Мазмунга өтүү

Белград

Отурукташкан жай
кырг. Белград
Желек Герб
Желек Герб
Өлкө Сербия
Координаттар 44°49′ с. ш. 20°28′ в. д.HGЯO
Башчысы Драган Жилас
Тарыхы жана Географиясы
Биринчи белгиленген XV кылым б. з. ч.
Мурунку аталышы Сингидунум
Белиград
Аянты 359,92 км²
Борборунун бийиктиги 116,75 м
Убакыт аралыгы UTC+1, жайында UTC+2
Калкы
Калкы 1,233,796[1] адам (2011)
Жыштыгы 506 адам/км²
Агломерация 1,659,440
Этнохороним белграддык, белграддыктар
Сандык идентификаторлор
Телефон коду +381 11
Почта индекси 11000
Автоунаа коду BG
Расмий сайты [https://beograd.rs шилтеме]  (серб.)

Белград – 1 213 000 (2 млн. катталбаган адам саны менен.) тургуну бар Сербиянын эң чоң шаары жана борбору. 1403 жылы Сербиянын, 1918 -2003 жылдары Югославиянын, 2003-2006жж. Сербия жана Черногориянын борбору болду. Сербиянын ири экономикалык, өндүрүштүк, жана маданий борбору. Шаар Сербиянын борбордук бөлүгүндө дарыясынын Дунайга куйган жеринде орношкон. Белград шаар округунун аймагы 3227 км² -ди түзөт. Шаардан батышка карай Никола Тесла аэропорту жайгашкан. Шаар 1999 жылы Натолуктардын жардыруусунда катуу талкаланган.

Сава дарыясынын Дунайга куйган жери

Белград Сава жана Дунай дарыяларында жайгашкан. Сава Дунай дарыясына Белграддан куят. Шаар деңиз деңгээлинде 116,75 метр бийиктикте турат. Белграддын тарыхый борбор Саванын жээгинде жайгашкан.

XVI кылымдагы Белград.

Шаардын пайда болушу Сава жана Дунай дарыяларынын куюлушундагы Сингидунум конушунун негизин түптөгөн кельттер (скордиск уруусу) дооруна алып келет. Белград қарқынды өткен шағында 40 аскерди жеңип алып, 38 ирет кайрадан тургузган. Шаардын эски дубалы кельттер менен римдиктерди, готтор менен франктарды, славяндар менен түрктөрдү жолуктуруп турду.

Шаар сербче аталышы менен алгачкы ирет ІХ кылымда чыга баштады. Белградга ХІ-ХІІ кк. болгарлар ээлик кылышты. Шаарга Византия, андан кийин болгарлар, сербдер, венгерлер ээлик кылышты. 1427 жылдан бери Белград – 1456 жылы венгер аскер башчысы Янош Хуньяди Түрк султаны Мехмет ІІ отурукташкан шаарындагы аскерин талкалаган дубалы болгон венгерлердин чек аралык чеби. 1521 жылы Белградды түрктөр басып алышты. Австриялыктар менен түрктөрдүн ортосунда болгон согушта Белград австриялыктардын колуна үч ирет өттү. (16881690, 17171739, 17891791). 1806 жылы түрктөрдөн азаттык алган Белград серб княздыгынын (1882жылдан баштап – падышалыгынын) борбору болду.

18131830 жылдарда шаар 1867 жылга чейин шаар ортосунда тургузулган чебин бербей койгон түрктөрдүн башкаруусунда болду. Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Белград эки ирет австрия аскери менен басып алынган. (18 ноябрь — 2 декабрь 1914; 26 сентябрь 1915 — 18 октябрь 1918). 1918 жылдын 1 декабрында сербдер, хорваттар, словенецтер Падышалыгынын (1929 жылдан баштап - Югославиянын жана Белград областынын) борбору болду.

1941 жылдын 13 апрелинде Герман баскынчылары басып алып, 1944 жылы 20 октябрында кеңеш аскеринин жана Югославиянын элдик – боштондук аскеринин күчү менен азат бошотулган. 1945 жылдын ноябрь айында Белград ЮФЭР борбору деп жарыяланды (1963 жылдан баштап – Югославия Социалистик Федеративтик Республикасы).

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055-4
  1. http://pod2.stat.gov.rs/ObjavljenePublikacije/Popis2011/Starost%20i%20pol-Age%20and%20sex.pdf