Гвадалахара

Википедия дан

Гвадалахара, Гуадалахара Мексиканын батышындагы шаар. Мексика тайпак тоосунун түштүк-батышында, 1567 м бийиктикте жайгашкан. Халиско штатынын административдик борбору. Калкы 1,6 млн (2006); калкынын саны боюнча Мехикодон кийинки 2-шаар. Тогуз жолдун тоому. Метрополитен. Саламанкадан нефть жана нефть продукциясы, Сьюдад-Пемекстен газ куурлары келет. Өлкөнүн соода-өнөр жай, илимий, маданий борбору. Эл-аралык аэропорту бар. Машина куруу (радиоэлектроника өнүккөн), металл иштетүү, тамак-аш-татымал, булгаары-бут кийим, текстиль, химиялык өнөр жай ишканалары жана «Honda» компаниясынын автозаводу (жылына 27 миң даана) иштейт. Унмверситеттер, калк китепканалары, заманбап искусство галереялары, музей, Х. К. Оросконун музей-өнөрканасы, планетарий, зоопарк бар. 1531-ж. негизделген. Чиркөөлөр, 16-18-кылымдын коомдук курулмалары (андан ичкери Сан-Франциско Сан-Франсиско, 16-17-к.; Санта-Моника чиркөөлөрү, 1720-33) сакталган. Епископ Каваньястын госпиталынын имараты Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарга жакын ГЭС бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]