). Расмий тили англис тили. Акча бирдиги АКШ доллары. Ички дүң продукциясынын көлөмү 12,5 млрд долларды түзөт (киши башына бөлүшгүргөндө 38,5 миң доллар). Экономикасынын негизин тейлөө чөйрөсү (ИДПнин 90%; калктын 90% иштейт), ошондой эле туризм, финансы кызматы түзөт. Жыл сайын 500 миңге жакын турист келет (негизинен АКШдан). 1980-жылдын орто ченинен дүйнөлүк масштабдагы офшор борборуна айланган; негизинен офшордук фирмаларды каттоо менен алектенет. 350 миңге жакын коммерциялык, 400гө жакын камсыздандыруу компаниялары, 2,6 миңден ашык пай фонддору бар (2002). Туз, кум жана шагыл казылып алынат. Ром өндүрүшү, курулуш материалдар, кийим-кечек, сейилдөөчү кемелерди куруу ишканалары иштейт. Топурагынын күрсүздүгүнөн омпозиторлор ч. жакшы өнүккөн эмес; азык-түлүккө болгон муктаждыктын 9/10 бөлүгүн гана камсыз кылат. Үй куштары, бодо мал асыралат. Жашылча-жемиш, балкамыш, банан, кокос жаңгагы өстүрүлөт. Балык кармалат (жылына миң т). Автомобиль жолунун узундугу 177 км (2002). Аралдар ортосунда жана АКШнын Виргин Аралдары менен паром аркылуу байланышы бар. Биф-Айленд аралдарында (Тортола аралы менен көпүрө аркылуу байланышат) эл аралык аэропорту бар. Импортко караганда экспорт басымдуу. Негизги соода шериктери Пуэрто-Рико, АКШнын Виргин аралдары, АКШ.

Испаниялык Виргин аралдары.[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1898-жылдагы испандык-америкалык согушка чейин Испаниянын ээлиги болгондуктан ушундай аталат. Испаниялык Виргин аралдарына Пуэрто-Риконун чыгышы, Америкалык Виргин аралдарынын батышындагы Виргин кысыгында жайгашкан аралдар кирет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]