Мадрид

Отурукташкан жай
Мадрид
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Испания
Координаттар 40°24′ с. ш. 3°41′ з. д.HGЯO
Алькальд Мануэла Кармен
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген X кылым
Аянты 607 км²
Борборунун бийиктиги 667 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 3 041 579 адам (2013)
Жыштыгы 8653,5 адам/км²
Улуттук курамы испандар
Этнохороним мариддик, мадриддиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +34 91
Почта индекстери 28001-28080
Расмий сайты http://www.munimadrid.es/  (исп.)

Мадрид (исп. Madrid [maˈðɾið]) – Испаниянын борбору. Автономия Кастилия тарыхый областынын жана Мадрид провинциясынын административдик борбору. Административдик жактан районго бөлүнөт Пиреней жарым аралынын борбордук бөлүгүндөгү Месета платосунда, деңиз деңгээлинен 650 м бийиктикте, Мансанарес дарыясынын өйүз-бүйүзүндө жайгашкан. Калкы 3,2 млн (2011; шаар айланасы жана шаар спутниктери менен Чоң Мадрид шаар агломерациясын түзөт; анда 6,4 млн). Өлкөнүн саясий, экономикалык, маданий борбору жана ири шаары. Ири жолдор тоому. Барахас эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Шаар маврлардын Мажирит чебинин (сакталбай калган; алгач 932-жылдан эскерилет) айланасында калыптанган. Чеп 1083-жылы арабдардан бошотулган. 1118-жылы чепке шаар укугу берилген. 14–15-кылымда Мадрид Кастиль королдорунун резиденциясы жана кортестердин (парламент) отурумдары өтүүчү жай болгон. 1561-жылдан шаар статусуна ээ. Ошол жылы Филипп II тарабынан Испаниянын борбору болуп жарыяланган. Мадридде өлкөдө өндүрүл­гөн өнөр жай продукциясынын 1/10 бөлүгү даярдалат. Автомобиль жана локомотив куруу, электр-техникалык, радиоаппаратура, жабдуулары, аскер, химиялык-фармацевтика, жеңил (тигүү, текстиль, бут-кийим), тамак-аш, кагаз, полиграфиялык, жыгаччылык, цемент ж. б. өнөр жай ишканалары иштейт. Кол өнөрчүлүк [сайма саюу, тор токуу, желпүүр даярдоо, урма музыкалык аспаптар (кастаньет), зер буюмдар] өнүккөн. 17-кылымдан тартып иретсиз салынган шаар курулуштары классика жана барокко стилинде болсо, кийинчерээк заманбап курулуштар менен алмашылды. Мадридде банктар, соода компанияларынын башкармалыктары, улуттук жана чет өлкөлүк АКтар, камсыздандыруу мекемелери, фонд биржасы жайгашкан. Шаарда 11 көпүрө курулган. Илимдер академиясы, университет (анын астында студенттер шаарчасы), бир нече жогорку окуу жайлар жана илимий коомдор, китепканалар (анын ичинде улуттук), Испания королдор академиясы, Королдук улуттук медициналык академия, астрономиялык обсерватория, королдор дарыканасы, театрлар, 100дөн ашык музей (анын ичинде Прадо музейинде Боттичелли, Рафаэль, Тициан, Рубенс, Рембрандт, Гой, Караважо ж. б. белгилүү сүрөтчүлөрдүн эмгектери коюлган) жана сүрөт галереялары бар. Епископ капелласы (16-кылым), Сан-Хинес (17-кылым), Сан-Исидро эль Реаль (17-кылым), Сан-Франциско эль Гранде (18-кылым) ж. б. чиркөөлөрү, Пласа Майор аянтында ансамбль (17-кылым) сакталган. Ботаникалык бак уюштурулган. Мадридде жылына 2 жолу коррида (букалар урушу) өткөрүлөт. Эл аралык туризм өнүккөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]