Будапешт

Wikipedia дан
Шаар
Будапешт
Budapest
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Венгрия
Координаттар 47°31′N 19°5′E / 47.517°N 19.083°E / 47.517; 19.083Координаттары: 47°31′N 19°5′E / 47.517°N 19.083°E / 47.517; 19.083
Мэр Иштван Тарлош
Мурунку аталышы Буда, Пешт жана Обуда
Шаар статусу 1873
Аймагы 525,14 км²
Борборунун бийиктиги 102 м
Калкы 1 744 665 адам (2014)
Жыштыгы 3305,23 адам/км²
Улуттук курамы венгрлер — 91,2 %

немистер — 1 %
цыгандыр — 0,8 %
словактар — 0,3 %
башкалар — 6,7 %

Этнохороним будапешттик, будапешттиктер
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Телефон коду +36 1
Почта индекстери 1011-1239
Расмий сайты http://www.budapest.hu/
Будапешт (Жер)
Locator Dot2.gif

Будапешт – Венгрия Республиканын борбору. Пешт медьесинин администрациялык борбору. Дунай дарыянын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Өзүнчө администрациялык-аймактык бирдик. Калкы 1,7 млн (2012). Ири жолдор тоому. 1148-жылдан белгилүү болуп, ал тарыхый 3 бөлүктөн (Пешт, Буда, Обуда) турат. 1872-ж. алар Будапешт болуп бир шаарга бириктирилген. 1241-ж. Буда, Обуда, Пешт моңгол баскынчылары тарабынан талкаланган. 1242-жылдан Буда венгр королдорунун туруктуу резиденциясы, 1350-жылдан Венгр королдугунун борбору. Буда, Обуда жана Пешт 1541–1686-ж. Осмон империясынын, 18-кылымдын башында Габсбургдардын бийлиги астында болгон. 1867-жылдан Венгрия королдугунун, 1918-ж. көз каранды эмес Венгр мамлекетинин борборуна айланган. 1944-ж. мартта немец аскерлери тарабынан оккупацияланып, 1945-ж. февралда советтик аскерлер бошоткон. 1918-жылдан Венгрия Республикасынын борбору. Өлкөнүн башкы саясий, илимий, экономикалык жана маданий борбору. Эл аралык аэропорту бар. Будапештте Венгриянын өнөр жайынын 30%и жайгашкан. Машина куруу (прибор, трактор кураштыруу, транспорттук, электр-техникалык), текстиль жана химиялык өнөр жайы өнүккөн. Тамак-аш, фармацевтика, резина, кийим тигүү, полиграфия ишканалары иштейт. Венгрия ИА, университет, Ф. Лист атындагы музыкалык академия, Улуттук галерея, Сүрөт искусство музейи, Улуттук искусство, этнографиялык жана тарых, Чыгыш-Азия музейлери, театрлар бар. Будапештин негизги бөлүгү тоолуу Буда (оң жээк) жана түзөңдүү Пештте (сол жээк) жайгашкан. Буда Будапештин тарыхый очогу, анда 13–19-кылымдын архитектура эстеликтери басымдуу келип, алар Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Шаарды бошоткон Советтик жоокерлерге Боштондук эстелиги тургузулган (1947). Пештте соңку жана азыркы курулмалар бар. Негизги өнөр жайлуу райондору Дунайга жанаша жайгашкан (Чепель, Уйиешт жана башка). Метрополитен иштейт.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]