Мазмунга өтүү

Бухарест

Википедия — ачык энциклопедия
Отурукташкан жай
Бухарест
Желек Герб
Желек Герб
ӨлкөРумыния
Координаттар44°24′ с. ш. 26°05′ в. д.HGЯO
ПримарСорин Опреску
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген149
Аянты238 км²
Борборунун бийиктиги75 м
Убакыт аралыгыUTC+2, жайында UTC+3
Калкы
Калкы 1 883 425 адам (2011)
Жыштыгы7913,55 адам/км²
Улуттук курамырумындар, цыгандар, венгрлер, еврейлер, кытайлар
Этнохоронимбухаресттик, бухаресттиктер
Сандык идентификаторлор
Телефон коду(+40) x1
Почта индекси0xxxxx
Автоунаа кодуB
Сайтыhttp://www.pmb.ro/
 (рум.)  (англ.)

Бухарест (Букуре́шть, Букарест рум. București, Букуре́шть, [bukuˈreʃtʲ]) – Румыния Республикасынын борбор шаары. Төмөнкү Дунай ойдуңунун борбордук бөлүгүндөгү Дымбовица дарыясынын боюнда (45 км аралыкта) жайгашкан. Өз алдынча администрациялык бирдик. Экономикалык жана илимий-маданий борбор. Калкы 1,9млн (2006). Бухарест Дунайдын алабындагы өлкөлөрдү, Борбордук Европаны Кара деңиз, КМШ жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү менен байланыштыруучу Трансевропа жолунун кесилишиндеги ири жолдор (7 темир жана бир нече автомобиль жолдор) тоому. Отопени Эл аралык аэропорту бар. Башкы өнөр жай тармактары: машина куруу (транспорт жана айыл чарба машиналары, электро-техникалык, радиоэлектроника өнөр жай жабдыктары), химиялык (пластмасса, шина, лак-боёк, фармацевтика жана башка), текстиль, булгаары-бут кийим, тамак-аш, айнек, фарфор-фаянс, полиграфиялык, түстүү жана кара металлургия, жыгаччылык. Метрополитен, Румыния Илимдер академиясы, тармактык академиялар, университет жана башка ЖОЖдор, музей, театр, «Антенеум» (19-кылым; учурда филармония) бар. Азыркы аталышы менен 14-кылымдан белгилүү. Дымбовица дарыясынын сол жээгинде эски шаар, монастрь, чиркөөлөр (Михай-Водэ, Патриаршая, Крецулеску; 16–18-кылым), Республикасы ак сарай сакталган. «Скынтейя» үйү (1948–53), опера-балет театры, Чишмиджиу, Эркиндик, 23-август парктары жана эс алуу жайлары бар. Борбордук Трансильвания аймагынан куур аркылуу газ жана нефть алат. 1977-жылкы жер титирөөдөн жапа чеккен.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]