Дублин

Отурукташкан жай
Дублин
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Ирландия
Координаттар 53°20′33″ с. ш. 6°15′57″ в. д.HGЯO
Башчысы Жерри Брин
Тарыхы жана Географиясы
Негизделген күнү 841
Биринчи белгиленген 140
Аянты 114,99 км²
Борборунун бийиктиги 1690 м
Климатынын түрү мээлүүн деңиз климаты
Убакыт аралыгы UTC0, жайында UTC+1
Калкы
Калкы 1 045 769 адам (2006-жыл)
Жыштыгы 227 адам/км²
Агломерация 1 700 627
Улуттук курамы ирланддар (82,8 %),
англичандар (5 %),
башка улуттар (8 %)
Диний курамы католиктер (81,0 %)
атеистер (7,8 %),
мусулмандар (2 %)
Этнохороним дублиндик, дублиндиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +353 1
Почта индекси D1-18, 20, 22, 24, D6W
Расмий сайты http://www.dublincity.ie/  (ирл.)
Дублин (Ирландия)

ДублинИрландиянын борбор шаары. Ирландия аралынын чыгышында, Лиффи дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1 045 769 киши (2006). Өлкөнүн башкы порту. Эл аралык аэропорту бар.

Алгач 3-кылымдан эскерилет. 1922-ж. Эркин Ирландия мамлекетинин, 1949-жылдан Ирландия Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме), металл иштетүү, тамак-аш –татымал, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сепил-сарай (учурда Юстиция сарайы, 13-кылым), готика стилиндеги Крайст-чёрч (11–13-кылым) чиркөөсү жана Сент-Патрик (12–14-к.) собору, ратуша сакталган. Бир нече музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство, сүрөт жана башка), китепканалар, университет, Улуттук галерея, королдор музыкасы жана Ирландия королдор академиялары, театрлар (1948-жылдан театр фестивалдары өткөрүлөт) бар. Шаардан 48 км аралыкта Египет пирамидаларынан 700 жыл илгерки Ньюгрэж эң эски кабырстаны сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967-14-046-1