Аделаида

Википедия дан
Аделаида.
Аделаида.

Аделаида - Австралиянын түштүк бөлүгүндө жайгашкан порт шаар; Түштүк Австралия штатынын административдик борбору. Калкы 1,1 млн (2002). Торренс дарыясынын боюнда, Сент-Винсент булуңунун жээгинде, Маунт-Лофти кыркатоосунун этегинде жайгашкан. Машина куруунун жана шарап жасоонун ири борбору. Нефть ажыратуу, химия, тамак-аш, жеңил өнөр жайы, университет, обсерватория, 3 музей, анын ичинде сүрөт галереясы бар. 1836-ж. негизделип, англиялык король Уильям IV нүн аялы королева Аделаиданын урматына аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1